Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерге орток алфавитке өтүү сунушун берди


Режеп Тайып Эрдоган. Бишкек. 2024-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган. Бишкек. 2024-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерге орток алфавитке өтүү сунушун берди. Бул тууралуу ал 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги 11-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Режеп Тайып Эрдоган Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр орток алфавитке өтүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстанды, Казакстанды, Өзбекстанды жана Түркмөнстанды да ушундай чечим кабыл алууга чакырды.

Быйыл 9–11-сентябрда Азербайжандын борбору Бакуда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун “Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясы” деп аталган комиссиясынын 3-отурумунда түрк тилдүү өлкөлөр орток алфавит кабыл алуу чечимине келишкен.

Комиссия латын арибине негизделген 34 тамгадан турган жалпы арипти сунуштап, анын кабыл алынуусу тууралуу чечим чыгарган. Жаңы алфавит түрк тилдүү элдердин биримдигин бекемдеп, маданий жана тилдик интеграцияга өбөлгө түзөт деп айтылууда. Бирок уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан азырынча кириллицадан латын арибине өтүү планы жок экенин билдирген.

Түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен латын арибине алгачкылардан болуп Түркия 1928-жылы, Түркмөнстан 1929-жылы өткөн, Азербайжан 1992-жылы өтүп, бул процесс 2001-жылы жыйынтыкталган. Өзбекстанда латын алфавитине өтүү дээрлик эгемендик алгандан бери күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болуп келет. Жазууну латындаштыруу процесси 1993-жылы башталган. Бул процесс андан бери үч жолу жылган. Соңкусу 2023-жылга чейин белгиленип, бирок толук аяктай элек.

Казакстанда казак тилинин латын алфавитине өтөрү тууралуу 2006-жылы аталган өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаев жарыялап, алфавитти иштеп чыгууну 2017-жылы гана өкмөткө тапшырган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG