Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

"Жер Эне": Эндик менен чайыр жок болуп кетиши мүмкүн


Кызгалдак талааны аралап жүргөн секелектер. Сүрөт Ош-Араван жолунда 2019-жылы тартылган.
Кызгалдак талааны аралап жүргөн секелектер. Сүрөт Ош-Араван жолунда 2019-жылы тартылган.

Кыргызстанда өсүмдүктүн төрт миңдей түрү өсөт. Бирок бул мындан дээрлик 20 жыл мурдагы маалымат. Биологдор Кыргызстан эгемендикке ээ болгону мамлекеттик деңгээлде флорага көңүл бурулбай калганына кейишет. Илимдер академиясы ботаниктерге муктаж.

  • Эмне үчүн ботаниктер акыркы кездери эл аралаганда өздөрүнүн кесибин айткандан да чочулап калышты?
  • Нарында эндикти, Баткенде сасык чайырды казып, сыртка сатышууда. Адистер мораторий киргизүүнү суранган, бирок бул өтүнүч неге эске алынбай жатат?
  • Бишкекте көп тигилип жаткан павловния дарагына биологдор эмнеге каршы болушкан?

"Жер эне" подкастына Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, биология илимдеринин доктору, профессор Георгий Лазьковду жана анын шакирти, биология илимдеринин кандидаты Мыскалай Ганыбаеваны чакырдык. Алар кыргыз флорасынын азыркы абалын айтып беришти.

Подкасттын аудиосун төмөндө уксаңыз болот.

"Азаттык": Адегенде кыргызстандыктарды курчап турган өсүмдүктөр дүйнөсүнө назар салсак.

Лазьков: Бизде жер кыртышында өсүүчү жана суу өсүмдүктөрү бар. Сууда өсө тургандары жөнүндө айта албайбыз, себеби биз адис эмеспиз. Деги эле Кыргызстанда суу өсүмдүктөрү боюнча адис жок. Ал эми кургак жерде төрт миңдей өсүмдүк түрү бар.

"Азаттык": Алардын канча пайызы жапайы өсүмдүктөр? Жоголуу коркунучуна кабылгандары канча?

Георгий Лазьков
Георгий Лазьков

Лазьков: Так санын айтуу кыйын, себеби азайып же көбөйүп турушу толук мүмкүн. Айрым өсүмдүктөрдү кошуна өлкөлөрдөн, чет мамлекеттерден атайын алып келип эгишет. Уругу же көчөтү сырттан ташылган өсүмдүктөр илимдин тилинде адвентивдүү өсүмдүктөр деп аталат. Кызыл китепке киргендердин баарын айтсак, Кыргызстанда жок болуу коркунучуна кабылган 83 өсүмдүк бар.

Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү гүлү чоң жоогазындар. Кээ бир дарактар бар, мисалы, ийне жалбырактуулардан Семенов эндемикалык пихтасы, Недзвецкий жана Сиверс алмасы.

  • Адвентивдүү өсүмдүктөр - латын тилиндеги Adventicius сөзүнөн алынган. Кыргызча "бөтөн", "келгин", "жат" деген маанини берет. Аны "өсүмдүктөрдүн иммиграциясы" деп түшүнсө да болот.

"Азаттык": Кыргызстанда 4 миңдей өсүмдүктүн түрү бар экени кайсы жылдары аныкталган? Деги эле акыркы жолку өлкөнүн өсүмдүктөр дүйнөсүнө санак качан болгон?

Мыскалай Ганыбаева
Мыскалай Ганыбаева

Ганыбаева: 1913-жылдан тарта “Орус географиялык коомунан” Кыргызстанга окумуштуулар келе баштаган. Алар бул жактагы өсүмдүктөрдүн үлгүлөрүн жыйнап, Ташкентке алып барышкан. Ташкентте 1940-жылы Орто Азия институту түзүлгөн. Чөлкөмдөгү өсүмдүктөрдүн үлгүлөрү чогултулган. Москвага, Санкт-Петербургга да ал үлгүлөрдү алып кеткен. Санкт-Петербургдагы Ботаникалык институтта Советтер Союзундагы 15 республикадан чогултулган гербарийлер бар. Азыр Кыргызстандагы 4 миңдей өсүмдүктүн түрлөрү "СССР флорасы" деген отуз томдукка, Борбор Азиянын 10 томдугунда, Кыргызстандын 11 томдугуна, ага кошумча дагы эки томдук китепке кирген.

"Азаттык": Сиздер негизинен кеминде мындан 30 жыл мурдагы совет доорундагы маалыматтарды берип жатасыздар. Кыргызстандын флорасынын азыркы абалы, жагдайы кандай?

Лазьков: Албетте, мен Союз учурунда иштеп, жашап калбадымбы. Ал кезде биздин лабораторияда иштеген кишилердин да саны көп эле. Адистердин эмгек акысы жана экспедицияга төлөнчү каражаттар көбүрөөк берилчү. Ал тургай адистерди экспедицияга чыгууга мажбурлашар эле. Лабораториянын кызматкери дээрлик жай бою талаалап жүрүп, өсүмдүктөрдү изилдеп, үйрөнүшөр эле. Азыр эч кандай экспедиция жок. Эгер кайсы бир кен казылган жердин экологиялык абалын талдаган долбоорлорго катышып калсак, ошондо гана чыгабыз. Айрыкча акыркы кездери ГЭС курула турган жерлерди изилдеген долбоорлор көбөйдү. Ошол учурларда эки иштен бир иш дегендей, өсүмдүктөрдү да изилдеп, жаңы байкоолорду жүргүзгөнгө шарт түзүлүп калат. Бирок ал үчүн эч кандай акы төлөнбөйт.

"Азаттык": Нарында эндикти (арнебия), Баткенде сасык чайырды же феруланы тамыры менен казып жатканы жалпыбызга маалым. Бул өсүмдүктөр жок болуп кетпейби? Ошол эле ышкынды жаңы баш алганда тоо боорунан боо-боо кылып терип кетип, сатып атышат. Урук чачпаса ал кантип көбөйөт?

Лазьков: Азыр бир катар өсүмдүктөр популярдуу болуп кетти. Алардын бири эндик. Бизде эндиктин бир канча түрү бар. Бир түрү өлкөнүн түштүк тарабында, дагы бири түштүк-батышта, анан чыгыш тарапта көп өсөт. Бул дары чөп жана боёк үчүн колдонулган өсүмдүк. Аны терип Кытайга жөнөтүшөт. Негизинен Кытайда колдонушат экен. Аны кантип пайдаланышарын чынында, мен билбейм. Бирок аябай көп көлөмдө Кытайга ташып атышат. Эндикти ташуу менен алектенген фирмалар да бар деп уктум. 30-40 тонналап жөнөтүшөт дейт. Эгер ушундай улана берсе, жакынкы жылдары бизде эч нерсе калбайт. Феруланын (сасык чайыр-ред.) тагдыры да ушундай. Бизде феруланын бир катар түрлөрү бар. Түштүк-батышта өсөт. Аны Тажикстан аркылуу Индияга, Пакистанга ташыйт дегенди угуп жүрөбүз. Феруланы дары чөп катары колдонушат. Андан тышкары, ашканада колдонушат. Сарымсактын ордуна татымал катары пайдаланышат.

Эндиктин тамыры.
Эндиктин тамыры.

"Азаттык": Бул өсүмдүктөрдү сыртка ташууну токтоткула, болбосо алар түп-тамырынан бери жоголуп кетиши ыктымал деп эмнеге коңгуроо какпай атасыздар?

Ганыбаева: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине маалымат берип, бул өсүмдүктөрдү жыйноого, терүүгө 10 жылдык мораторий берүүнү сунуштаганбыз. Калбай калат деп эскерткенбиз. Бирок ал ишке ашпады да.

"Азаттык": Бирок феруланы терүүгө, ташууга мораторий киргизилген деген маалымат чыкканын окудум. Качан тыюу салынганын тактай алган жокпуз.

Лазьков: Ошону кабыл албай жатышат. Мораторий киргизебиз дейт, бирок киргизишпейт. Ан үчүн мекемелер аралык келишимдер түзүлүп, бекитилиши керек. Менин оюмча, мораторийге каршы кызыкдар тараптар бар. Өсүмдүк терип, ташуу менен алектенгендердин артында таасирдүү адамдар турган болушу мүмкүн деп угуп жүрөбүз.

"Азаттык": Азыр Орусияда борщевик (сасык балтыркан) деген уулуу өсүмдүк каптап жүдөтүп аткан экен. Аны 60-жылдары атайын кыйыштырып табышкан турбайбы. Сиздерде бул өсүмдүк тууралуу кандай маалымат бар? Кыргызстанда да пайда болот деген коркунуч жокпу?

Лазьков: Албетте, бар. Мен адвентивдүү өсүмдүктөр деп айтып кетпедимби. Башка жактардан келген түрлөр. Борщевик ушундай түргө кирет. Ал мурда Кавказда гана өсчү. Мал-жандыктарга тоютка берилет. Ал аябай тез көбөйөт. Бирок борщевиктин курамында уулуу заттар бар экени аныкталды. Ал өтө кооптуу уу болбосо да, жаныбарлардын сүтүнүн даамын бузат. Борщевик тез көбөйгөндүктөн, азыр Орусияда каптап, аны жок кыла албай жатышат. Кыргызстанда андай коркунуч жок. Себеби, ал биздин көп аймактардагы кургак климатка чыдабайт. Кыргызстанда борщевик, сасык балтыркан. Бул табигый түр, дарыялардын боюнда өсөт. Жайылып кетпейт.

Ош мэриясынын кызматкерлери калаага павловния дарагынын көчөтүн тигип жатышат. 2022-жыл
Ош мэриясынын кызматкерлери калаага павловния дарагынын көчөтүн тигип жатышат. 2022-жыл

"Азаттык": Акыркы кездерде декоративдик өсүмдүктөрдүн түрү көбөйө баштабадыбы. Шаарларга чет өлкөдөн дарактарды, гүлдөрдү алып келип тигүү тажрыйбасы көбөйдү. Алар Кыргызстандагы биотүрдүүлүккө кандай тааиср этет? Мисалы, Бишкекте павловния деген даракты көп тигип жатышат.

Лазьков: Чынын айтканда, биз павловнияны Бишкекке тигүүгө каршы болгонбуз. Бул атайын долбоор болгонбу, билбейм. Айтор, шаарларга павловния отургузууга уруксат сураган каттарга көмүлүп калганбыз. Биз “ооба, кооз өсүмдүк, бирок аны жапырт эгип-тиккенден мурда сынап көрүш керек” дегенбиз. Азыраак тигип көрүш керек, ал биздин климаттык шартка ылайыктуу болсо гана көбөйтсө болот. Байкап көрсөк, павловния топурагы жакшы жерде өсөт экен, көбүрөөк сугарыш керек. Павловния аысыкты жакшы көрөт. Бирок тийиштүү органдарды буга ынандыра албадык. Бишкекке отургузушту. Бир жерде өсүп, бир жерде кургап жатат. Ооба, тез өсөт, бат эле беш метрге чейин жетет. Бирок кыш келгенде тоңуп калып жатпайбы. Жазында кайра тамырынан чыгып, өсүп жетилгенче кыш келет. Менимче, павлония Кыргызстандын түштүк аймагына аябай ылайыктуу.

"Азаттык": Силерге ким кайрылат уруксат сурап? Мэриябы, Жашылдандыруу чарбасыбы?

Лазьков: Мен билбейм, чынында. Кат эле жазып, бизден талап кыла беришет.

"Азаттык": Павлонияны жылда отургуза бергени бюджетке зыян турбайбы...

Ганыбаева: Эксперимент жасап, анан тигиш керектигин айтсак да, ага кулак салышпайт да.

Айгүл гүлү. Бул өсүмдүк Кыргызстанда өзгөчө коргоого алынган. Негизинен Баткенде өсөт.
Айгүл гүлү. Бул өсүмдүк Кыргызстанда өзгөчө коргоого алынган. Негизинен Баткенде өсөт.

"Азаттык": Өсүмдүктөр дүйнөсүнө изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий иштерге акча бөлүнбөйт дедиңер. Башка бир долбоолордун шылтоосу менен гана талаадагы изилдөөлөрдү жүргүзүп калабыз дедиңер. Эл аралык уюмдар менен илимий долбоорду ишке ашырса болобу?

Ганыбаева: Башка эле уюмдардын долбоорлоруна катышабыз. Же тренинг өткөрүүгө чакырышат. Ар кандай фонддор, уюмдар. Алардын долбооруна катышып, баяндамаларына салым кошобуз. Ошондой долбоорлор болгондо жөн отурбай, талаага чыгып, гербарий чогултабыз. Жетишпей калсак, сүрөткө тартып келип, китептерден, башка адабияттардан издеп, маалымат топтойбуз. Кээде өзүм жалгыз да коркпой талаалап, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн изилдейм. Жеке бир кызыгуу, демилге менен эле жасайбыз.

"Азаттык": Илимдер академиясындагы лабораторияда Кыргызстандын флорасын изилдеген үч эле ботаник бар экен. Экөөңөр жана бир кесиптешиңер. Бирок силерге айлыктан башка эч нерсе берилбесе, талаа-түзгө чыгып, өсүмдүктөр дүйнөсүн аралай албасаңар, өлкөнүн флорасындагы өзгөрүүлөр тууралуу так маалымат жок турбайбы? Сиздер менен сүйлөшүп отурсам, Кыргызстандын отуз жылдан ашуун эгемен тарыхында илимдин бул тармагы унутта эле калгандай сезилет. Эгер өкмөттөн колдоо болсо, оболу кайсы иштерге киришет элеңиздер?

Ганыбаева: Борбор Азия боюнча Кыргызстандын флорасы жөнүндө 11 том эмгек бар. Ал 1952-жылы чыккан. Эгер өкмөт колдосо, биз ошол китепти толуктап, кайра басып чыгармакпыз.

Лазьков: Биздеги көйгөй – совет мезгилинде эсепке алынып, китеп болуп басылып чыккан китеп аябай эскирди. Ал дээрлик калган жок десек да болот.

Ганыбаева: Дүйнөдө ар бир урук, ар бир өсүмдүк менен иштеген авторлор бар. Мисалы, Георгий Анатольевич Гвоздиканын Silene тукумун Евразияда изилдеп, доктор болгон. Эгер өкмөттөн колдоо болсо, биз чет өлкөдөн дагы башка илимпоздорду чакырып, Кыргызстандагы өсүмдүктөрдү тереңирээк изилдеп, өлкөнүн флорасындагы маалыматтарды жаңылап коймокпуз. Анүстүнө өсүмдүктөрдүн аймактары аныкталышы керек. Ал биздин георафиялык-административдик аймактар менен дал келбейт. Тигил облуста же бул райондо өсөт деп жазылбайт. Илимде ал Борбор Азиянын биогеографиялык райондору катары жазылат.

Жаштар кызыкпайт. Жогорку окуу жайларында билим алгандар, таланттуу, кызыккан улан-кыздар көп. Бирок бизге иштебейт. Себеби айлыгы 3 миң эле сом.

"Азаттык": Биотүрдүүлүктү изилдегенге каражат берилбей жаткан болсо, анда ушул тапта Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн расмий эсеби деле күмөн жаратат турбайбы. Кызыл китеп канча жылда бир толукталып, жаңыланып турушу керек?

Лазьков: Адашпасам, илимий эрежелерге ылайык, Кызыл китеп же беш жылда, же он жылда бир жаңыланып, толуктоолор киргизилип турушу зарыл. Кызыл китеп деген көркөм чыгарма эмес да, ойлонуп-толгонуп жазып койчудай... Бир катар экспедицияларды жүргүзүп, илимпоздордун тыянактары берилип, ошонун негизинде жазылат.

  • Кызыл китеп – мыйзам менен өзгөчө коргоого алынган, жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу маалыматты камтыган жыйнак. Кыргызстандын Кызыл китеби алгачкы жолу 1985-жылы жарык көргөн. Экинчи жолу 2006-жылы жаңыланган. Эл аралык жобо боюнча Кызыл китеп ар беш жыл сайын жаңыланып, чыгарылышы керек.

Ганыбаева: Окумуштууларга шарт эле түзүп берсе, студенттерибиз чет элге кетип калбайт эле. Устатыма окшогон кишилердин билгендерин үйрөнүп алышса жакшы болмок. Аларга деле акча керек, жакшы төлөгөн жерде иштегилери келет.

Сулайман тоонун боорундагы өсүмдүктөрдү аралап, эс алып жүргөн тургундар. Ош шаары.
Сулайман тоонун боорундагы өсүмдүктөрдү аралап, эс алып жүргөн тургундар. Ош шаары.

"Азаттык": Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнө, флорасына мамлекеттин мамилеси тынчсыздандыра турган абалда экен... Балким, силердин үнүңөр жетип, маселе чечилип калар деп үмүт кылып туралы. Жалпы эле коомчулуктун жаратылышка, өсүмдүктөргө мамилеси керектөөчүлүк гана нукта болуп жаткан жокпу?

Ганыбаева: Биз аймактарга чыкканда биолог экенибизди айтсак, дароо кызыгышат. Бирок ал кызыгуунун артында пайда көрүү максаты жатканын көрөбүз. Мисалы, “бизге дары чөптөрдү көрсөтүп койсоңор, биз аны жыйнап, пайда көрөлү” дешет. Кайсы маалда гүлдөй турганын, кандай учурда жыйнап алса жакшы болорун билгенге жан үрөшөт. Ошондуктан биз эл аралап чыкканда биолог экенибизди айтпаганга аракет кылабыз. Мамлекеттен колдоо албайбыз, бизге туугандарыбыз, ата-энебиз жардам берди. Өзүбүздүн акчабызга үч жылдап, беш жылдап экспедицияга чыккан учурлар болду. Материалдарды топтоп, изилдеп, илимий макала кылып, эл аралык журналдарга киргизип жүрөбүз.

Лазьков: Кошумчалай кетсем, акыркы 15-20 жылдын ичинде илимге мурда белгисиз болгон өсүмдүктөрдүн 100 түрүн Кыргызстандан таптык.

"Азаттык": Дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда соңку жылдары мөңгүлөр эрип жатат. Бул глобалдык көйгөйгө айланды. Биздин аймакта мөңгү каптаган тоолордо кар лотосу, мандалак, мамыры (эдельвейс) деген өсүмдүктөр бар. Климаттык өзгөрүүдөн улам бул өсүмдүктөр жоголуп кетүү коркунучунда десек болобу?

Лазьков: Климаттын өзгөрүүсүндө ар кандай сценарий болот. Абанын табы жыл сайын акырындык менен көтөрүлүп, жылдан жылга ысый берсе, мөңгүлөр да акырындык менен эрийт. Андай учурда өсүмдүктөр өзүнө ыңгайлуу жайда өсө берет. Эгер катастрофалык деңгээлде кескин ысып, мөңгүлөр жок болуп кетсе, анда ал жердеги өсүмдүктөр да жоголот. Жаныбарлардын буту бар, өзүнө ыңгайлуу жерге ооп кетет, өсүмдүктөрдүн тамыры жерде. Ошондуктан мөңгүлөрдүн эриши аларга кооптуу.

"Азаттыктын" подкасттарын azattyk.org сайтынан, iTunes (Apple), Google podcast жана Spotify аянтчалырынан угууга чакырабыз.

XS
SM
MD
LG