20-июнда кен жайгашкан айылга барган президент Садыр Жапаров жашоочулардын жүйөсү туура экенине ынанганын билдирди. Геологиялык кызматтын сайтында Шамбесайдагы алтындын өлчөмү беш тоннага жакын экени көрсөтүлгөн.
Бир канча жылдан бери жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратып келген Кадамжайдагы Шамбесай кени иштетилбей турган болду. Бул тууралуу аталган кен жайгашкан Майдан айыл аймагына барган президент Садыр Жапаров тургундар менен жолуккан учурда айтты. Президент буга чейин кенди иштетүүнү колдогонун, бирок соңку абалды өзү көргөн соң токтотуу туура болоорун билдирди.
"Мен Шамбесай кенин мыйзамдуу болсо, эгер зыяны жок болсо, казсаңар болот деп айткан элем. Бирок мен өз көзүм менен көрдүм. Болбойт экен. Айылдын тынчын алып. Бул маселеге чекит койдук. Эми бул теманы унуталы", - деди Жапаров.
Ошентип, 2005-жылдан бери геологиялык - изилдөө иштери жүрүп, изилденген Шамбесай алтын кени иштетилбей турган болду.
Кадамжайдагы бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар көптөн бери каршы чыгып келген. Алар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганып, башка да экологиялык маселелер жаралат деп эсептешет.
Баткендин Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнө караштуу аймакта австралиялык “Манас ресоурс” компаниясы 2005-жылдан баштап геологиялык-изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын ишинин натыйжасында Шамбесай жана Абдилла тоодон алтын кендери табылган.
Австралиялык компания 2012-жылдын соңунда Шамбесай алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Андан кийин “Зет эксплорер” аттуу жабык акционердик коомун түзүп, Шамбесайда тоо-кен комбинатын курууну пландаштыра баштаган. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашып, Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксат кытайлык “Тианди” компаниясына тийген.
Жергиликтүү калк кенди иштетүүгө лицензия берилгенден кийин өз ара уюшуп, “Таза Исфайрам” коомун түзүп, кенди иштетүүгө каршы чыгып жатышкан.
Жергиликтүү калк жер-суу бузулат деген жүйө менен чет өлкөлүк компанияны Шамбесай кенине жолотпой келген.
Карама-каршылыктан улам бир топ ызы-чуу чыгып, компанияга тийешелүү техникалар айылга киргизилбей, каршы чыккандар кармалган учурлар да болгон.
Майдандык Жоомарт Жунус уулу жергиликтүү тургундар экология сакталсын деген талап үчүн соңку мезгилде бир топ эле кысымга кабылганын айтат:
"Эл каршы болуп келген. 2018-жылы чоң жыйын болуп, ошондо "бүттү, эми иштетилбейт, мораторий киргизилди" деп кетишкен. Анан бир ай мурда, 12-майда кайра келе башташты. Эл каршы чыкса күч органдары телефонго да тарттырбай, бирден суракка чакырып кыйнашты. Анан эки айыл аймактан 15 өкүл президентке барып жолугушкан эле. Ошондо президентибиз өзүм барып көрөм деген экен. Мына, келип көрдү. Мурда президентке "17 эле үй бар, ошону сатып алабыз да иштете беребиз" дешкен экен. Кен айылдан 240 метр аралыктан кийин эле сайдын аркы бетинен башталат да. Ошол жалган маалыматтын артынан ушунча ызы - чуу болгон экен. Мына, бүгүн маселеге чекит коюлду. Бул теманы башка козгобойбуз деди. Эл ыраазы."
Майдандагы жергиликтүү калкты кооптондурган жагдай - Шамбесай алтын кенинин Исфайрам дарыясына жакын жайгашканы. Маалыматтарда дарыядан Кыргызстанда эле он миңдей адам, андан ары Өзбекстанда да миңдеген адамдар суу ичет.
Кыргыз бийлиги өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн кен байлыктарды, минералдык ресурстарды иштетүү зарылдыгын белгилеп келишет. Бул жаатта Кызыл-Омпол баштаган долбоорлорду баштап, аларга инвесторлорду чакырууда.
Адистердин пикиринде, президент Садыр Жапаровдун нааразылык жаралып келген Шамбесай кенин иштетүүнү токтотуу чечими экологияга көңүл бурарын билдирген ишарат болушу мүмкүн.
Эколог Бактыяр Асанов эгер мындан ары экологиялык маселелер алдыга коюлчу болсо, башка да майда кендердин көйгөйү бар экенин айтат:
"Шамбесайды жабуу чечими мындан ары ири кендерди иштетүү, экологиялык маселени алдыга коюп, элдин пикири менен эсептешүү болсо анда жакшы. Бирок, алдыда мындай майда, экологияга зыяны көп кендерди жаап, ири кендерди гана иштетебиз десе, Жалал-Абадда мындай кендер көп да."
Шамбесайдагы алтын кенин иштетүүгө уруксат алган компания менен жергиликтүүлөр ортосунда катуу карама-каршылык 2013-жылы болуп, андан кийин 2018-жылдары күчөгөн. Компаниянын техникалары талкаланган учурлар да катталган. 2018-жылы айылда курултай өтүп кенди иштетүү убактылуу токтотулган.
Ал эми кенди иштетүүгө уруксат алган компания эмне болот, алар буга чейин короткон каражатты ким толуктайт деген суроолорго азырынча жооп жок.