Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Уран калдыгын ташыган машине кырсыгы: комиссия жагдайды иликтейт


Миң-Куш айылында сайга түшүп кеткен автоунаа. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Миң-Куш айылында сайга түшүп кеткен автоунаа. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган машиненин сайга кулашы элди камтама кылууда. Кырсыктын чоо-жайын атайын комиссия иликтемей болду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаада уран калдыктары бар экенин ырастады. Бул тууралуу ал 11-июнда Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожонун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Мирлан Самыйкожо: Миң-Кушта кулаган Камаз боюнча кабардарсызбы?

Медетбек Маметов: Ооба, кабардарбыз.

Мирлан Самыйкожо: Анын ичинде эмне бар?

Медетбек Маметов: Уран калдыктары бар.

Мирлан Самыйкожо: Уран калдыктары уюлдук телефонго да келип атат. Ал сууга кулап атпайбы. Ушунун негизинде мунун Орто Азияга да кедергиси тийип калбайбы?

Медетбек Маметов: Ал окуя 1-июнда болгон. Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы комиссия түзүп иштеп жатат. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. 15 күн убакыт алышкан. 10 күн болуп калды. Ушул жуманын аягына чейин жыйынтыгын чыгарып маалымат берем.

Депутат Мирлан Самыйкожо шалаакылыкка жол бергендерге кечирилгис чараларды көрүүнү сунуш кылды.

Айылдыктардын чочулоосу

Миң-Куш айылынын тургуну Асан Урунбаев ушул айдын башындагы окуя элди түйшөлтүп жатканын айтууда.

1-июнда Миң-Куштагы Туюк-Суу уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташыган HOWO үлгүсүндөгү оор жүк машине кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн.

Асан Урунбаев
Асан Урунбаев

“Ал машине арты менен сайга кирип кеткени чындык да. Азыр эл менен эсептешкен бир киши жок. ӨКМ менен УКМКнын кызматкерлери келип, эч коркунуч жок деп жатышат. Чындыгында калдыктарды ташуу мурда айтылгандай болгон жок. HOWO үстүн эптеп эле жаап коюп, айдап жатышат. Айылды чаңдатып, катуу ылдамдык менен жүрүшөт. Жүктү нормадан ашык жүктөп жатышат окшойт. Кырсыкка кабылган HOWO бир аз өйдөлүштөн эле чыга албай калыптыр. Болбосо ал өзүнүн нормасындагы жүктү тоготпошу керек эле да. Дагы жакшы, машине сууга толук түшпөй калыптыр. Артындагы жүктү экскаватор башка машинеге жүктөп жаткан видеону Интернеттен баарыбыз көрбөдүкпү", - дейт Асан Урунбаев.

Ал бийлик элге толук маалымат бербей жатат деп эсептейт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) алгачкы маалыматында автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун айткан. Ошондой эле мекем кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган. Мындан тышкары, машине “Росатомдуку” экенин кабарлаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялады. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинеге жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Автокырсыктан улам комиссия түзүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында радиациялык абал туруктуу экенин билдирди.

Мекеме 1-июнда Миң-Куш айылында көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк машине “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин, бул окуяга байланыштуу кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түзүлүп, иштеп жатканын кошумчалады.

Комиссиянын курамына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Кыргызстандын тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациялык коопсуздук бөлүмү кирди.

“Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, нормалдуу экенин аныкташты, кооптонууга себеп жок. Андан тышкары, суунун-жердин үлгүлөрүн изилдөөгө алышты. Үлгүлөрдүн жыйынтыгы он беш күндүн ичинде чыгарылат”, - деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат катчысы Айсулуу Исабек кызы.

Миң-Куш айылында Туюк-Суудагы уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы жүзөгө ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2022-жылы уран калдыктарын ташуу иштерин көзөмөлдөгөн комиссия түзүлгөн. Анын курамына жергиликтүү тургундар, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана райондук мекемелердин өкүлдөрү кирген. Комиссиянын мүчөсү Чынара Мадемарова буларды айтты:

“Кырсык болгон учурда мен айылда эмес болчумун. Эл катары эле Интернеттен окудум. Андан кийин айыл өкмөт "баары жакшы, уран калдыгы сууга кошулган жок" деп билдирүү таратыптыр. Мен уран калдыктарын көчүрүүгө алгач каршы чыккандардын бири болчумун. Кийин бийлик өкүлдөрү келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө айыл элинин 70% “мейли, биз деле таза аймакта жашагыбыз келет” деп макул болушкан. Көпчүлүккө кошулуп биз дагы макул болуп калганбыз. Азыр маал-маалы менен текшерип жатабыз. Менимче, иш нормасы менен эле жүрүп жатат”.

Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Архивдик сүрөт.
Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Архивдик сүрөт.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

"Шалаакы мамиле болбошу керек"

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат.

Экология тармагында көп жылдар бою иштеген Рудбек Абдраев буларга токтолду:

“Туюк-Суудагы уран калдыгы көчүрүлүшү керек. Бирок коопсуздук чаралары көз жаздымда калбашы зарыл. Өткөндөгү окуяда жоопкерчиликсиз, шалаакылык мамиле болуп жатканы көрүнүп калды. Элдин саламаттыгы биринчи орунда турушу керек”.

Миң-Куш айылында 4 миңге жакын киши жашайт. Кыштакта уран калдыгы сакталган төрт аймак бар. 2004-жылы жер титирөөдөн кийин тоо этегиндеги жарака беш метрге жетип, уран калдыгы сакталган аймакты бойлой аккан өзөндү бөгөп калуу коркунучу жаралган.

Адистердин айтымында, эгерде жер көчкү жүрсө, ал Миң-Куш дарыясынын жолун торойт. Миң-Куш суусу тосулса, ал уран калдыктарын агызган боюнча Нарын дарыясына куюшу ыктымал. Мындай кырсык Борбор Азиянын башкы көйгөйүнө айланышы мүмкүн дешет адистер.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө уран калдыгы көмүлгөн 92 объект бар. Анын 60ы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында. Радиоактивдүүсү 6 миллион куб метрден ашык көлөмдө.

Миң-Куштагы автокырсык кыргыз бийлиги өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүү жана иштетүү боюнча маселени демилгелеп жаткан маалда жүз берди.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 11-июндагы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Долбоор эми Парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Президент Садыр Жапаров быйыл 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG