Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

"Картөшкөнү азайтабыз". Ысык-Көлгө кызылча эгүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда картөшкө айдоону азайтып, кызылча эгүүгө басым жасаларын билдирди. Айрым адистер бул көл кылаасынын экологиясына кесепетин тийгизерин эскертүүдө.

Ошол эле маалда Чүйдө кызылча айдаган дыйкандар анын түйшүгү түмөн, машакаты көп экенин, жылдан жылга киреше азайып жатканын белгилешет. Былтыр өлкөдө картөшкөнүн түшүмү мол болгону менен баасы арзандап кетип дыйкандардын мээнети акталбай калган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 15-февралда жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу кеңири маалымат жыйын өткөрдү.

Анда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып картөшкө ордуна кызылча аянттарын көбөйтүү пландалып жатканын, Түптөгү дыйкандарга ушундай сунуш берилгенин айтты. Ал Илимдер академиясынын окумуштуулары "кызылча айдоодон көлгө зыян келбейт" деген корутунду бергенин маалымдады.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

"Түптө картөшкө эккен дыйкандар менен сүйлөшүп, кызылча себүүгө өткөрүүнү ишке ашырып жатабыз. Илимдер академиясы анын көлгө таасири болобу же болбойбу деген суроого корутундусун берген. Эч кандай зыяны жок экен, ошон үчүн уруксат беришти. Биз азыр картөшкө аянтын азайтуу багытында иш алып барып жатабыз. Биз дыйкандарга айтып жатабыз "мурдагыдай экпей эле койчу, сага аз пайда алып келгенди айдаба, малина, клубника, чычырканак өстүр, башка нерселерди айда" деп түшүндүрүп жатабыз. Биз көп пайда алып келген өсүмдүктү себүүнү сунуштап жатабыз. Мага кечээ аналитиканы беришти. Мисалы, Араван районунда мөмө-жемиш эрте бышат. Эгер ал жакка сарымсак айдасак, бир гектар жерден 3 миллион сом пайда табат экенбиз. Биз ушундай тыянак чыгарып жатабыз. Мисалы, Беларус "бизге эрте бышкан сарымсак менен болгар калемпирин жөнөтсөңөр алат элек" деп жатат".

Былтыр Ысык-Көл менен Нарында картөшкөнүн түшүмү мол болгону менен баасы түшүп кетип дыйкандардын мээнети акталбай калган. Буга окшогон маселе негизинен жылда орун алат, ага чейин дыйкандар пияз, сабиз, капустадан пайда таппай калган учурлар болгон.


Бирок академик Жамин Акималиев кант кызылчасын Ысык-Көлгө айдоого болбой турганын айтып жатат. Көл картөшкөнүн мекени экенин белгилеп, аны кайра иштетүү жана экспорттоо жолго коюлушу керек деп эсептейт. Ал өкмөттү кант кызылчасын айдап-себүү жагдайын жакшы билген окумуштуулар менен кеңешпегенин белгиледи.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

"Көлдө картөшкө аянтын акыскартып, кызылча айдоону көбөйтүү талаштуу нерсе. Себеби, кант кызылчасынын мекени Сары-Өзөн Чүй менен Талас. Эки аймакта тең кант кызылчысын айдап өстүрүүгө толук шарт бар. Андан сырткары ушул эки аймактан алынган кумшекер эле биздин муктаждыктардан ашып кетет. Ал эми Ысык-Көлгө айдоодон этиятташ керек. Көлгө кант кызылчасын себебиз деген мурдагы министр Аскарбек Жаныбековдун ою болчу. Мен ага дагы бул чоң жаңылыштык экенин айткам. Биринчиден, ошол аянттан 20 чакырым алыс аралыкта кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдор турушу керек. Көлдө бир дагы кант заводу жок. Илгерки заманда Москвадан келип ушинтип айдатып коюшуп, түшүмдү 250 чакырым алыска, Токмокко чейин ташыганбыз. Элдин баары чыгымга учураган. Анан эми завод куруп туруп айдайбыз деши мүмкүн. Анысы туура. Бирок кымындай Ысык-Көл, эки жагында тоо турат. Ошол жерге кант заводун курсак, анда биз көлдөн ажырап калабыз. Кант кызылчасынан чыккан калдыктар, ылайлар уу. Ал сөзсүз көлгө келип түшөт дагы балыктардан ажырайбыз, артык кылабыз деп тыртык кылып алабыз. Биздин өкмөтүбүз кызылча себебиз дегенден мурда ушуну билген адистер менен кеңешип коюшу керек эле. Мисалы, мен кант кызылчасы боюнча кандитат, илимдин доктору, академик болдум. Бизден сураса биз айтып берет элек да. Картөшкөнү азайтып, кант кызылчасын айдоону көбөйтөбүз деген катачылык. Ошондуктан бул жерден этиятташ керек. Ысык-Көлдүн шартында эч качан кант кызылчасын себүүгө болбойт деген ойдомун. Чүйдө илгери биз 40 миң гектар жерге кызылча айдачубуз, азыр 13 миң гектарга айдалып жатат. Таласта дагы жакшы жерлер бар. Картөшкө айдаган дыйкандарга жардам берип, кайда, канчадан сатып берүү менен алек болушу керек. Себеби, Ысык-Көлдөгүдөй сапаттуу картөшкө эч кайда өспөйт".

Кыргызстанда 2021-жылы кант кызылчасы 10 миң гектардан ашык жерге эгилген, ал эми 2022-жылы 9 миң гектарга айдалган. 2021-жылы 389 миң тонна түшүм жыйналса, 2022-жылы бул көрсөткүч 460 миң тоннадан ашкан. Кант кызылчасы негизинен Чүй менен Таласта айдалат жана түшүмү "Кошой" жана "Кайыңды кант" заводдорунда иштетилет.

Айыл чарба адиси Акан Иманов былтыр Чүйдө кант кызылчасын айдаган дыйкандар үчүн дагы оор болгонун айтып берди. Ал дыйкандардын түйшүгү түмөн экенине токтолду.

Акан Иманов.
Акан Иманов.

"2023-жылы дыйкандарга оор болду. Эң негизги көйгөй сугат суу маселеси болду. Андан сырткары техниканын жетишсиздиги дагы чоң маселе. Техникасы барлар бааны көтөрөт, дыйкан анан монополисттер менен күрөшкөнгө туура келет. Былтыр кызылча эгүү өзүн актагандыр, бирок жалпы дыйкандардын 30% гана киреше менен чыкты. Калгандары киреше тапкан жок, өзү менен өзү болду. Кайыңды кумшекери сапаты жагынан таза кумшекер болуп эсептелет. Бирок анын бир кабынын баасы 3200-3400 сом гана болду. Күйүүчү майдын, жумушчу күчтүн жана техниканын кызматынын кымбаттыгын эске алганда бул өтө эле арзан. Андан сырткары биздин кант заводдорубуз - булар монополисттер. Биз дыйкандар, кант кызылчасынын уругун кант заводдорунан сатып албасак алар келишим түзбөйт. Биз алардан атайын дары чөптөрдү, химикаттарды сатып албасак анда алар дыйкандар менен иштешпейт. Үчүнчүсү, дыйкандар кант кызылчасын казууга келгенде да аябагандай чоң көйгөйлөр болот. Мисалы, түшүмдү тапшырып жатканда калдык деп коет. 100 тонна кант кызылчасын өткөргөн дыйкандан орточо 11-14% чейин калдык катары алып калат. Биз 1995-1999-жылдардан тартып жер иштете баштаганбыз, ошол жылдары калдык деген 4% гана тегереги болчу. Азыр 100 тонна кызылча өткөргөн дыйкандын орточо эсеп менен 10 тоннасын калдык деп кармап калат. Башкача айтканда, 50 миң сомдук түшүмү заводго калууда. Ушул сыяктуу маселелер абдан көп. Ошондуктан кант кызылчасын айдаган дыйкандар пайда таап жатат деп айтуудан алыспыз. Сырттан ташылган кант Кыргызстандын кумшекеринен арзан болуп, бул жагынан да маселелер бар".


Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Алар: ун азыктары, картөшкө, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары жана жумуртка. Кыргызстан картөшкө, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет.

Кыргызстандын кумшекерге керектөөсү бир жылда 170 миң тоннадан ашат. Өлкө анын теңине жакынын гана өндүрөт.

XS
SM
MD
LG