Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Одесса трагедиясынын өчпөс тагы


Украина Одессадагы окуянын эки жылдыгын эскерүүдө. 2014-жылы 2-майда Кесиптик кошуундар үйүндөгү кагылышуудан 48 киши өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон эле. Бул окуя азыркы кезге чейин Украинада араздашуунун булагы болуп келатат.

Украинадагы ыңкылаптан кийин Чыгыш Украинада, анын ичинде Одесса шаарында абал начарлап кеткени белгилүү. Анда бир жагынан ыңкылапчыл күчтөр кырдаалды көзөмөлгө алууга аракеттенсе, экинчи жагынан Орусияга тарткан жикчил күчтөр Донбасс жана Лугансктагыдай абал түзүүгө аракеттенишкен.

Эки тараптын мына ушундай карама-каршылыгы 2014-жылы Одессада Куликов аянтында кагылышууларга алып келген. Ал кесиптик кошуундар үйүндө уланып, имаратта чыккан өрттөн жана кагылышууларда 48 киши набыт болгон, 200дөй киши жараат алган. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү - 42 киши орусиячылар болгон. Алар кесиптик кошуундар үйүндөгү өлүмгө ыңкылапчыларды, Оң секторду айыптап келатат.

Быйылкы жылы Одессада ал окуяны эскерүүдө коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлүп, үч миңдей полиция кызматкери тартылды.

Эскерүү иш-чарасынан бир көрүнүш
Эскерүү иш-чарасынан бир көрүнүш

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили кошумча коопсуздук күчтөрүн президент анын талабы менен киргизгенин билдирди:

- Мен президентке "Улуттук гвардия жана полициянын кошумча күчтөрүн киргизиңиз" деп кайрылдым. Анткени ал мамлекет башчысы, башкы командачы катары чечим кабыл ала алат. Натыйжада президенттин чечими менен Улуттук гвардия жана полициянын кошумча бир миңдей кызматкери киргизилди. Жалпысынан үч миңдей гвардиячы жана полиция трагедия болгон күнү тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.

Эскерүү зыйнаты өтө турган Куликов талаасы 2-майда курчоого алынды. Дүйшөмбү күнү эртең менен ал жерге мина коюлганын белгисиз бирөө полицияга кабарлаган. Тартип коргоо органдары аянтты курчоого алып, тинтүү жүргүзүп, үч граната тапкан. Каршылашкан тараптардын кагылышуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан Куликовго жол ачылган эмес

Куликов талаасына өтө албай калган адамдар полицияга, бийликке нааразылык билдирип кыйкырышты.

Украин полициясынын маалымат катчысы Андрей Костюк Одессада кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди:

- Кырдаал көзөмөлдө. Абалды курчута турган кээ бир очоктор бар. Бирок агрессивдүү болгон жана чагым жасаган адамдар кармалып, полицияга жеткирилүүдө. Бир нече адамдар кармалган. Алардан газы бар баллончолор, жардыргыч затка окшогон нерселер алынган. Кармалгандар дароо полицияга жеткирилип, териштирилүүдө.

Эскерүү иш-чарасынан бир көрүнүш
Эскерүү иш-чарасынан бир көрүнүш

Эскерүү зыйнатына катышуу үчүн Киевден “Оппозициялык блоктун” үч депутаты Одессага учуп келген. Бирок патриоттук күчтөр депутаттарды аба майданынан чыгара койбой камалаган. Натыйжада депутаттар Киевге кайра учуп кетүүгө аргасыз болду.

Көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жапа чегүүсүнө алып келген Одесса окуясын тергөө, күнөөлүүлөрдү табуу жана жазалоодо алдыга жылыш аздыгы сынга алынып келатат. Европа Биримдиги да украин бийлигине Одесса трагедиясы үчүн күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо талабын койгон.

Одесса, 2-май, 2014-жыл
Одесса, 2-май, 2014-жыл

“Азаттыктын” украин кызматынын кабарлоосуна караганда, Одесса полициясы кандуу окуяны тергөө багытында акыркы кезде жылыштар болуп жатканын кабарлаган. Башкы прокуратура тергөөнү быйыл январь айында Одесса полициясынын тергөө башкармалыгына бергенден кийин тергөө амалдары активдүүрөөк жүргүзүлө баштаганы айтылууда.

Жергиликтүү активист Сергей Дибров 2015-жыл ичинде эч кандай тергөө иштери жүргүзүлгөн жок деп айыптайт. Алар ошондой эле эки жылдын ичинде далилдер жоголгонун айтышууда.

Конфликтолог Инна Терешенко саясий чайкоочулукка байланыштуу Одесса окуясы ушул кезге чейин араздашуунун булагы болуп, эки тарапты жараштыруу жараяны кечигүүдө дейт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG