Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Трамп: Орусия маселеси ойдон чыгарылган


Президент Трамп Хантингтон шаарында, 3-август 2017-жыл.
Президент Трамп Хантингтон шаарында, 3-август 2017-жыл.

Президент Дональд Трамп Орусия АКШнын былтыркы шайлоосунун жыйынтыгына таасирин тийгизди деген маалыматтарды ойдон чыгарылган деп атады. Орусия маселесин иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер сот арачыларынан турган "Чоң жюрини" ишке тартканы маалым болду.

Дональд Трамптын Батыш Виргиния штатынын тургундары менен 3-августтагы жолугушуусу шайлоо өнөктүгү учурундагыдай маанайда өттү. Хантингтон шаарындагы жыйында президент Трамп Орусиянын АКШ шайлоосундагы ролу боюнча иликтөөлөрдү сынга алды.

Ал 2016-жылдын ноябрындагы шайлоону Орусиянын жардамы жок эле жеңип чыкканын айтты. Ошондой эле Москва ага шайлоону жеңүүгө жардам берди деген маалыматтарды шайлоочуларды, өлкөнү жана Баш мыйзамды кемсинткендик деп мүнөздөдү:

- Орусия маселеси толугу менен ойдон чыгарылган. Бул - болгону Америка саясатынын тарыхындагы эң чоң жеңилүүнү актоонун амалы. Болгону ушул. Бул - аларга сүйлөшө турган башка эч нерсе калбай калганда өздөрүн жакшы сезүүгө жардам берет. Прокурорлор Хиллари Клинтондун өчүрүлүп кеткен 33 миң электрондук катын караганда жакшы болмок.

Хантингтон шаарындагы жыйынга катышкан тургундар
Хантингтон шаарындагы жыйынга катышкан тургундар

Дональд Трамп демократтардын талапкери Клинтонду жеңип, кызматка расмий киришкенден бери Орусия боюнча иликтөөлөр токтобой келет. Жыл башында АКШнын чалгын кызматтары орус тарап Трампты колдоо максатында хакердик чабуулдар аркылуу Хиллари Клинтондун беделин түшүрүү аракетин көргөн деген тыянагын жарыялашкан. Кремл мындай маалыматтарды башынан бери төгүнгө чыгарып келет.

Орусиянын шайлоодогу ролу жана Москва менен Трамп штабынын ыктымал байланышы боюнча АКШда беш иликтөө жүрүп жатат. Алардын төртөөнү саясатчылар, бирөөнү атайын прокурор Роберт Мюллер жетектейт.

"Уолл-стрит жорнэл" баштаган медиа каражаттары эми дал ушул прокурор "Чоң жюрини" иликтөө ишине тартканын кабарлап чыгышты. Сот арачыларынан турган орган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жашыруун угуп, кимди сотко чакырууну аныктайт. Иликтөө ишин кыйла тездете алат. Мындан тышкары "Чоң жюринин" бүтүмү менен кылмыш айыбын тагууга да жол ачылышы мүмкүн.

Атайын прокурор Роберт Мюллер
Атайын прокурор Роберт Мюллер

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин профессору Энтони Кларк Аренд "Чоң жюринин" иликтөөгө кошулушу олуттуу далилдер бар экенинен кабар берерин "Америка добушу" радиосу менен маегинде айтты.

Ак үй болсо иликтөөдөгү жаңы өнүгүүлөрдөн кооптонууга негиз жоктугун, себеби президент иликтөөгө алынбаганын билдирип жатат. Дональд Трамп да президенттин кызматына кедергисин тийгизген иликтөө тез арада корутундусун чыгарат деп үмүттөнүп турганын айтты:

- Акыркы тыянак чынчыл болот деп үмүттөнөм. Ноябрь айында бизди чоң жеңишке жеткирген миллиондогон адамдар жана жаркын келечекти каалаган бардык америкалыктар буга татыктуу.

Президент Дональд Трамп июль айындагы интервьюларынын биринде да Орусиянын АКШнын шайлоосундагы ыктымал ролун иликтеген расмий адамдарды кескин сынга алып, демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун беделине шек келтирген маалыматтарды табуу үчүн Орусиянын жардамына муктаж болбогонун айткан.

Дональд Трамп тун уулу менен
Дональд Трамп тун уулу менен

Жакында анын тун уулу Дональд, күйөө баласы Жаред Кушнер жана шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт былтыркы шайлоо өнөктүгү маалында орусиялык адвокат Наталия Весельницкая менен жолукканы ачыкка чыккан. Президенттин уулу бул кездешүүдөн шайлоодо колдонууга жарай турган эч нерсе чыкпаганын айткан.

"Рейтер" агенттиги иликтөөгө жаңы кошулган сот арачылары бул жолугушуу боюнча тиешелүү адамдарга сотко келүү тууралуу чакырууларды жөнөтө баштаганын кабарлады.

АКШ шайлоосундагы Кремлдин ыктымал ролу тууралуу маалыматтар Конгресстин жаңы санкцияларына да түрткү берди. Президент Трамп шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен алаканы жакшыртарын канчалык айтпасын, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык араздашууга жол ачкан жаңы санкция мыйзамын колдобой кое алган жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG