Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

"АКШ-Мексика чек арасындагы жаңы чектөө кыргызстандыктарга да тиешелүү"


Кубат Кубаналиев
Кубат Кубаналиев

АКШ президенти Жо Байден Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендерге баш паанек берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул убактылуу чара түштүк чек арадан мыйзамсыз өтүүнү көздөгөндөрдүн санын кыскартууга багытталганы кабарланды. Жаңы чектөө Америкага мыйзамсыз кирүүгө ниеттенген кыргызстандыктарга канчалык таасирин тийгизет? Дегеле бул чектөө канча убакытка созулат?

Ушул жана башка суроолорго Огайо штатындагы Wanglav иммиграциялык адвокатурасынын өкүлү Кубат Кубаналиев жооп берди.

- Президент Жо Байден 4-июнда түштүк чек ара аркылуу мыйзамсыз киргендердин санын кыскартууга багытталган жаңы чектөөгө кол койду. Бул чектөө тууралуу кыскача түшүндүрүп кетесизби?

- Бул эми чоң резонанс деле жараткан жок. Себеби жыл сайын мыйзамсыз миграцияны кыскартууга багытталган жаңы чектөөлөр иштелип чыгат. Мындан бир жыл мурда CBP программасы чыккан. Анын алкагында Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандарга легалдуу жол менен киргенге жол ачылган. Ага ылайык, АКШга башпаанек сурап кире тургандар бир гана чек арадагы өткөрмө бекеттен өтүүгө милдеттүү эле. Ал үчүн CBP One деген тиркеме аркылуу кезекке туруш керек болчу. Бирок ошол CBP программасынын күчү жетпей калгандыктан жаңы убактылуу чектөөлөр киргизилди. Ал эрежелери, шарттары менен айырмаланат. Чектөө түштүк чек арадан мыйзамсыз кирген мигранттардын күнүмдүк саны бир жума бою 2500дөн ашканда гана күчүнө кирет. Азыр чек арадан өтүп жаткандардын саны андан көп болгондуктан жакын арада күчүнө кириши мүмкүн. Мен билгенден күнүмдүк сан үч миңден жогору болуп жатат. Бул чектөөнүн чек ара өткөрмөсүнө барып, CBP One тиркемесин толтуруп башпаанек сурагандарга тиешеси жок. Бул ар кайсы жерден, талаа-токойдон, тосмолордун алдынан же секирип өткөндөргө гана багытталган. Ошондой эле чоңдордун коштоосу жок барган жашы жете электер жана токтоосуз медициналык жардамга муктаждар дагы бул чектөөгө кабылбайт.

- Жогоруда сиз чектөө чек арадан өткөндөрдүн күнүмдүк көрсөткүчү бир жума бою 2500ден түшпөсө гана күчүнө кирерин баса белгилеп өттүңүз. Ошондо 2500 ден ашканын киргизбейби же толук киргизбейби?

- Бир жума бою 2500ден ашып тура берсе, анда толук эле мыйзамсыз кирген мигранттарга баш паанек суроого да мүмкүнчүлүк берилбейт. Жүйөлүү себептер айтылса балким ойлонуп көрүшөт. Маселен, Кытайдан келгендер кантип кайра артка кайтышмак эле. Ушул сыяктуу мисалдар бар. Азырынча алар канча күндө же канча саатта депортация болору так белгисиз. Андан тышкары укук коргоочулар учурда үчүнчү өлкөдөн келгендер кайда барат деп тынчсызданып жатышат. Эгер алар кайра Мексикага кайтса, ал жак өтө деле коопсуз эмес.

- Эмне себептен Байден бул кадамга азыр барды? Анткени былтыр декабрдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу азыр чек арадан мыйзамсыз өткөндөрүн саны кыйла азайганы кабарланып жатпайбы?

- Соңку жылдары Байдендин администрациясына түштүк чек араны көзөмөлдөө боюнча кыйла чоң эле басым көрсөтүлүп жаткан. Иммиграция темасы 2024-жылдын ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоодогу негизги маселелердин бири. Ага өзүңөр билгендей президент Жо Байден менен экс-лидер Дональд Трамп катышары күтүлүп жатат. Трамп өзү президент болгон кезде мигранттарга каршы бир катар эрежелерди киргизгени менен белгилүү. Анткен менен анын катаал мамилеси потенциалдуу шайлоочуларга жагат. Мындан улам бул маселе боюнча айрым сурамжылоордо Трампка артыкчылык беришүүдө.

- Бул чектөө Мексика аркылуу АКШ аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган кыргызстандыктарга да тиешелүүбү? Кыргызстандыктар арасында дагы тосмолордон секирип, жырып өткөндөр барбы?

- Албетте, баарына тиешелүү. Мен билгенден антип жырып өткөндөр аз. Бирок ошол СPD One тиркемесин толтуруп, кезек күтүп акыры чек арага жеткенде маселе башталат. Анткени мурда алар башпаанек сураганда себеби жүйөлүү-жүйөөсүз болсо да андан ары өткөрүп же миграциялык лагерде кармап турушчу. Кийин чечимди сот чыгарчу. Ал эми азыр ошол чек арада отурган эле офицердин өзүнө эле чечим чыгарып, артка кайтарганга уруксат берилди. Бирок азыркы чектөөнүн легалдуу кирүүгө аракет кылгандарга тиешеси жок деп айтылганы менен баары бир кезектер узарып, дагы көбүрөөк убакыт каралып калышы толук ыктымал. Ошол жагынан алганда кандайдыр бир таасири тийиши мүмкүн.

- Бул чектөө cиздин оюңуз боюнча канчага чейин уланышы мүмкүн?

- Жарыяланган шарттарга ылайык, чек арадан мыйзамсыз өткөндөрдүн күнүмдүк саны бир жума бою 1500ден ашпаганда гана алынат. Андай көрсөткүчкө жетиш азырынча кыйын. Андан тышкары шайлоого чейин чектөөлөр иштей берет. Кийин ким президент болуп шайланса, миграциялык маселелерди өз программасына ылайык чечет. Маселен, Трамп шайланып калса буга чейин болуп көрбөгөндөй депортациялык өнөктүктү ишке киргизерин убада кылууда. Расмий статистикага караганда Жо Байден президенттикке келгени чек арадан мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган 6,3 миллион чет өлкөлүк кармалган. Азыр эми укук коргоо менен алектенген бейөкмөт уюмдар Байдендине чечимине каршы сотко арызданарын айтып жатышат. Сот кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз.

- АКШга Мексика аркылуу барам деп ниеттенип жаткандарга да бул чектөө таасир тийгизиши ыктымал?

- Албетте, соңку жылдары кыйынчылыктарга карабастан Мексика аркылуу АКШ аймагында кирүүгө умтулган кыргызстандыктар, балким, ойлонуп калышаар. Соңку кездери Мексика аркылуу кирген борборазиялыктардын саны кескин көбөйдү.

Америкага агылган мыйзамсыз мигранттардын азаптуу жолу
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:30 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG