Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

"Жободо мыйзам алкагынан чыккан жагдайлар бар". Кыргыз бийлиги "чет элдик өкүлдөрдү" каттай баштайт


Бишкек. Парламент жана өкмөттүн имараты. Ак үй.
Бишкек. Парламент жана өкмөттүн имараты. Ак үй.

Юстиция министрлиги "чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарат" деген бейөкмөт уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартибин аныктоо үчүн атайын жобо бекитти.

Мекеме бул кадам март айында кабыл алынган жана апрелдин башында президент Садыр Жапаров кол койгон “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же коомчулукта "Чет элдик өкүл” деп аталган мыйзамга ылайык жасалганын билдирди. Документке байланыштуу бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар, айрым мамлекеттер камтамачылык билдирген. Бийлик өкүлдөрү бейөкмөт уюмдарга куугунтук күчөйт деген сөздөрдү четке кагып келет.

Бекитилген жобо

Юстиция министрлиги атайын жобо бекигени тууралуу учкай маалымат таратты жана жобонун өзүн, реестр менен арыздын формасын орус тилинде гана жарыялады. Ага ылайык, чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарат деген бейөкмөт уюмдар 16-майдан тартып эки ай аралыгында аталган министрликке реестрге кирүү үчүн арыз жана документтерди бериши керек. Жободо реестрден чыгуу шарт-талаптары дагы жазылган. Кайсы учурда, кандай жагдайда текшерүү болору дагы көрсөтүлгөн.

"Ыйгарым укуктуу органдардын мыйзамды бузганы тууралуу корутундусун алгандан кийин Юстиция министрлиги 10 күндүн ичинде коммерциялык эмес уюмга бир айга чейинки мөөнөттө ошол кемчиликтерди жоюу тууралуу билдирүү жөнөтөт. Эгерде бул убакыт аралыгында аныкталган кемчиликтер жоюлбаса, Юстиция министрлиги ал уюмдун ишин алты айга токтотот. Эгер бул убакыт аралыгында дагы кемчиликтер жоюлбаса, Юстиция министрлиги ал бейөкмөт уюмду жоюу тууралуу сотко кайрылат", - деп жазылган жободо.


Жободогу талап-шартты "Адилет" укуктук клиникасы учурда кылдат талдап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюмдун жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди. Анын пикиринче, жободо кооптондура турган, мыйзамдан аша чапкан жагдайлар бар:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

"Биз бул жобону кечээ эле көрдүк, азыр талдап жатабыз. Талдап бүткөндөн кийин кеңири пикирибизди билдиребиз. Бирок ал жерде мыйзамдын алкагынан чыккан көп жагдайлар бар. Мисалы, текшерүү системасы. Мыйзамда текшерүүгө ыйгарым укуктуу өкүл Юстиция министрлиги деп жазылган. Жобого ылайык, каалаган мамлекеттик орган текшере алат экен. Каалаган орган, ким арыз жазса, текшере берет экен".

Президенттик администрацияда 26-апрелде 50дөн ашык коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөн. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "кыргыз бийлиги өлкөдө демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүүгө көмөктөшкөнү үчүн коммерциялык эмес уюмдардын олуттуу салымын жогору бааларын айтты" деп билдирген.

"Суроо көп"

Бул жолугушууга юрист Толкунбек Исаков дагы катышкан. Анын айтымында, мыйзамга байланыштуу азыр жообу жок суроолор көп:

Толкунбек Исаков.
Толкунбек Исаков.

"Ал жерде жаңы мыйзамдагы чектөөлөргө байланыштуу нааразылыгын айткандар көп болду. Бирок Эдил Байсалов "ким кандай иштесе ошондой эле иштей берет, эч кимге бөгөт болбойт, эң негизгиси, ошол мыйзамга ылайык, эгер чет элден каржылоо болсо, анда атайын реестрге кирип коюш керек, мындан башка куугунтуктоо, кысуу же ашыкча текшерүү деген маселе болбойт. Мен муну президенттин атынан толук ишендирип кете алам" деген сөздөрүн айтты. Мен ошол жерде бейөкмөт уюмдар четтен каржы албашы үчүн ошол эле биз караган Орусия сыяктуу мындай уюмдарды бюджеттен каржылоо ыкмаларын киргизүү керек деп айттым. Ошол эле мыйзамда түшүнүксүз жерлери бар. Мисалы, эгер кайсы бир уюм бул же тигил мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу, же мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдуртуу максатында кандайдыр бир иш-чараларды өткөрсө, анда ал саясий уюм болуп калат деген ченем бар. Жолугушууда ошол тууралуу дагы сөз болгон. Эгер ошол уюм саясий уюм болуп калса, анын жыйынтыгы эмнеге алып келет деп сурадык. Юстиция министрлигинин өкүлү дагы көп суроолорго жооп таба албай кыйналды. Анда реестрге түшүп каласыңар дешти. Мен ошол жерде айттым, эгер четтен каржылоо болбосо, бирок саясатка байланышуу оюн айтса, анда эмнеге реестрге туура келет дедим. Чынында эми мен кесиптештериме көңүл айтам, анткени кырдаал оңой эмес. Бул мыйзам көп маселени жойбой, жашоону оңойлотпой, тескерисинче, жоопсуз маселелерди, түшүнүксүз жагдайларды жаратканына байланыштуу маселе көтөрүлдү, кооптонгон пикирлер айтылды".

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова ушундай жагдайдардан улам айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатканын айтты:

"Чынында эле бул мыйзамды аткаруу көптөргө кыйынчылык жаратат. Азыр кээ бир бейөкмөт уюмдар жабылды. Кээ бирлери грантка долбоор жазбай ишин токтотуп турат. Биз бул мыйзамды өзгөртөлү, отуруп алып сүйлөшөлү деп чакырып жатабыз".

"Чет элдик өкүл" долбоорунун таржымалы

Кыргыз парламенти 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган. Президент Садыр Жапаров бул документке 2-апрелде кол койгон. Андан көп өтпөй “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп ишендиргенге аракет кылган. Ошондой эле бейөкмөт уюмдарды буга чейин "Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй, отчет бербей келген" деп айыптаган. Бул сөздөрү коомчулукта талаш-талкуу жаратканынан улам бир күндөн кийин дагы түшүндүрмө тараткан. Өз сөзүндө каттоодон өткөн 25 миңдей өкмөттүк эмес уюмдардын эки миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен ишмердик жүргүзөрүн белгилеген.

"Сырттан алган каражат конкреттүү түрдө кайсыл максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек деп айтылды. Менин соцтармактагы сөзүм ушунун алкагында айтылды. Аны өкмөттүк эмес уюмдардын бардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Анан кычыктанып "биз катталганбыз" деп атышпайбы. Айтсынчы, кимиси "чет элдик өкүл" деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Мен ошону айттым", - деген Жапаров.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Кыргызстанда жарандык коомду чочулаткан бул мыйзамды кабыл алуу аракети мындан алты-жети жыл мурда, Орусияда куду ушундай мыйзам кабыл алынгандан тарта эле башталган. "Адилет" укуктук клиникасы Надира Нарматова баштаган депутаттар даярдаган бул документти талдап чыгып, анын дээрлик 98% Орусиянын мыйзамынын көчүрүлгөнүн аныктап чыккан.


Грузияда парламент куду ушундай эле мыйзам долбоорун өткөн аптада миңдеген адам катышкан нааразылык акцияларына карабай кабыл алды. Бирок бул өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили ага вето коюп, документ Конституцияга, Европа Биримдигинин стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин билдирди.

Учурда мыйзам долбоору грузин парламентинин юридика маселелери боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү. Буга чейин орусиячыл депутаттар ветону ашып өтүшөрүн, президенттин каршылыгына карабай кабыл алышарын айтып келишкен эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG