Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

АКШ Эрдогандын сакчыларын жазалайт


Вашингтондун полициясы издөө салган түркиялыктардын тизмеси жазылган плакат.
Вашингтондун полициясы издөө салган түркиялыктардын тизмеси жазылган плакат.

АКШда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын ондон ашуун сакчысына айып коюлуп, камоого ордер чыгарылды. Мындай аракет түрк президентинин Вашингтондогу сапары учурунда Түркиянын ал жердеги элчилигинин сыртында болгон мушташка байланыштуу көрүлүп жатат. Демонстранттар менен сакчыларынын мушташына Эрдоган өзү да күбө болуп, байкоо салып турган эле.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын жансакчыларынын тобу быйыл 16-майда Вашингтондогу түрк элчилигинин сыртына расмий Анкаранын азыркы саясатына нааразылык билдирип чыккан демонстранттар менен чакалайдын чак түшүндө мушташкан. Ал жерге чогулган демонстранттардын көпчүлүгү түркиялыктар болгон. Мушташ Эрдоган элчиликке келгенде анын саясатын айыптап, кыйкыра баштаган учурда тутанган.

Түрк президентинин дарегине багышталып, “бала өлтүргүч Эрдоган!” деген да сөздөр айтылган болчу. Мына ушул учурда президенттин демонстранттар тарапка чуркап барган эңгезердей сакчылары алардын колго тийгендерин ур-токмокко алып, тепкилеп кубалоого аракеттенишкен.

Эрдогандын сакчысы демонстрантты тепкилеп жаткан учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.
Эрдогандын сакчысы демонстрантты тепкилеп жаткан учур. Вашингтон, 16-май, 2017-жыл.

Демонстранттар менен түрк сакчыларынын ортосуна америкалык полиция кызматкерлери арачыга түшкөн эле.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдөгү ошол күнкү жолугушуусунан кийин элчиликке кайтып келген Эрдоган окуя учурунда тартылып калган видео тасмага караганда, сакчыларынын демонстранттар менен мушташына адегенде айнеги караңгыланган унаасынын ичинен, кийин имаратка кирип бара жатканда байкоо салып, күбө болгон.

Эрдоган күбө болгон мушташ
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Мушташтан кеминде тогуз демонстрант жараат алганы кийин аныкталган. Эрдогандын сакчыларынын демонстранттарга каршы соккусун АКШ конгрессинин мүчөлөрү, шаар бийликтери ошондо эле кескин айыпташкан.

АКШ бийлигинин аракеттери тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт:

- Түркиянын 12 коопсуздук өкүлүнө тагылган айып Кошмо Штаттар сөз эркиндигин муунтуу үчүн жана мыйзамдуу саясий укугун билдиргендерге каршы коркутууну, кыянатчылыкты пайдалангандар менен келише албай турганын көргөзөт. Мамлекеттик департамент бул иш боюнча укук коргоо органдары жана башка юридикалык тараптар менен иштешүүнү улантат. Дагы кошумча чара көрүү зарылдыгы бар-жогу жыйынтык чыккандан кийин аныкталат. Биздин аракетибиз айыпка пропорционалдуу болот. Максатыбыз - кыянатчылыкка күнөөлүүлөр жоопко тартылышы үчүн укук коргоо органдары менен иштешүү.

Түркиянын Вашингтондогу элчилиги болсо мушташ үчүн демонстранттарды айыптап, аларды Күрт жумушчу партиясына же ПККга байланыштырган. ПККны Түркия менен катар АКШ да террордук уюм деп санайт.

Президент Эрдоган 15-июнда Анкарадан АКШда анын сакчыларына айып коюлуп, камоого буйрук чыкканы тууралуу кабарды комментарийлегенде буларды айткан:

- Алар демонстранттарга каршы эч нерсе жасашкан жок. Мындан сырткары биздин бул ишке аралашкан эки бир тууганыбызды кармашыптыр. Ушундай да болобу? Экинчи жагынан алар менен 12 сакчымды камоого ордер чыгарышыптыр. Бул эмне деген мыйзам, эмне деген укуктук система? Албетте биз буга укуктук да, саясий жактан да каршылык көргөзөбүз.

Түрк элчилигиндеги мушташка байланыштуу АКШда теги түрк эки адам кармалганын Вашингтондун полициясы 13-июнда жарыялаган. Алар укук бузду жана оор кылмышка барды деп айыпталышууда. Эрдогандын америкалык полиция айып койгон сакчылары АКШга барса камалышы мүмкүн.

Вашингтондун полициясы “ырайымсыз кол салуу” катары мүнөздөгөн окуя боюнча АКШ да, Түркия да элчилерди чакыртып, бири экинчисине буга чейин бир сыйрадан расмий нааразылык да билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG