Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Казан полициясына жана кыргыз консулуна нааразы мигранттар


Казан шаарында тартылган сүрөт. Макаладагы окуяга түздөн түз тиешеси жок.
Казан шаарында тартылган сүрөт. Макаладагы окуяга түздөн түз тиешеси жок.

Татарстанда такси кызматында иштеген кыргызстандыктар Казандагы консулдуктун үстүнөн даттанып, бийликке кайрылышты.

Алар полициянын негизсиз текшерүүсү күчөгөнүнө, мындай жагдайда башкы консул менен жолугуу мүмкүн болбой жатканына арызданышкан. Расмий Бишкек бул маселе көзөмөлгө алынганын билдирди.

"Консул бизди кабыл албайт"

Орусиянын курамындагы Татарстан жумуриятынын баш калаасында такси айдаган ондой кыргыз жаранынын президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдогон видео кайрылуусу 26-июлда интернетке чыкты.

“Биз 24 сааттын 12 саатында көчөдө болобуз, дайыма жол коопсуздугу кызматкерлерине, полицияга түшөбүз. Колубузда документибиз болсо дагы алар бизди коё бербейт. Булардын максаты бизди депортация кылуу, мигранттардын санын азайтуу. Башкы консул бизди эч качан кабыл албайт, телефон чалсак албайт, жазсак жооп бербейт. Жардамчысы "башкы консул уруксат берсе көмөктөшөм" дейт, же болбосо уурданып келип, полициядан бизди чыгарып кетет. Аларда полиция менен сүйлөшкөнгө ыйгарым укук бар. Бизди “силер бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр? Барып малыңарды баккыла” деп шылдыңдашат. Маселебизди айтсак, "биздин мамлекетке шек келтирип жатасыңар" деп коркутат”,- деди кайрылуу жасаган жарандардын бири.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Орусияда жагымсыз уюмдардын катарына киргендиктен, кайрылуу жолдогондордун коопсуздугу үчүн алардын видеосун жарыялай албайт.

Тышкы иштер министрлиги ишембиде комментарий берип, мигранттар менен башкы консул Эрик Бейшембиев жолукканын, кеп-кеңеш берилип, орчундуу маселелерди талкуулоо үчүн маал-маалы менен жолугушуп туруу макулдашылганын билдирди.

“Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алды. Жакында Башкы консулдукта бул көйгөйдү дагы талкуулап, өз ара кызматташуунун жол-жобосун иштеп чыгуу үчүн кайрылуу жасаган жарандар менен дагы жолугушуу пландалууда”, - деп жазылган маалыматта.

Казанда Кыргызстандын Башкы консулдугу быйыл февралда ачылган.

"Тең ата сүйлөшүш керек"

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү Нуржигит Кадырбеков бул окуяга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берип, консулдун милдетин эске салды:

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

"Консул - түздөн - түз эл менен иштей турган адис. Кандайдыр бир жагдайларда ыкчам чара көрүү анын милдетине кирет. Консулдун кандай иштеши анын ыкласынан, адамдык сапатынан көз каранды. Айрым жерлерде элге чын дилден жардам берген мыкты консулдарыбыз бар. Казандагы консулга байланыштуу бул окуя абдан өкүнүчтүү".

Ошондой эле депутат мигранттардын укуктары сакталышы үчүн Москва менен тең ата сүйлөшүү зарылдыгын да белгиледи:

"Орусиянын мигранттарга каршы чаралары катаалдашып баратканын түшүнөм. Бирок "ушундай болуп жатат" деп кол куушуруп отура берген да туура эмес. Биз Орусия менен бир канча эл аралык уюмдарда чогуубуз. Ал уюмдарда карым-катыш жаатындагы шарттар, эрежелер бар. Ошого таянып чечкиндүү чаралар жасалса, ал жактагы мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү да биздин жарандарыбызга сый-урмат менен мамиле кылат".

Мигранттарга каршы катаал чаралар демекчи, Мамлекеттик Дума полицияга чет элдик жарандарды депортациялоого уруксат берген мыйзам долбоорун 23-июлда кабыл алды. Буга чейин мындай укук сот же Чек ара кызматында болгон. Жаңы мыйзамга президент кол койсо, 180 күндөн кийин күчүнө кирет.

Миграциялык саясаты ансыз да эл аралык коомчулуктун сынына кабылып жүргөн Орусияда быйыл мартта "Крокус сити холлдо" болгон теракттан кийин мигранттарга каршы терс маанай ого бетер күчөгөн. Орусиянын бийлиги мыйзамдарын сактабаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылышы керек деген турумду карманууда.

"Коррупцияга жол ачкан мыйзам"

Мигранттарга укуктук жардам көрсөтүп келаткан "Инсан-Лейлек" уюмунун кызматкери Нурсултан Карабаев акыркы учурларда борборазиялыктарды көчөдөн кармап эле полиция бөлүмүнө алып кеткен окуялар көбөйгөнүн айтууда:

Нурсултан Карабаев
Нурсултан Карабаев

"Муну дискриминация дегенибиз туура. Жумуштан үйгө же үйдөн жумушка бараткандарды кебетесине карап эле токтотуп, полицияга алып кеткен туура эмес. Орусиянын мыйзамдары жылдан жылга татаалдашып баратат. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандары Орусиянын аймагында 180 күн каттоосу жок жүрө алат. Бирок жаңы мыйзам долбоорунда ал кыскарып, 90 күн деп белгиленди. Орусияда мигранттарды депортациялоо укугунун полицияга берилишинин дагы бир кооптуу жагы - коррупция күчөйт. Мигранттардын акчасы полиция кызматкерлеринин чөнтөгүнө түшө баштайт. Анткени, орус полициясы коррупциялашканы буга чейин эле белгилүү".

Орусиянын Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, жыл башынан бери миграциялык мыйзамды бузган 65 миң адам өлкөдөн чыгарылып, дагы 120 миң чет элдик жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Өткөн жылы 170 миң чет элдикке ушундай чара көрүлгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин "Азаттыкка” жыл башынан берки төрт айда 282 кыргызстандык Орусиядан депортация болгонун билдирген. Былтыр бир жылда 13 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылган.

Расмий маалымакта ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.

Быйыл алты айда Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын 4700ү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган. Аталган мекеме жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.

XS
SM
MD
LG