Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

"Балама ырайым бербейм". Сот президенттин уулун күнөөлүү деп тапты


АКШ президенти Жо Байден жана улуу Хантер Байден.
АКШ президенти Жо Байден жана улуу Хантер Байден.

Сот арачылары АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантерди курал сатып алып жатканда маңзат колдонорун жашырып койгону үчүн күнөөлүү деп тапты. Ал 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок аймактык судья Мэриллен Норейка өкүм 125 күн ичинде чыгарын жарыялады.

Делавер штатындагы сот арачылары 11-июнда үч сааттык кеңешүүдөн кийин 54 жаштагы Хантер Байденди айыптоонун үч баскычы боюнча тең күнөөлүү деп табышты. Прокурордун версиясына караганда, Байден 2018-жылы тапанча сатып алууда атайын форманы толтуруп жатып калп айткан.

Тагыраагы, ал маңзат колдонбостугун жана баңгиликке жакын эмес экенин белгилеген. Бирок ошол кезде айыптоо корутундусунда белгиленгендей, ал крэк-кокаин маңзатын колдонуп жүргөн.

Атайын прокурор Дэвид Вайс бул иште маңзатты колдонуу фактысы эмес, айыпталуучунун чындыкты жашырганы маанилүү экенин белгилейт.

“Жыйынтыгында, бул иш бир гана маңзатка болгон көз карандылык тууралуу эмес. Анткени мындай көйгөйгө АКШда көптөгөн үй-бүлөлөр дуушар болушат. Кеп айыпталуучу маңзатка көз каранды болуп туруп мыйзамды бузганында. Мен курал сатып аларда мамлекеттик каттоо формасын толтуруп жатып калп айтканы, анан курал алганы жөнүндө айтуудамын. Маңзат колдонгонуна карабай куралга ээлик кылганы коркунуч жаратууда. Экинчиден, мыйзам бул өлкөдө баары үчүн бирдей”, - деди атайын прокурор.

Эми Хантер Байденди канча жылга эркинен ажыратууну аймактык судья Мэриеллен Норейка чечет. Ал өкүм 120 күн ичинде чыгарыларын жарыялады. Бул судьяны мурдагы республикачыл президент, Жо Байдендин алдыдагы шайлоодо негизги атаандашы болору күтүлүп жаткан Дональд Трамп дайындаган.

Теориялык жактан алганда Байден 25 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Анткен менен юристтердин пикиринде буга чейин соттолбогон адам мындай жазага тартылбайт. Айрымдар ага сыноо мөөнөтү берилиши же үй камагына тартылышы мүмкүн экенин айтышууда.

Маалыматка караганда, Байдендин адвокаттары Хантердин тапанчасы эч кандай кылмышка колдонулбаганын жүйө келтирүүдө. Алардын сөзүнө караганда, тапанча Байдендин колунда 11 күн болгон маалда бир да жолу атылган эмес.

Адвокаттар ошондой эле Хантер Байден андан бери жашоосун өзгөрткөнүн белгилешет. Байден 2019-жылдан бери маңзаттан алыс экенин айткан.

АКШ президенти Жо Байден сот чечиминен кийин уулу Хантер, небереси Бо жана келини Мелисса менен жолугуп жатат. 11-июнь, 2024-жыл. Делавер.
АКШ президенти Жо Байден сот чечиминен кийин уулу Хантер, небереси Бо жана келини Мелисса менен жолугуп жатат. 11-июнь, 2024-жыл. Делавер.

"Мен президентмин, ошол эле учурда атамын"

АКШ президенти Жо Байден сот арачыларынын чечими жарыяланары менен өз билдирүүсүн жарыялады. Мамлекет башчы уулуна ырайым бере алат. Бирок ал бул кадамга барбастыгын жана Хантерди кандай болсо да колдорун белгиледи.

“Өткөн жумада айтканымдай, мен президентмин, ошол эле убакта атамын. Жилл (биринчи айым) экөөбүз уулубузду абдан жакшы көрөбүз жана анын азыр кандай адам болгону менен сыймыктанабыз. Жакындары маңзат көз карандылыгы менен күрөшүп жаткан көп үй-бүлөлөр бар, алар жакшы көргөн адамы дарылангандан кийин канчалык күчтүү экенин көрүп сыймыктанышат. Буга чейин айтканымдай эле, мен өкүм кандай болсо да кабыл алам жана сот процессин толук сыйлайм. Жилл экөөбүз ар дайым Хантер жана үй-бүлөбүз менен болуп, жакшы көрөбүз жана колдоп турабыз. Муну эч нерсе эч качан өзгөртпөйт", - деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.

Эксперттердин айтымында, 2024-жылы ноябрь айында өтүүчү шайлоого ат салышары күтүлүп жаткан Жо Байдендин өнөктүгүнө уулунун күнөөлүү деп табылышы анча деле таасирин тийгизбейт. Бирок бул жалпы үй-бүлө үчүн оор сокку болушу мүмкүн экенин Жоржтаун университетинин профессору Виктория Нурс белгилейт:

"Албетте, мунун баары анын үй-бүлөсү, өзү үчүн өтө кайгылуу. Маңзат көз карандылыгынан жабыркагандар кандай болорун көптөр билишет. Андыктан түшүнүү менен карашат деп ойлойм. Экинчи жагынан алганда, бул мыйзам үстөмдүгүн көрсөткөн өтө жакшы күн. Соттун артынан туруп, "бул кагаздардын баарын өрттөп, жаап салгыла" деген кишилер жок. Биздин институттар күчтүү. Президент уулуна ырайым бербестигин белгилегендей болду. Менимче, алардын үй-бүлөсү чоң сыноодон өттү, ошондуктан алар биздин институттар күчтүү бойдон калышы керектигин түшүнүп турат".

Хантер Байден 1970-жылы туулган. Ысымын энесинен урматына Хантер Байден деп коюшкан. Эки жашка толгондо апасы менен эжеси автокырсыкта каза болгон. Машинедеги агасы Бо оор жараат алып, аман калган.

Хантер Байден Йель университетин аяктап, юриспруденция боюнча доктор даражасына ээ болгон. Агасы Бо Байден 2005-жылы рак оорусунан каза болгондон кийин жесир калган жеңеси Хейли Байден менен эки жылдай жакын мамиледе болгон. Биринчи аялы Кетлин Бухле экөөнүн оротосунда үч бала бар. Азыркы аялы, Түштүк Африкалык режиссер Мелисса Коенге алты күн сүйлөшкөндөн кийин эле үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда бир уул бар.

Хантер Байден биринчи айым Жилл Байден жана аялы Мелисса менен соттон чыгып баратат. 11-июнь, 2024-жыл.
Хантер Байден биринчи айым Жилл Байден жана аялы Мелисса менен соттон чыгып баратат. 11-июнь, 2024-жыл.

Хантер Байденге козголгон башка кылмыш иштер

Бул Хантер Байденге козголгон алгачкы кылмыш иши эмес. Былтыр жыл соңунда АКШнын федералдык прокуратурасы ага салык төлөөдөн качкан жана жалган салык декларациясын көрсөткөн деген кинелер менен дагы бир иш ачкан.

Прокурорлордун версиясына караганда, Байден “2016-2019-жылдары карыз болуп калган 1,4 миллион доллар федералдык салыкты төкпөш үчүн төрт жыл атайын бир схемага аралашкан”.

Айыптоочулардын эсебинде Хантер Байден салык төлөөдөн качып, акчасын “маңзатка, кыздарга, байманасы ташыгандар токтогон отелдерге, кымбат машинелерге короткон”.

Бул иш боюнча сот сентябрда, шайлоого эки ай калганда башталары күтүлүп жатат. Республикачылар баарынан да ушул ишти күтүүдө. Анда атасы экөөнүн ортосундагы каржылык байланыш тууралуу да маселе козголушу мүмкүн.

53 жаштагы Хантер Байден бир топ жылдан бери Трамптын жана анын республикачыл тарапташтарынын сынына кабылып келет. Анын ысымы буга чейин Украинага байланышкан ызы-чууда чыккан. Ал 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы "Бурисма" аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

"Бурисмага" иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жок деген негизде жабылып калганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG