Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Орусиянын Хоккей федерациясы айыпка жыгылды


Орусиянын Улуттук хоккей федерациясы 80 миң швейцария франкы же 85 миң АКШ доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

17-майда дүйнө чемпиондугунун финалында Канадага утулуп калган орусиялык хоккейчилер медаль тапшыруу салтанатынын аякташын күтпөй муз талаасынан чыгып кетип калышкан.

Финалдык беттешүүдө 1-6 эсеби менен жыдыган Орусиянын хоккейчилеринин көбү Канаданын улуттук гимни ойноп, биринчи 3 орунду ээлеген командалардын желектери көтөрүлө электе эле сыртын салып, муздан кетип калышкан. Орусиянын Хоккей федерациясы аянтчанын капталындагы эшик ачык тургандыктан, оюнчулар "бул - кете бергиле" деген белги экен деп ойлошконун айтып актанган.

Бирок Хоккей боюнча Эл аралык федерациянын тартипке тартуу комитети 24-августта андай жүйөөнү четке какты.

Орусиялыктардын аянтчадан кетип калышы кайсы бир жаңылыштыкка байланышпаганын белгилеген комитет, видеолорду көрүп чыккандан кийин капитан Илья Ковальчук кете бергиле деп, башы менен ишара кылганы анык көрүнүп турганын билдирди. Анын үстүнө тажрыйбалуу команда катары алар бардык эрежелерди билишери комитет мүчөлөрүнүн бүтүмүндө ырасталды.

“Тарыхта дүйнө чемпиондугунун медаль тапшыруу салтанаты аяктай электе, бир да команда музду таштап кеткен эмес” деп айтылат Цюрихте жайгашкан комитеттин билдирүүсүндө.

Өткөн жума күнкү угууларда Орусия Хоккей федерациясынын башкы менеджери Андрей Сафронов ал окуя үчүн өкүнүчүн билдирип, оюнчулар менен команда мүчөлөрүнүн жоругу үчүн кечирим сурады.

Ошентип, Орусиянын федерациясы 85 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Ал эми океандын ары жагындагы белгилүү клубдарда ойноп келген Ковальчук жеке өзү эч кандай жаза алган жок. 2013-жылы ал Сочи Олимп оюндарынын алдында Түндүк Американын Улуттук хоккей лигасынан - НХЛден кетип, СКА Санкт-Петербург командасына кошулган. Баса, кышкы оюндарда да Канаданын хоккейчилери жеңишке жетишкен.

Орусиялык команданын мындай мамилеси ошондо да хоккей дүйнөсүнүн катуу сынына кабылган. Канадалык мурдагы машыктыруучу Дон Черри:

- Биз аянтчада жалгыз турдук. Алар жеңгенде биз эч жакка жылбай туруп бергенбиз, эми болсо алар кете беришти. Бардык жагынан утулушту, – деп комментарийлеген.

Мекенинде да орус командасынын мындай жосунун көпчүлүк күйөрмандар жактырган эмес.

Финалдын эртеси, 18-майда алар Москвадагы Внуково аэропортуна конгондо, журналисттер гана тосуп алышкан. Хоккей фанаттарынын демейдегидей тосуп чыгууга келбей калышын айрымдар ошол окуяга байланыштырып, күмүш медаль деле жакшы жетишкендик экенин белгилешкен.

Gazeta.ru сайты ошондо сурамжылоого тарткан 18 миңдей кишинин 95 % орус оюнчуларынын Канаданын гимни ойной электе эле муздан кетип калышын колдошпогонун билдиришкен.

Либералдуу көз караштары менен белгилүү сайттын редакторлорунун бири: “Биз ар дайым башкалардан баалулуктарыбызды, жеңиштерибизди урматтоону талап кылабыз. Бирок көп учурда башкаларды сыйлаганды унутуп калабыз”, - деп жазганы бар.

Ошол эле маалда орусиялык айрым маалымат каражаттары бардык эле хоккейчилер муздан чыгып кетпегенин баса белгилешкен.

Маселен, Овечкин, Малкин, Тихонов, Куликов өңдүү оюнчулар медалдарын алгандан кийин дагы бир нече убакыт аянтчада туруп, кийин гана башкаларга кошулушканын ТАСС агенттиги жазган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Орусиянын Улуттук федерациясы Эл аралык федерациянын чечимин талашып, апелляция бербей турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG