Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити маалында түрк өлкөлөрүнүн мындан аркы ар кыл карым-катнаштарын чыңдоого багытталган арбын сунуштар жана ойлор айтылды. Ошолордун бири – Орусиядан тышкаркы унаа жолу жана орток латын алфавити жаатында болду. Тарыхчынын блогу.
Бишкек саммитинде шериктик сунуштар мол айтылды
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) XI саммити 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында президенттик жаңы кеңседе өткөрүлдү. Бул башкы жыйындын отурумуна Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылды.
Бишкек саммитине Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Жумуриятынын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан, Түндүк Кипр Түрк Жумуриятынын президенти Эрсин Татар, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиев жана ТМУнун Башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев мырзалар жана башка расмий өкүлдөр катышты.
Саммит маалында эгемен түрк өлкөлөрүнүн экономикалык, соодалык, унаалык, маданий, илимий, санариптик жана башка тармактарда ич ара ынтымагын чыңдоого, шериктештигин андан ары бекемдөөгө байланыштуу олуттуу сунуштар айтылып жатты.
Түрк өлкөлөрүнүн заманбап Жибек жолу
Байыртадан эле түрк элдери баайырлаган мамлекеттер Евразияда кургактык аркылуу өтчү Улуу Жибек жолунун таманында жайгашып, цивилизациялык ар кыл очоктордун өз ара карым-катнашын камсыздаган ири чөлкөмдөрдү көзөмөлдөшкөн.
XXI кылымдын башында Евразиядагы кургактыктагы унаа байланыштарын чыңдоо жаатында Кытай жана башка өлкөлөр ар кыл эл аралык долбоорлорду сунуштап чыгышты.
Евразиядагы дал ушул заманбап унаа байланыш долбоорлору кайрадан эле түрк мамлекеттеринин да кызматташтыгын камтууга тийиш.
Асыресе, Кытайдан Батыш Европага карай кургактык аркылуу кетчү, бирок дээрлик монополист катары ролду ойногусу келген Орусияны таптакыр айланып өтүүчү унаа (авто жана темир жол) каттамын өркүндөтүү мүдөөсү башка өлкөлөр менен түрк өлкөлөрүнүн унаа жаатындагы карым-катнашын андан ары чыңдоону талап кылууда.
Бишкек саммитинде дал ушул көйгөй өзгөчө талкууланды.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: "Түрк дүйнөсүнүн экономикасын мындан ары өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниси бар "Ортоңку өткөөл жолду (коридорду)" толук колдонууга чакырам. Андыктан бул каттам аркылуу туруктуу жүк ташууну өнүктүрүү үчүн келишим түзүү зарыл. Мүчө-мамлекеттер бул демилгени колдойт деп ишенем", – деп саммитте айтты.
Азербайжан менен Түркиянын мамлекет башчылары дагы бул ойду колдоого алышты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун: “...бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү максатында электрондук сооданы жөнгө салууга, транспорттук жана логистикалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, санариптик стандарттар менен сертификаттарды таанууга кызыкдарбыз,” – деген сөздөрү дагы ортоңку өткөөл жолду чыңдоонун санариптик инфратүзүмүн калыптандыруу милдетин жүзөгө ашырууга өзгөчө огожо болчу арганы чагылдырат, десек болот.
Түрк өлкөлөрүнүн орток жазма маданияты
Бишкек саммити маалында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орток түрк латын жазмасы маселесин өзгөчө козгоду.
Эрдоган мырза Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр орток алфавитке өтүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстанды, Казакстанды, Өзбекстанды жана Түркмөнстанды да ушундай чечим кабыл алууга чакырды.
Албетте, постсоветтик Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан латын алфавитин калыбына келтиришкен, бирок ар бир өлкө латын ариптерин өз алдынча аныктап алган. Бул жүрүм маалында бирдей эле тыбыштар өз ара айырмалуу тамгалар менен белгиленип калгандыктан улам, айрым чалкештиктер орун алууда.
Латын алфавитине өтүү ниетин билдирген Казакстанда дагы латын ариптеринин тизмесинин долбоорундагы айрым тамгалар түрк элдеринин буга чейинки латын алфавиттеринин тамгаларынан кыйла айырмалуу болуп калды.
Үстүбүздөгү жылы 9–11-сентябрда Азербайжандын ордосу Бакы шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун “Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясы” деп аталган комиссиясынын 3-отурумунда түрк өлкөлөрүнүн илимпоз адистери орток алфавит кабыл алуу чечимине келишкен.
Бул адистик комиссия 34 тамгадан турган орток түрк латын алфавитин сунуштады. (Анын айрым тамгалык сунуштарын кээ бир казакстандык илимпоздор сындап чыгышты).
Аталган комиссиянын орток чечиминин Бишкек саммитинде жактыруу үчүн сунуш кылынбагандыгынын өзү эле талаш-тартыштуу айрым жагдайлардын бар экендигине ишаара кылып турат.
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) дал ушул орток латын алфавити жаатындагы аракеттерин бул өлкөлөрдүн түндүк коңшусу болгон Орусия жактырбастыгы айдан ачык. Анын үстүнө расмий Кремл XXI кылымдын башында (2004-жылы) Орусия Федерациясынын мүчөсү болгон Татарстандын бийликтеринин татар тилиндеги жазманы латын алфавитине кайрадан өткөрүү боюнча расмий чечимин бир тараптуу жокко чыгарып салган.
Постсоветтик Кыргызстандын улам-улам Кремлге кылчактаган мамлекет башчылары кыргыз тилиндеги жазманы латын алфавитине кайрадан өткөрүү тууралуу кыргыз айдыңдарынын 1991-жылдан берки сунуштарын жуутпай келишти.
(“Кайрадан” дегенибиз – тээ 1928–1940-жылдары Кыргызстанда кыргыз тилиндеги жазма расмий түрдө латын алфавитинде жүргүзүлүп келген).
Ал эми орток түрк латын алфавитин кабыл алуу сунушу жүзөгө ашырылчу болсо, анда бул орток алфвит ТМУга мүчө өлкөлөрдөгү түрк тилдүү элдердин жазма маданият жаатындагы биримдигин андан ары бекемдеп, ич ара маданий, илимий, басма, медиа жана руханий ынтымагын андан ары чыңдоого өбөлгө түзөөрү бышык.
Бул 34 тамганын айрымдарын кайсы бир түрк элинин тилинде колдонбой коюулары деле ыктымал, бирок алфавиттеги орток калып (үлгү) бардык түрк өлкөлөрүндө бирдей кабыл алынса, анда бул жагдай интернеттеги, санариптик, басма жана башка тармактардагы бирдей турумду камсыздап, тектеш тилдерде сүйлөгөн калктардын өз ара түшүнүшүүсүнө жана дилинин орток болуусуна огожо болуп берет, деп санайбыз.
Өткөөл доордо Кыргызстан азыркы кирил жазмасын латын алфвити менен удаа колдонуусу деле ыктымал жана расмий Бишкек ушул кадамга создуктурбастан барса, жеке пикирибизде, абдан байсалдуу иш болмок. (Өзбекстан ушундай өткөөл доорду баштан кечирүүдө).
* * * * * * *
Айтор, быйылкы Бишкек саммитиндеги ынтымакка жана тыгыз кызматташтыкка чакырган сунуштар кагаз бетинде калбоого тийиш. Бул үчүн ар бир түрк мамлекети, анын ичинде ТМУнун 2025-жылдагы төрагасы боло турган Кыргыз Республикасы дагы натыйжалуу кадамдарды жүзөгө ашыруусу абзел.
Бул – эчак эле ордунан козголгон жана илгерилеп бара жаткан улуу көчтү элестетет. Маселен, Евразиядагы ортоңку өткөөл жолдун чөлкөмдүк чыйырларынын айрым бөлүктөрү (маселен, Кытайдан Казакстан аркылуу өтчү жолдор) эмитеден эле иштеп жатса, айрымдары (маселен, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу) жаңыдан курулууда.
P.S.
Бул саммитте Орусиянын эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун токтотуу жаатында атайын сөз кылынбагандыгы да байкалды (балким, кулуарда сөз болгон чыгаар).
Арийне, ТМУга мүчө болгон эч бир өлкө Украинанын аймактык бүтүндүгүнө каршы расмий турумду билдирген эмес. Ушунун өзү эле ТМУнун мүчө өлкөлөрү Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жактап жаткандыгын туюнтат.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине