Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевди 2024-жылдын 30-сентябрында эч жакка чыкпоо тил каты менен тергөө абагынан бошоткону 6-январда белгилүү болду. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко тергөө тобунун башчысы – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү берген.
Былтыр 13-сентябрда мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков кармалган.
Эртеси Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиев 4-ноябрга чейин камалганын билдирген.
УКМК аларды лицензия берүүдөгү жемкорлукка шек санап жатканын "Азаттыкка" атайын кызматтагы булактар билдирген. Жергиликтүү маалымат каражаттары экөө тең 2017-жылы кызматта турганда "мыйзамсыз иштерди жасаган" деп шек саналып жатканын жазышты.
Атайын кызматтагы булактар Сатыбеков 4-ноябрга чейин тергөө абагына камалганы кабарлаган.
51 жаштагы Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектеген. 2017-жылы августта өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болгон.
2018-жылдын октябрында Зилалиевге Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголуп, шарттуу түрдө үч жылга кесилген. Ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталган.
2020-жылы анын үстүнөн Башкы прокуратура Жазык кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Бишкектин Биринчи май райондук соту жети жылга кескен.
2021-жылы июнда Жогорку сот Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотуна жиберген. Жогорку сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.
44 жаштагы Мелис Сатыбеков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. Анын интернеттеги өмүр баянында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштегени тууралуу жазылган.
Шерине