Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:28

Украина: Орусиянын дрон соккусунан дагы он киши каза болду


Глухов шаары. 2024-жылдын 19-ноябры.
Глухов шаары. 2024-жылдын 19-ноябры.

Украина чек арадагы Сумы аймагындагы Глухов шаарында Орусиянын 19-ноябрга караган түнкү дрон соккусунан каза болгондор 10го жеткенин билдирди. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, өмүрү кыйылгандардын бири бала экени белгилүү болду.

Жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасы кыйрады. Жараат алгандар 13 киши, алардын үчөө балдар.

Украин президенти Владимир Зеленский мындай соккулар Орусия башчысы Владимир Путиндин "чыныгы ниети" кандай экенин көрсөтүп турарын айтып:

"Ал согуштун уланышын каалайт. Тынчтык тууралуу сөздөр ал үчүн кызыксыз. Орусияны калыс тынчтыкка күчтөп гана келтирүү керек", – деп белгиледи.

Шейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына Shahed согуштук дрондорунан 87ни учурганын, алардын 51и Черкассы, Чернигов, Киев, Полтава, Житомир, Сумы, Николаев, Запорожье жана Харьков облустарынын аймагында атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү маалымдады.

Орусия чек арадагы Глухов шаарына жасалган чабуул боюнча комментарий берген жок.

18-ноябрда Одессада үйлөр жайгашкан районго баллистикалык ракета түшүп, кеминде 10 адамдын өмүрү кыйылган, дагы 50 чакты киши жараат алган.

Бүгүн Орусия Украинага толук масштабдуу согуш ачканына туура 1000 күн болду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG