Азербайжандын президенти Илхам Алиев “Азербайжан аба жолдору” компаниясына таандык жүргүнчү учактын кырсыкка учурашы үчүн жоопкерчилик «Орусиянын өкүлдөрүнө жүктөлөрүн» айтты. 6-январда мамлекет башчы экипаждын аман калган мүчөлөрү жана каза тапкандардын жакындары менен кездешкени тууралуу маалымат анын расмий сайтына жарыяланды.
Алиев буга чейин 25-декабрда Бакудан Грозныйга баратып, Казакстандын Актау шаарынын жанына кулап түшкөн Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.
Алиев дүйшөмбү күнкү сөзүндө күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну талап кылды.
«Грозныйдын айланасында аба мейкиндигин жабуу боюнча чаралар өз убагында көрүлсө, жердеги кызматтар эрежелерди сактаса, куралдуу күчтөр менен координациялап иш жүргүзсө, трагедияны алдын алса болор эле», - деп билдирди азери президенти.
Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.
Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.
Азери президенти белгилегендей, учактын «кара жащиктери» Embraer 190 чыгарылган Бразилияга жөнөтүлдү, себеби Орусия кырсыкка чымчыктар же газ баллонунун жарылышы алып келди деп чындыкты жашырууга аракеттенген.
Учакты Грозныйда кабыл албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баруу көрсөтмөсү берилген. Бирок ал шаардын четине кулап түшкөн. Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы жаракат алган.
Алиев каргашада эң көп Азербайжан жарандары каза тапканын, жоготууларга Орусия, Казакстан учураганын, кыргызстандыктар жабыркаганын айтты.
Ал экипаждын мүчөлөрүнө мамлекеттик сыйлык тапшырды.
Буга чейин Алиев 27-декабрда Азербайжан Орусия тарапка авиакырсыкка байланыштуу үч талабын койгонун айткан: кечирим суроо, күнөөнү моюнга алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо жана жабыркагандарга, Азербайжан мамлекетине кенемте төлөп берүү.
Азербайжан президентинин айтымында, бул талаптардын бири гана аткарылды.
Шерине