Түркия 29-октябрда өзүнүн жумурияттык түзүлүшү жарыялангандыгынын 100 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул мамлекет айдыңдык мүнөзүн сактайбы, посткоммунисттик түрк тилдүү өлкөлөрү үчүн демократиялык жумурият катары өрнөк боло алабы? Тарыхчынын блогу.
Жумурияттын алдыңкы доору
Кичи Азияда тамыр жайып, Жакынкы Чыгышты, Түндүк Африканын айрым бөлүктөрүн жана Түштүк жана Борбордук Европанын бир катар аймактарын кайсы бир кылымдарда өзүнө каратып турган жеке бийликтик мамлекет – Осмон султандыгы (Devlet-i Âliyye-i Osmâniyye – “Осмон тукумунун дөөлөтү / ири мамлекети”) деле азыркы түркиялыктардын тарыхый мамлекети болгон.
Бирок алардын айырмаланып, XX кылымдын 20-жылдарынын башында калыптанган мамлекет – жумурият (республика) болуп саналат. Демек, анда мыйзам жүзүндө мурдагыдай укум-тукумга өз үй-бүлө мүчөлөрү бийлеп калган султандык жеке бийликтин ордуна элдик бийликтин шайланма өкүлчүлүгүнүн бийлиги – жумурияттык башкаруу системасы келген.
Адатта, мурдагы советтик саясий тарых илиминде кайсы бир өлкөдө жеке бийлик болсо эле “реакциячыл”, жумурият болсо эле “прогрессивдүү” деп дароо ак-кара боёк менен сыпатталчу.
Бирок адамзат тарыхынын коомдук тажрыйбасы мындай сыпаттаманы актаган жок.
Мисалы, азыркы тапта парламент тарабынан өзгөчө чектелген жеке бийлиги бар Жапония, Дания, Норвегия, Улуу Британия жана Швеция сыяктуу өлкөлөр демократиялык салттары, көп партиялуулугу, басма сөз жана сөз эркиндигинин камсыз кылынгандыгы, эркин базар мамилелери жана жарандарынын бакыбаттыгы менен айырмаланышат.
Өзүн “чыныгы элдик жумурият” санаган мурдагы сталиндик Советтер Биримдиги жана азыркы Түндүк Корея Элдик Демократиялык Республикасы болсо, маселен, атына заты шайкеш келбеген деспоттук өлкөлөр болуп саналат.
Мындай "элдик жумуриятта" бийликтеги жалгыз партиянын атына жамынган тиран жеке бийлигин жүргүзөт да, тоталитардык өлкөнүн калайыгы жапырт укуксуздуктун, кемсинтүүнүн жана ачарчылыктын зардабын тартып келишет.
1914-жылы дүрт жанган Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышында кайзердик Германияны жана Австро-Венгрияны колдоп чыккан Осмон султандыгы акыры жеңилүүгө дуушарланган. Бул ири мусулмандык мамлекеттин бир катар отордук аймактары анын карамагынан таптакыр чыгып калды. Бирок арап улутчулдарынын бирдиктүү Арап мамлекетин түзүү ойлору ишке ашпастан, Осмон мамлекетинен бошотулган арап аймактары 1916-жылдан кийин Улуу Британия менен Франция тарабынан отордук “мандаттык” аймактарга бөлүнүп алынган.
1918-жылы күзүндө Осмон султандыгынын борбору Стамбул шаары сырттан басып кирген Улуу Британия, Франция, Италия жана Грекия аскерлеринин көзөмөлүндө калды. Азыркы Измир шаары да грек аскерлеринин убактылуу карамагында болду.
Ушундай адилетсиз баскынчылыкка каршы чечкиндүү чыкпастан мажүрөөлүк кылган султан Мехмет Алтынчы (түркчө Altıncı Mehmet, Mehmet Vahideddin; 1861–1926; тактыдагы мезгили: 03.07.1918 – 01.11.1922) Түркиядагы элдин жапырт нааразылыгына кабылган.
Султандын макулдугу менен Стамбулга кирип келген Улуу Британиянын оторчуларынын аскерлери 1920-жылы 16-мартта Осмон султандыгынын Стамбулдагы парламентин күчтөп таркатып салган.
Эгеменчил парламент
Ошондо өз атажуртунун көз карандысыздыгын сактоо үчүн күрөштү 1919-жылдан бери жүргүзүп жаткан эгеменчил кыймылдын өкүлдөрү жана бул кыймылдын жетекчиси, колбашчы Мустафа Кемал пааша (кийин – Ататүрк; Mustafa Kemal Atatürk; 1880-81 – 1938) мырза 1920-жылы 23-апрелде Анкара шаарында жаңы парламентти негиздешти. Бул парламент “Түркиянын Улуттук улуу жыйыны” (Türkiye Büyük Millet Meclisi) деп аталып калды.
Ошол эле 23-апрелде бул жаңы парламенттин төрагасы болуп Мустафа Кемал пааша шайланды. 3-майда Мустафа Кемал жаңы өкмөттү да жетектеп калды.
Жаңы парламент Осмон султандыгынын мажүрөө бийлигин четке кагып, жумурият түзүү үчүн алгач өлкөнүн Башкы мыйзам долбоорун даярдоо ишин баштады.
Анкарадагы бийликтер Стамбулда отурган султан Мехмет Алтынчыны баскынчылардын колундагы “тактеке” деп жарыялап, “каапырлардын куурчагына айланган бул кишинин буйругу мыйзамсыз” деп чыгышты. Султан Мехмет Алтынчы болсо Мустафа Кемал паашаны “козголоңчу” деп жарыялады жана эгеменчил парламент менен өкмөттү жетектеген бул мамлекеттик ишмерди сыртынан эле өлүм жазасына өкүм кылды.
Антантанын “батасын” алган грекиялык аскерлер болсо 1920-жылдын июнунан тартып Измир шаарынан түндүк жана чыгыш багыттарда Анатолиянын ичкерки аймактарына карай жортуулдарын баштады.
Акыркы султан
Күн тартибине Осмон султандыгынын көз карандысыз мамлекет катары кийинки тагдыры маселеси коюлду.
1920-жылы 10-августта Франциянын Севр (Sèvres) шаарында Осмон султандыгынын өкүлү да кол койгон эл аралык “Севр келишимине” (“Sevr Antlaşması”) Антантага мүчө өлкөлөрдүн кысымы менен бул султандыктын кеңири аймактарын жиктөө жана Осмон мамлекетинин аскердик кубатын чектөө шарттары киргизилген.
Жакынкы Чыгыштагы жана башка чөлкөмдөрдөгү Антанта өлкөлөрү басып алган жана улуттук боштондук көтөрүлүштүн негизинде эркин болуп калган аймактардан баш тартуудан тышкары, Осмон султандыгы өзүндө 50 миң жоокерден турган куралдуу күчтөрдү гана кармоо милдеттенмесин алышы керек болчу.
Осмон мамлекетинин каржылык тармагын баскынчылар эл аралык көзөмөл аркылуу тейлеп калмак. Стамбул шаары жана анын чет жакасы, ошондой эле Кара деңизге кетчү кысыктар бүт осмондук аскерлердин көзөмөлүнөн эркин болуп калмак.
Мустафа Кемал жетектеген парламент болсо “Севр келишимин” таптакыр четке какты жана ага кол койгондорду “чыккынчы” деп жарыялады.
Султан Мехмет Алтынчынын аскерлери Мустафа Кемал пааша жетектеген парламенттик күчтөргө каршы жазалоо үчүн жөнөтүлүшүп, бирок алар чет-четинен жеңилип жана жумуриятчылар тарапка өз ыктыяры менен өтүп кете башташты.
1919–1922-жылдардагы салгылашууларда Анатолияга басып кирген грек аскерлери Мустафа Кемалдын аскерлерине толук жеңилүүгө дуушар болушту.
1922-жылы 1-ноябрда Түркиянын Улуттук улуу жыйыны тарабынан султандык жеке бийлик биротоло жок кылынды деп табылды. Султан Мехмет Алтынчы эми жөн гана “халиф” даражасын алып калды.
Бирок ал 1922-жылы 17-ноябрда британдык “Малайя” аскер кемеси менен Стамбулдан качып чыккан соң, эки күндөн кийин Түркиянын парламенти андан “мусулмандар халифи” даражасын да алып таштады.
Мурдагы султан Мехмет Алтынчы Вахидеддин өзүнүн беш аялын жана үч кызы менен уулун Стамбулга таштап, бозгун болуп керт башы гана качкандыгы айтылып келет. Ал Мекеге зыярат кылган соң, Италияга келип, 1926-жылы ушул өлкөдө Сан-Ремо жергесинде өлгөн жана сөөгү европалык Антанта ынтымагынын оторчуларынын карамагындагы Дамаск шаарында жерге берилген.
Мустафа Кемал жана Ленин
Батышта эч бир өлкө тааныбай жаткан Түркия жумуриятынын лидери Мустафа Кемал 1920-жылы 26-апрелде Советтик Орусиянын жетекчиси Владимир Ленинге кайрылып, каржылык жана аскердик көмөк сураган.
Ал кезде Советтик Орусиянын өзүн да дүйнө дээрлик тааныбай жаткан. Мурдагы падышалык Орусия башка шериктерине кошулуп Осмон султандыгын чөгөлөтүү далаалаттарына өз салымын кошкону да маалым.
В.И.Лениндин өкмөтү Мустафа Кемалга оң жооп берди. 2020-жылы 29-ноябрда Мустафа Кемал Маскөөгө телеграмма жолдоп, эки тараптуу дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү дароо ачууга өз макулдугун билдирди.
1922-жылдын 10-апрелинен 19-майына чейин Италиянын Генуя шаарында өткөн Генуя жыйынына Советтик Орусия (ал кезде Советтер Биримдиги түзүлө элек болчу) менен Түркия өз өкүлдөрүн жөнөтүшүп, эл аралык дипломатиялык деңгээлде таанылууга жетишкен.
1922-жылдын 18-сентябрына карата Түркия чет элдик баскынчылардан дээрлик толук бошотулган.
1923-жылдын 24-июлунда Лозанна тынчтык келишимине ылайык Түркиянын жаңы чек аралары эл аралык деңгээлде таанылган. Эң башкысы – Антанта ынтымагынын Түркиянын аймагын жиктеп бөлүп алуу далаалаттарына бөгөт коюлган.
Бул келишимге жетишилген сүйлөшүүлөрдө Түркиянын өкүлчүлүгүн Исмет Инөнү (болочокку экинчи президент) жетектеген.
Советтик элчилер түркиялык элчилерге ылым санап, алар эл аралык обочодо калтырган акыбалдан чогуу чыгуу үчүн өз ара кызматташып турушкан. Бул тактикалык кызматташтык эки тараптын тең кызыкчылыктарына төп болгон.
Эгемен жумурияттын расмий жарыяланышы жана кийинки жүрүмдөр
Түркия 1923-жылдын күзүнө карата Кичи Азиядагы жана Европанын түштүк-чыгыш бучкагындагы жаңы эгемен жумурият катары иш жүзүндө таанылып калган.
1923-жылдын 4-октябрында Антантанын Түркиядагы баскынчылыгы соңуна чыкты. Чет элдик баскынчылар бул күнү Стамбулдан толук чыгып кетишти.
Ал эми 1923-жылдын 29-октябрында Мустафа Кемалдын расмий бийлиги “Түркия жумурияты түзүлдү” деп Анкара шаарында расмий жарыялаган. Анкара шаары жаңы жумурияттын борбору болуп калды.
Бул күн азыркы Түркиянын расмий майрам күнү болуп саналат.
Түркиянын туңгуч президенти (жумхурбашканы) болуп калган Мустафа Кемал бир катар саясий, социалдык жана маданий реформаларды жүзөгө ашырды.
1924-жылы 3-мартта Түркиянын Улуттук Улуу Жыйыны тарабынан “халифат” биротоло жоюлуп, акыркы Осмон халифи Абдулмежит Экинчи Эфенди (Abdülmecid Efendi; 1868–1944) Түркиядан куулуп жиберилген. Ал жалпы Осмон султандыгынын тарыхында 2 гана жыл “халиф” болгон, бирок султан даражасына ээ болбогон жападан жалгыз төбөл болуп калды.
Ошентип, мурдагы саясий бийлиги саал чектелген жана өзүн “мусулмандардын халифи” катары санаган султандык жеке бийликтин ордуна өлкөдө айдыңдык (б.а. секулярдык, түркчө “layık”) парламенттик жумурият түптөлө баштады.
Ошол 1920-жылдары советтик марксисттер акырындап Түркия коммунисттик режимге айланат ко деп үмүт кылышкан (бул – дүйнөлүк коммунизм тууралуу алардын кыялына төп ой болчу), бирок Мустафа Кемал болшевиктердин режими менен мышык-чычкан оюнун жүргүзүп жатып, өлкөнүн эгемендигин, коопсуздугун жана сталинчил режимден алдак канча либерал болгон саясий система менен көп менчиктүү чарбалык системасын да сактап калууга жетишкен.
Орусиялык болшевиктердин жана Коминтерндин көмөгү менен 1920-жылы сентябрда Баку шаарында Түркия Коммунисттик партиясы (Türkiye Komünist Partisi) түзүлгөндө, ага атаандаш кылып Мустафа Кемал өзү көзөмөлдөй алган “Түрк Коммунист партиясы” (Türk Komünist Fırkası) уюмун түзгөн.
1921-жылы декабрда коммунисттердин “Түркия Элдик Жумушчу партиясы” (“Türkiye Halk İştirakiyyun Fırkası”) деген жаңы уюму түзүлүп, өз ишмердигин кыйла ачык жүргүзгөн. Бирок бул партияга да 1923-жылдын башындла тыюу салынган. 1925-жылдан тартып өлкөдө ар кандай оппозициячыл партияларга, анын ичинде марксисттик уюмдарга да тыюу салынган.
Ошону менен бирге Советтер Биримдигинде болшевиктерге каршы күрөшкөн жана кийин бозгунга кетүүгө аргасыз болгон көптөгөн түрк тилдүү жана башка көптөгөн айдыңдар Түркиядан баш паана табышкан.
Ал эми Советтер Биримдигиндеги түрк тилдүү калктар латын алфавитине өткөн кезде, Түркия бийлиги да улуттук жазманы арап алфавитинен латын алфавитине өткөрдү.
Жазуу системасындагы өзгөртүүлөр 1928-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган жана 1929-жылдын 1-январында күчүнө кирген “Түрк алфавитин өзгөртүү жана ишке киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылган.
(Кийинчерээк, 1939–41-жылдардын аралыгында, Сталиндин режими “пантүркчү идеялардан” чочулап, СССРдеги түрк калктарын кирил жазмасына өткөрүп салды. Ал эми советтик армяндар менен грузиндер өз улуттук жазмаларын сактаган бойдон калышты).
1934-жылдагы Улуу жыйын (Бүйүк межлис) кабыл алган тегаттар тууралуу мыйзамга ылайык, жумурияттын негиздөөчүсү Мустафа Кемалга “Ататүрк” деген ардактуу тегат ыйгарылды.
Түркиядагы аялдар парламентке шайлануу укугуна ээ болуп, 1935-жылдагы парламенттик шайлоодо 18 аял депутат болуп калды. Демек, бул өлкө болшевиктерсиз эле аялдардын тең укуктуулугуна мүмкүнчүлүк берген заманбап мусулман жумурияты болуп калды.
Инөнү доору
1938-жылы 10-ноябрда Ататүрк дүйнөдөн кайткан соң, анын оң колу болгон аскер башчы жана саясатчы Исмет Инөнү (İsmet İnönü; 1884–1973; президенттик бийликтеги мезгили: 11.11.1938 – 22.5.1950) мырза жумурияттын экинчи президенти болуп калды.
Түркия парламенти ага “Улут башчысы” (“Millî Şef”) деген ардак наам берген.
1939-жылы жумуриятка түштүк-чыгышта коңшу болгон өз алдынча Хатай жумуриятынын калкы референдум өткөрүшүп, бул аймакты Түркияга кошуу тууралуу чечим кабыл алышты.
Экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–1945) көпчүлүк мезгилинде Түркия өзүнүн бейтараптыгын сактап турду. Европадагы согуш аяктаарына үч ай гана калганда Анкара эл аралык антифашисттик ынтымакка расмий кошулган.
Мустафа Кемалдын доорунан, 1923-жылдан 1945-жылга чейин жумурият бир гана саясий партиянын – “Жумурият Элдик партиясынын” (“Cumhuriyet Halk Partisi”) башкаруусу астында болуп келди.
Инөнүнүн бийлигинин тушунда, 1945-жылы, оппозициялык “Улуттук Өнүгүү партиясы” (“Millî Kalkınma Partisi”) уюмуна ачык ишмердик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Бул либерал партия жарытылуу ийгилик жарата албаса да, коомдук-саясий турмушта жаңы нукту баштоого салым кошту.
Ошондон тартып жумуриятта көп партиялуу система биротоло калыптанды.
Ататүрктүн партиясы оппозицияда
Баарынан кызыгы, 2023-жылдын 28-майында экинчи айлампасы соңуна чыккан президенттик шайлоодо азыркы бийликтеги “Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын” (“Adalet ve Kalkınma Partisi”, АК партиясы) өкүлү, президент Режеп Тайып Эрдоган (Recep Tayyip Erdoğan) мырза Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген партиянын өкүлү, атаандашы Кемал Кылычдароглу (Kemal Kılıçdaroğlu) мырзадан саал гана озуп (52,18 % добуш менен) жеңип чыкты.
Түркия коому демократиялык шайлоо системасын баштан кечирип жаткандыгы ушундан да билинет. Төгөрөктүн төрт бурчунда канчалаган өлкөлөрдө бийликтеги партиялар жана алардын лидерлери “түшпөс хан” болуп келишет!
Ошентип, Түркиянын жумурияттык доорунун 100 жылдык мааракеси расмий белгиленип жаткан мезгилде Ататүрк негиздеген саясий партия оппозициялык партия катары аракет кылып жаткандыгы да бул өлкөнүн саясий тарыхынын бир өзгөчө көрүнүшү болуп саналат.
Ал эми бийликтеги АК партиясы, ислам динине кыйла маани берип жатканына карабастан, Түркиянын Ататүрк негиздеген айдыңдык (секулярдык) пайдубалын бошоңдото албастыгы да XXI кылымдын соңку жылдарынын окуяларынан улам айгинеленүүдө.
Аракеттеги оппозициячыл партиялар Эрдоганды авторитардык президенттик бийликти чыңдоого далаалат кылып жатат, эркин ой айткандарга жана эркин басма сөзгө кысым жасоодо, согушчан Владимир Путинге ылым саноодо деп ачык сындап келишет.
Ошол эле кезде Эрдоган алардын сынын четке кагууда. Маселен, Украина жаатында сөз сүйлөгөндө, ал “Кырым жарым аралы Украинага гана таандык” деген сөзүнөн жанбай келет. Түркиянын “Байрактары” Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аскердик ийгиликтерге жетишине жана 2022-жылы 24-февралдан кийин украин аскер күчтөрүнүн орусиялык баскынчылардын чабуулунун мизин майтаруусуна да олуттуу огожо болгондугу белгилүү.
Орток мерчем бар
Түркия, өлкөдө кайсы коалиция башкарбасын, постсоветтик түрк тилдүү мамлекеттер менен өз ара ынтымакты 1991-жылдын декабрынын соңунан тартып ырааттуу чыңдап келет. Расмий Анкара бул ынтымакты “Түрк Мамлекеттер Уюму” деген шериктештикти түзүү деңгээлине чыгарууда да башкы ролду ойногондугу талашсыз.
Айтор, жүз жыл мурда Түркия өз эгемендигин сактап калуу жана дүйнөгө таанылуу үчүн алпурушса, азыркы тапта чөлкөмдөгү таасирдүү саясий оюнчу жана боордош өлкөлөр менен шериктештикти чыңдоого ынтызар эл аралык оюнчу катары өз макамын чыңдоого умтулуп келет.
Кыргызстан сыяктуу посткоммунисттик өлкөлөр Түркия жумуриятынын кылымдык тарыхынан кыйла сабак алып жаткандыгы шексиз.
Биздин жеке оюбузча, Түркия үчүн дагы, башка постсоветтик түрк өлкөлөрү үчүн дагы орток башкы сабак жана мүдөө – бул көп партиялуу парламенттик демократиялык жумурияттын асыл-нарктарын унутпоо жана ага мыйзамдуу жол менен умтулуу болуп саналат.
Дал ушул жаатта аталган өлкөлөрдүн бардыгы тең марага жетүүдөн ат чабымдай алыс турушат.
Бирок дал ушул мерчемди бул өлкөлөрдүн азыркы муундагы жарандык коомдору ушул тапта канчалык деңгээлде саясий зарылчылык катары баалап жатышат? Бул өңүт, кейиштүүсү, биздей кыялкечтер үчүн кыйла бүдөмүк жагдай.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.