Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Блинкен: Курск облусундагы окуялар болочок сүйлөшүүлөр үчүн маанилүү


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын Орусиянын Курск облусунун бир бөлүгүн көзөмөлгө алышы согушту токтотуу боюнча болочок сүйлөшүүлөр үчүн маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу америкалык башкы дипломат 6-январда Сеулдагы сапары учурунда журналисттер менен маектешүүдө айтты.

Блинкен белгилегендей, президент Жо Байдендин администрациясы “Украинаны көзүрлөр менен камсыздоону” көздөйт.

“Украин аскерлеринин Курск облусунда болушу маанилүү, себеби бул факттын жаңы жылда өтүшү мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө эске алынары калетсиз”, - деп айтты Вашингтондун өкүлү.

Украин армиясы өткөн жылдын августунда чек арадагы Курск облусунда операция баштаган. Ошондон бери бир нече айыл-кыштактардан чегинүүгө аргасыз болду. Киев орус аймагына кирүү менен өз жерлерин, асыресе Сумы облусун коргоону максат кылганын билдирген.

Жекшембиде Украинанын расмий өкүлдөрү армия Курскиде орус аскерлерине каршы «бир нече багыттан күтүүсүздөн чабуул койгонун» билдирди. Маалыматты Орусиянын айрым бийликчил блогерлери да бышыктады.

Блинкен ошондой эле согушту токтотуу сүйлөшүүлөрү болсо да, Киев “адекваттуу коопсуздук кепилдиктерине муктаж болорун” белгиледи. Мамкатчы түшүндүргөндөй, эмне дегенде, орус президенти Владимир Путиндин “импердик дымагы кала берет”, ал “оюн аяктады” деп эсептебейт.

Ушул эле күнү жарыяланган интервьюда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен согушту аяктоо үчүн анын өлкөсүнө коопсуздук кепилдиктери АКШ тараптан берилсе гана “маңыздуу” болорун билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG