Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:33

Орусия: суу ташкыны тарыхый чектен ашты


Амур регионунда суу ташкынында калган айылдын асмандан көрүнүшү, 14-август, 2013
Амур регионунда суу ташкынында калган айылдын асмандан көрүнүшү, 14-август, 2013

Орус бийликтери Ыраакы Чыгыштагы суу деңгээлинин буга чейин болуп көрбөгөн чекке көтөрүлүшүнүн айынан жаралган акыбал менен күрөшүүгө аракет кылып жатышат. Хабаровск шаарында Амур дарыясынын деңгээли бүгүн тарыхый чекти ашты. Адистер эң опурталдуу учур али алдыда экенин эскертишүүдө.

Хабаровскинин айланасында Амур дарыясындагы суунун деңгээли кадимки чегинен 6 метр 42 сантиметрге көтөрүлгөн. Адистердин айтымында, 25-августка чейин ал жети метрге чыгышы мүмкүн. Суу ташкыны сентябрга барып гана кайра ылдыйлашы мүмкүн деп жатышат.

Жалпысынан 66 калктуу пункттарда 5000 ашуун там-жайды суу каптап калган. Алардагы 35 000 адам азыр кырсыктан жабыркады.

Жекшембиде журналисттерге сүйлөп жатып, Орусиянын Эмгек жана Социалдык коргоо министринин орун басары Алексей Вовченко: "Суу негизинен айыл-кыштактардан турган кеңири аймакты каптап калган. Асмандан карасаң, өтө эле чоң жер. Мындай бул жерде такыр болгон эмес. Жеке адамдардын үйлөрү, тамаркалары, эгин талаалары менен мал кармаган жайлары, - баары суу астында. Ушул жердеги эл эптеп күнүн көргөн мүлктүн баары азыр эми жоголгонун эске алганда, Амур облусунун бийлиги аларды кышкыга жетиштүү буюм-тайымдар менен камсыздаш үчүн чечим кабыл алып жатат", - деди Вовченко.

Хабаровск шаарынын чегиндеги айылдардын биринде балдар бакчасы там-жайсыз калгандарды кабыл алуучу жайга айландырылган, 15-август, 2013
Хабаровск шаарынын чегиндеги айылдардын биринде балдар бакчасы там-жайсыз калгандарды кабыл алуучу жайга айландырылган, 15-август, 2013
Жумурияттын Коргоо министрлиги жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймакка догдурларды жиберди. Саламаттыкты сактоо жетекчилери азыр аймактагы элге иче турган сууну сөзсүз тазалоо зарыл экенин айтып, түрдүү жугуштуу оорулардан сак болууну эскертип жатышат. Канчалаган адамдарга эмдөө жасалып жатканы да кабарланууда.

Министрдин орун басары Вовченко азыр көрүлүп жаткан аракеттерге басым жасап: "Азыр ал жакка бүт ресурсту жумшап жатабыз, - деди. - Аскерлер да убактылуу чатыр лагерлерин курууга жардамдашып жатышат. Чындап азыр биз буга чейин көрбөгөн деңгээлде калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө".

Вовченко жабыркаган жерлерден чукул каржылык колдоо сурап кайрылгандардан 25 миңдей арыз түшкөнүн кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча, жума аягында суу 7 метрге чейин көтөрүлөт деп күтүлүүдө. Эгер андай болсо Хабаровск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре шаарлары жана коңшулаш жайгашкан 6 район суу астында калышы ыктымал.

Орусиянын Ыраакы Чыгышында мындай суу ташкыны экинчи жолу кайталанууда. Буга чейин 1984-жылы да ушундай кырсык катталган. Бул жолу суунун деңгээли андан кыйла жогорулап, тарыхый чектен ашканы маалымдалууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG