Суу чарба кызматынын ишмердиги жана милдеттери тууралуу анын жетекчиси Алмазбек Сокеев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди:
- Алмазбек мырза, өткөн жылдын аягында сиздин мекеменин аталышы өзгөртүлдү. Азыр Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги болуп саналат. Эми аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жетектейт. Бул мындан ары мекемени өнүктүрүүгө, суу көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурулат дегенди билдиреби?
- Ооба, азыр суу ресурстары алдыңкы планга чыгууда. Аты эле өзгөргөн жок. Кызматтын ролу жогорулап жатат. Суу чарба кызматы мурда сугат иштери менен гана алектенсе, азыр "Таза суу" долбоору менен бирге айылдарды суу менен камсыздоо жумуштары да бизге өтүп жатат. Экинчиден, жер астындагы суулар менен алектенебиз. Биздеги бардык дарыяларды да көзөмөлдөйбүз. (Токтогул суу сактагычы менен Нарын дарыясынан тышкары. Энергетикалык режимде иштеген Токтогул суу сактагычы Энергетика министрлигинин кароосунда турат.)
- Дыйкандар техникалык өсүмдүктөрдү азыраак өстүрүшү үчүн сугат суусу тартыш болорун азыртан эле эскертип коюуга мүмкүнбү?
- Суу аз болобу же жокпу, акыркы маалыматты Кыргызгидромет апрель айынын башында быйылкы жылга болжолун бергенде гана билебиз. Бирок биз бул божомолду күтүп отурбай, кандай болбосун эң жаман жагдайды алдын алууга камдануудабыз. Биз 4-январдан тартып чарбалар аралык каналдарды оңдоп, тазалап даярдай баштадык. Күн жылып калган түштүк аймактарда, Чүй облусунда да бетон иштери жүрүп жатат.
Бирок Нарын облусунда жана Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде дагы эле кар бар, суук. 2021-жылдан бери катуу иштеп, зор иштерди аткардык.
- Бул иштер эмне үчүн мурда жүргүзүлгөн эмес? Аталган мекемеде иштегениңизге 20 жыл болуптур, үч жылдан бери жетекчи экенсиз. Демилге болбодубу же акча жок беле?
- Баары каражатка барып такалат эмеспи. 20 жыл мурда иштеп жүргөнүбүздө каражат аз бөлүнгөнү эсимде. Ал кезде техникабызды камдык тетиктер менен да камсыз кыла алчу эмеспиз.
- Борбор Азиядагы бардык мөңгүлөрдүн дээрлик жарымы биздин өлкөнүн аймагында жайгашкан. Биз дарыялардын башатында турабыз. Бирок ага карабастан бир нече жылдан бери суу тартыштыгын сезүүдөбүз. Эмнеликтен? Же кургакчылык болуп жатабы? Эгер андай болсо, ал канчага чейин созулат?
- 2020-жылга, пандемияга чейин бизде пайдаланылбаган жерлер көп болчу. Биз аларды кароосуз калган жерлер деп атачубуз, б.а. аларга дыйкандар эч нерсе экпейт эле. Учурда дээрлик бош жер калган жок. Азыр эл сугат жерлерге гана эмес, кайрак жерлерге да эгин айдайт. Жүгөрү, кулпунай, малина сыяктуу көптөгөн өсүмдүктөр эгилгени да чоң мааниге ээ.
Алардын баары сууну талап кылат – жумасына беш жолуга чейин сугарылат. Мурда буудай эгип келгенбиз. Бирок кандай болбосун шарт түзүп беришибиз керек –сугарбасак да болбойт. Каналдарды тазалоо, бассейндерди, скважиналарды куруу аркылуу кошумча суу булактарын издеп жатабыз.
- Кыргызстандын тургундары кошуналар бизге газ, көмүрдү сатып жатса, биз эмне үчүн сууну сатпайбыз деген суроону көп беришет. Айрыкча өзүбүз суу тартыштыгын баштан кечирип жаткан акыркы жылдары... Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдер тууралуу айта кетсеңиз.
- Бүткүл дүйнөдө суу азырынча товар эмес, ал ресурс. Бирок биз аны кантип колдонушубуз керек? Бул бекер бериш керек дегенди билдирбейт. Коңшу мамлекеттер сугат түйүндөрү аркылуу бизден суу алса, анда алар бул түйүндөргө биз менен бирге кам көрүүгө тийиш. Биз азыр кошуналарыбызга салымыңарды көбөйткүлө деп айтып жатабыз. Өткөн маегимде мен бул тармакка Казакстан жылына 179 миллион теңге бөлөт деп айткам. Ооба, сумма өтө аз жана бул биздин угармандардын арасында чоң ызы-чуу жаратты. Ошондуктан биз азыр аларга биз жыл өз сайын салымыбызды көбөйтүп жатабыз, силер да салымыңарды ошого жараша көбөйтүшүңөр керек деп айтуудабыз.
Биз учурда аларга чогуу инвестиция сала турган объектилердин тизмесин бердик. Эгерде биз 200 миллион сом бөлсөк, Казакстан да ушундай эле сумма бөлүүгө тийиш. Бул алардын акчасына миллиард теңге. Экинчи жагы - алар биздин объектилерди гана оңдоп жатышат, акча которбойт. Муну Өзбекстан жасайт. Бирок биз өзбек коңшуларыбызга да республикалык бюджеттен эле каражат бөлбөйлү, банктарга чогуу кайрылалы деп сунуш кылуудабыз. Биз Өзбекстан менен чогуу кайрылганбыз жана Касансай (Орто-Токой - авт.) суу сактагычын реконструкциялоо боюнча биргелешкен өтүнмөбүз бар. Сеники, меники деп бөлүшпөйбүз, аны грант алып оңдосок дейбиз. Тийиштүү даражада оңдоо иштерин жүргүзгүлө деп, коңшу Казакстанга да айтып жатабыз. Бизге алар (Казакстан - авт.) каражат которсо жакшы болмок. Аталган иштерди биз өзүбүз аткарып жатабыз – мындайда арзаныраак түшөт. Коңшу мамлекеттер подрядчыларды иштетип жатканы эч кимге жашыруун эмес. Акчаны үнөмдөө жана ишти көбүрөөк бүтүрүү үчүн биринчилерден болуп өзүбүз орундаганга өттүк.
- Тилекке каршы, дүйнө жүзүндө мөңгүлөр азайып баратат, 2050-жылга барып алар өтө аз калат. Суу – бул товар деп, келишимдерди кайрадан карап чыкса болобу?
- Биз азыр эмнени чогултса болорун үйрөнүү үчүн декадалык жөнгө салуу бассейндерин куруп жатабыз, Экинчиден, суу каналдарда жоголуп кетпеши үчүн аларды да реконструкциялашыбыз керек. Үчүнчүдөн, сугаттын заманбап ыкмаларын жердин өзүндө колдонуу зарыл. Бул, балким, 2028, 2030-жылдары ишке ашат.
- 1983-84-жылдардагы суу келишимдерин кайра карап чыга албайбызбы?
- Ал келишимдердин биз үчүн оң жана терс жактары бар... Биз бул тууралуу ойлонуп жатабыз жана биздин жетекчилик да бул жөнүндө кабардар. Бирок муну биринчи кезекте кантип биз үчүн пайдалуу болгудай кылууну ойлонуудабыз. Бир тарапка гана утуштуу болушу мүмкүн эмес, туурабы? Албетте, бул келишимдерди кайра карап чыгууда ар бир тарап өзүнө тартат. Арийне, биздин өлкө кайра карап чыгууну сунуштап жатат. Бирок биз муну мындай форматта жасабаш керек экендигин түшүнөбүз.
Бул текст түрүндөгү кыскартылган версиясы, маектин толугу менен видеодон көрүңүз: