Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:27

Кыйноо көргөн Макаров абактан чыкты


Колонияда отурган кезде кыйноолорго туш болгонун айтып чыккан орусиялык Евгений Макаров түрмөдөн чыкты.

Ярославлдагы ал окуя боюнча кылмыш иши козголуп, уруп-сабоого шектелген 12 түрмө кайтаруучу кармалган.

Орусиянын Жаза өтөө федералдык кызматы абактагы зордук-зомбулук жөнүндөгү бардык даттануулар текшерилерине убада кылган.

Сентябрда сот Евгений Макаровдун тергөө абагында өткөргөн убактысын эске алуу менен анын жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамга ылайык кайра санап чыккан. Шейшембиде ал эркиндикке чыкты. Макаров абактан кетип баратып кыйноолор жөнүндөгү иштерге байкоо саларын айтты:

- Колдооңорго, бул системада болуп жаткан былык иштерге кайдыгер карабаганыңар үчүн ыраазымын. Түрмөдөгү чоңдор кул күтүү системасын түзүп алышкан. "Кулдардын мамлекетин" орнотуп, эркиндик беришпейт, такай кордошот.

Макаров тепкиге, кемсинтүүгө дуушар болгон башка айыптуулар түрмөдө калып жатканын белгиледи:

- Билимсиз, колуна таяк менен ачкычты жаңы эле кармаган кызматкердин "бүгүлүп бас" деген буйругун аткарбай койсоң, таяк жейсиң.

Макаровду түрмөдөн чыккандан кийин "Коомдук вердикт” уюмунун өкүлдөрү Ярославлдагы №1 колонияда жаза өтөп жаткан адамдардан уруп-сабоо жөнүндө арыз түшкөнүн, бирок көбү системага каршы күрөшүүдөн баш тартканын айтышты.

Өткөн июль айында «Новая газета» Жаза өтөө федералдык кызматынын ондон ашуун кызматкери Макаровду аёосуз сабап жатканы тартылган видео тасманы жарыялаган. Видеодон жабырлануучунун колу байланганы даана көрүнүп турат. Тасмага былтыр июнь айында жазылган кадрлар түшүп калган.

Укук коргоочу активисттер "бул кыйноо экени айдан ачык" деп билдиришкен.

Мыйзамсыз иш коомдук резонанс жаратып, колониянын 12 кызматкери кармалган. Аларга кызмат абалынан ашыкча пайдалануу деген кине коюлган. Дагы бир кызматкер үй камагына алынган.

БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери орус бийлигин абактагыларды токмоктоо, электрошокер колдонуу, тумчуктуруу өңдүү кыйноо учурларын текшерип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга үндөгөн.

- Түрмө кызматкерлери чагым кылып жатышты. Менин мыйзамдуу талаптарымды аткара албай же аткаргылары келбейт, атайы жаңжалга түртүшчү. Өздөрү билгендей кылышчу.

Былтыр жыл этегинде Макаров номур биринчи колониядан башка жерге которулган. Бирок ал жайда да дароо сабалганын, мурдагы колониядагылар камакка алынгандан кийин да коркутуулар, ыдык көргөзүү уланганын айткан.

Августта «Коомдук вердикт» менен «Новая газета» номур биринчи колониядагы айыпкерлердин ур-токмок жегени тартылган дагы бир видео роликти чыгарган. Жаза өтөө федералдык кызматы ошондон кийин текшерүүлөрдү баштаган.

Макаров карактоо, опузалап акча өндүрүү жана адамдын ден соолугуна зыян келтирүү айыптары боюнча алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Быйыл жайында Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөр киргизилгенде жаза мөөнөтүн кайра карап чыгууну өтүнгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG