Эл аралык мунапыс (Amnesty International - AI) эл аралык уюму адам укуктарынын абалына байкоо салган жылдык баяндамасында эскерткендей, мыйзамдарга, эрежелерге негизделген эл аралык тартип кыйроонун алдында турат.
“Кылмышкерлер бир гана эл аралык укукту бузбастан, муну өзүлөрүн, улуттук коопсуздукту коргоо жана террорчулукка каршы күрөш менен актоого аракет кылышууда”, - дейт уюмдун баш катчысы Аньес Калламар.
Эл аралык мунапыс уюму Израил менен ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук деп тааныган) уюмунун ортосундагы согушка өзгөчө көңүл бурган.
Радикал уюм көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, согуш башталган 200 күндөн бери 34 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү - аялдар жана балдар. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Израил өз дарегине айтылган Женева конвенциясын бузуу жана жайкын тургундарга кол салуу сыяктуу дооматтарды караманча четке кагып, тескерисинче, ХАМАСты карапайым калкты тирүү калкан катары колдонуп жатат деп айыптоодо.
Израил ошондой эле Газа тилкесине гуманитардык жардамдын жеткирилишин чектеп жатканы тууралуу айыптоолорду дагы мойнуна албай келет.
ХАМАСтын Израилдин конуштарына жасаган 7-октябрдагы чабуулунда 1200дөй кишинин өмүрү кыйылып, жоочулар 250дөй адамды барымтага алышкан.
Андан тышкары Судан, Эфиопия жана Мьянмада авторитаризм күчөп, жаңжалдар уланып, адам укуктары олуттуу бузулуп жатканы жазылат.
Баяндамада ири державалар Адам укуктарынын жалпы декларациясында бекитилген эл аралык эрежелерди көзгө илбегендиктен, карапайым тургундар өтө оор жоготууга кабылып жатышканы белгиленет.
Орус армиясынын Украинадагы укук бузуулары
Документте Украинадагы согушта орусиялык аскерлер тарабынан жасалган болуп көрбөгөндөй укук бузуулар сынга алынат.
Анда аскерлер “калк жыш жайгашкан райондорго туш келди эле сокку уруп, энергетикалык инфратүзүмдөрдү талкалап, дан экспортун камсыздаган инфраструктуралык объектилерге чабуул коюп, аскер туткундарын кыйноого алып, катаал мамиле жасаганы" белгиленет.
Авторлор ошондой эле Орусиядагы адам укуктарынын начарлап бараткан абалын кескин сынга алышкан.
“Пикир билдирүү, тынч жыйындарга чогулуу эркиндиктери дагы чектелди. Бийликти сындагандар басмырлоого, куугунтуктоого кабылып, узак мөөнөттөргө эркинен ажыратылып, кол салууларга дуушар болушту”, - деп жазышат укук коргоочулар.
Андан тышкары Украинадагы согушка каршы чыккандар өзгөчө куугунтукка кабылганы белгиленет. Кеминде 140 адам согушка каршы билдирүүлөрү, акциялары же башка кадамдары үчүн соңку бир жылда эркинен ажыратылган.
"Технологиянын өнүгүшү адам укуктарын бузуу мүмкүнчүлүгүн арттырат"
Amnesty International мыйзам үстөмдүгүн бузуу жасалма интеллекттин өнүгүшү менен дагы тездээрин эскертти.
“Негизинен ири технологиялык компаниялардын кызыкчылыгында колдонулган бул технологиялар адам укуктарын бузуу боюнча чоң толкун жаратышы мүмкүн", - деп жазышат баяндаманын авторлору. Бул үчүн аларды укуктук жактан жөндөө зарыл экени белгиленет.
“Дагы туруксуз болуп бараткан дүйнөдө генеративдүү жасалма интеллект, адамдын жүзүн тануу, тыңчылык программалары сыяктуу технологияларды көзөмөлсүз киргизүү жана жайылтуу эл аралык укук менен адам укуктарынын болуп көрбөгөндөй бузулуш масштабын кеңейткен кооптуу душманга айланышы мүмкүн”, - дейт Аньес Калламар.
Ал ошондой эле технологиялар басмырлоо, жалган маалыматты жайылтуу жана бөлүп жаруу үчүн курал катары пайдаланылышы ыктымалдыгын кошумчалады.
Кыргызстанда бийлик сын пикирлерди жана нааразылык акцияларды басууну күчөттү
Кыргызстанга келсек, Эл аралык мунапыс уюму бийлик 2023-жылы коомдук сын пикирлерди жана тынч маанайдагы нааразылык акцияларын басуу өнөктүгүн күчөткөнүн белгилейт.
Анда жазылгандай, бийликти сындаган журналисттер менен активисттер камакка алынып, негизсиз айыптоолорго жана адилетсиз соттук чечимдерге туш болушту.
“Клооп Медиа” көз карандысыз коомдук фондунун сайтынын жабылышы мисал катары келтирилген.
Ошондой эле "Кемпир-Абад иши" боюнча жыйырма жети адам өз укуктарынан пайдаланганы үчүн саясий куугунтукка кабылып, жоопко тартылганы сынга алынат.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.
Бийлик абактагыларды “саясий куугунтукка алынган эмес, мыйзам бузган” деп кайталап келет. Ошондой эле өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.
Буга чейин президент Садыр Жапаров да “Кабар” маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айткан.
“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”, - деген президент.
Эл аралык мунапыс (Amnesty International - AI) эл аралык уюмунун соңку баяндамасында 2023-жылы Бишкектин борбордук бөлүгүндө демонстрацияларды өткөрүүгө жапырт тыюу салуу мөөнөтү узартылганы да белгиленет.
Андан тышкары укук коргоочулар жарандык коомдун, бийлик өкүлдөрүнүн жана эл аралык эксперттердин текши сындаганына карабастан, былтыр октябрда Жогорку Кеңеш чет өлкөдөн каржыланган бардык уюмдарды “чет элдик өкүл” катары каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алганына көңүл бурушкан.
Бул мыйзам быйыл толук кабыл алынып, мамлекет башчы кол койду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынгандан кийин бейөкмөт уюмдарга "куугунтук болбойт" деп убада кылган.
Андан тышкары былтыр июнда парламент “үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарды” жокко чыгаруучу,“ата-энени сыйлабастыкка үндөгөн жана “салттан тышкаркы сексуалдык мамилелерге” үгүттөгөн маалыматтарды жайылтууга тыюу салган “балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого” багытталган мыйзам долбоорун кабыл алганы баяндамада белгиленет.
Октябрда БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитети шаар жерлеринде абанын кооптуу деңгээлде булгануусуна дуушар болгон балдардын санынын көптүгүнө катуу тынчсыздануусун билдирген.
"Шаардын жөнгө салынбаган өнүгүүсү, жашыл аймактардын бузулушу, жылытуу үчүн көмүр жана таштанды материалдар жагылышы, автоунаалардан чыккан газдардын көбөйүшү Бишкектин өзгөчө кыш айларында дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын катарына кирүүсүн шарттады", - деп жазылат баяндамада.
Кыргызстандагы абанын сапатында зыяндуу майда катуу бөлүкчөлөр (PM2.5) Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) көрсөткүчүнөн сегиз эсе көп болгон.