Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Анкара АКШнын күрт күчтөрүн колдоосуна каршы


Сириядагы күрт кошуундарынын жоокерлери.
Сириядагы күрт кошуундарынын жоокерлери.

Кошмо Штаттардын Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы согушуп жаткан күрт кошуундарын курал менен камсыз кылуу чечими Анкара үчүн кабыл алынгыс. Бул тууралуу 10-майда Түркиянын расмий адамдары билдиришти.

10-майда Анкарада өткөн маалымат жыйынында Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Түркия күрт кошуундарына берилген "түз жана кыйыр" жардамды кабыл ала албастыгын жана Вашингтон Анкара үчүн сезимтал маселелерди эсине алышы керектигин айтты:

- Бир террордук уюмду башка террордук уюм менен жоготуу мүмкүн эмес. Антпесе террордук уюм кайра өзүнө көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал. Кошмо Штаттар бул тууралуу жакшы билет. Күрт жумушчу партиясы АКШ тарабынан террордук уюм катары таанылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган күрт күчтөрүнө курал берүү боюнча АКШнын чечимин ката деп атап, тез арада өзгөртүлөрүнө үмүттөнөрүн билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Бир күн мурда Пентагонго АКШ президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" террордук тобун алардын чордону деп эсептелген Ракка шаарынан тазалоо үчүн Элдик коргонуу кошуундарын (YPG) курал менен камсыз кылууга тапшырма берген. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер 9-майда билдирди:

- Кечээ президент Дональд Трамп Коргоо министрлигине Сирия демократиялык күчтөрдүн курамындагы күрт кошуундарын курал менен камсыздоо тапшырмасын берген. Ага ылайык, Сириядагы Ракка шаарын "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлеринен тазалоого жетиштүү курал берилиши керек. Сирия демократиялык күчтөрү АКШнын жана коалициянын абадан көрсөткөн көмөгү менен Ракканы жакынкы аралыкта экстремисттерден бошото ала турган жердеги жалгыз күч.

АКШ Сириядагы Күрттөрдүн элдик коргонуу кошуунун - YPG уюмун Сириядагы террористтерге каршы күрөшүүдө башкы өнөктөш катары санайт. Ал эми Анкара аны Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар террордук уюм деп эсептейт. 10-майда жасаган билдирүүсүндө Сириядагы күрт кошуундары Вашингтондун чечимин тарыхый деп баалап, бул топко ишеним көрсөтүлгөндүн белгиси экенин билдиришти.

Сириядагы күрт күчтөрү.
Сириядагы күрт күчтөрү.

Буга чейин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Анкарага келгенде "Ислам мамлекети" тобун Сирияда жеңүү үчүн "оор" чечимдерди кабыл алышы керектигине да токтолгон. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Черногорияга жасаган сапары маалында бул маселени Түркиянын президенти Эрдоган Вашингтонго барганда да көтөрөрүн кошумчалады. Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер Вашингтон Анкаранын тынчсыздануусун түшүнөрүн кошумчалады:

- Биз коалиция боюнча өнөктөшүбүз Түркиянын коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусун түшүнөбүз. Биз Вашингтон Түркиянын калкын жана өкмөтүн кошумча коркунучтарды алдын алып, НАТО боюнча союздаштарын коргоого даяр экенине ишендиребиз.

Курамына күрт жана араб жоочулары кирген "Сириянын демократиялык күчтөрү" альянсына буга чейин деле АКШ аба күчтөрү абадан көмөк көрсөтүп келген. Ушул тапта кошуун Ракка шаарынан 50 чакырым алыстыктагы Табка шаарында "Ислам мамлекети" радикал уюмуна каршы согушуп жатканы маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG