Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:43

Украина: Энергетикалык системага сокку урулду, Польша истребителдерин көтөрдү


Киевдин тургундары метродо башкалкалоого аргасыз болду. 17-ноябрь 2024-жыл
Киевдин тургундары метродо башкалкалоого аргасыз болду. 17-ноябрь 2024-жыл

Жекшембиде орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жана башка жарандык жайларга дрондор жана ракеталар менен жапырт сокку урганы кабарланды. Чабуулдун ири масштабынан улам НАТОнун мүчөсү болгон кошуна Польша истребителдерин абага көтөрүүгө аргасыз болду.

Ал арада украин президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү Орусия менен согуштун эмки жылы дипломатиялык жол менен аякташы үчүн болгон күчүн жумшоого тийиш деп айтты.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко бүтүндөй өлкөнүн энергетикалык системасы чабуулга туш болгонун, электр энергияны чукул өчүрүү режими киргизилгенин билдирди.

Анын айтымында, энергетиктер жана куткаруу кызматтары соккулардын кесепетин жоюунун үстүнөн иштеп жатышат.

Орусиянын ракетасы тийгенден кийин тутунган өрттү өчүрүү аракети. Львов, 17-ноябрь, 2024-жыл
Орусиянын ракетасы тийгенден кийин тутунган өрттү өчүрүү аракети. Львов, 17-ноябрь, 2024-жыл

Энергетиктердин маалыматы боюнча, Киев, Днепропетровск жана Донецк облустарында жарык убактылуу өчүрүлдү. Андан тышкары Одессанын айрым райондоруна электр энергиясын берүү убактылуу токтотулду.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига "тынч шаарлар, бейкапар уктап жаткан жайкын тургундар, маанилүү инфраструктура бутага алынганын" Х социалдык тармагына жазды:

“Бул - согуш кылмышкери президент Путиндин ага жакында телефон чалып жана жолугуп кеткендерге чыныгы жообу”, - деп айтылат анын постунда.

Чабуулдун масштабынан улам кошуна Польша согуш учактарын абага көтөрүүгө аргасыз болду.

“Орусия Федерациясынын Украинанын башка аймактары менен катар батыш тарабына канаттуу, баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учактар менен жапырт чабуул койгонуна байланыштуу польшалык жана өнөктөштөрдүн учактары биздин аба мейкиндигибизде аракеттене баштады”, - деп айтылат Польшанын куралдуу күчтөрүнүн оперативдүү командачылыгы Х социалдык тармагына жайгаштырган билдирүүдө.

Командачылык абадан коргонуу жана радиолокациялык чалгындоо системалары күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин кошумчалады.

Башкалка издеп бараткан шаардыктар. Киев, 17-ноябрь, 2024-жыл
Башкалка издеп бараткан шаардыктар. Киев, 17-ноябрь, 2024-жыл

Жекшембиге караган түнү украин башкалаасы дрон чабуулуна туш болгон. Бир турак жайдын чатыры аппараттын сыныктары кулаганда өрттөнүп, кеминде бир киши жараат алды. Бул тууралуу Киев жетекчилигинин Телеграмдагы каналында кабарланды.

Мэр Виталий Кличко чукул кырдаалдар кызматтары жерине жөнөгөнүн жазды.

"Путин тынчтыкты эмес, изоляциядан чыгууну каалайт"

Келаткан аптада Орусия жок жерден Украинага басып киргенине миң күн болот. Москва оккупациялап алган аймактарда позицияларын бекемдөө үчүн согушка эбегейсиз сандагы курал-жарак, адамдарды салып жатат. Орус аскерлери кошуна өлкөнүн дээрлик 20% көзөмөлдөп турат.

Украина жоготууларды азайтууга, өнөктөштөрүн аскердик жардам берүүнү улантууга көндүрүү аракетин көрүүдө.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп урушту тез арада токтоторун айтып келатат. Бирок ал кандай кандай жол менен ишке ашары белгисиз.

Ишембиде украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский анын өлкөсү Орусия менен согуштун эмки жылы дипломатиялык жол менен аякташы үчүн аракеттенүүгө тийиш деп жергиликтүү радиого берген интервьюсунда билдирди.

«Менимче, Путин тынчтыктын орношун каалабайт. Бирок ал лидерлердин бири менен отуруп сүйлөшкүсү келбейт дегенге жатпайт. Эмне себептен? Сүйлөшүү ал үчүн Орусияны согуш башталгандан берки саясий изоляциядан чыгарууну билдирмек».

Дрон тийген турак жай. Николаев, 17-ноябрь, 2024-жыл
Дрон тийген турак жай. Николаев, 17-ноябрь, 2024-жыл

Өткөн бейшембиде Москванын Женевадагы элчиси Трамп согушка чекит коюу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаса, Орусия ага макул болушу ыктымал деп айтып, бирок “жериндеги реалдуулук” эске алынууга тийиш экенин кошумчалаган.

Бул сүйлөмдүн артында Москванын Украина орус аскерлери жарым-жартылай оккупациялаган төрт облустан баш тартууга тийиш деген ою жатат. Орус бийлиги ал жерлерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт.

Зеленский кол салуу башталгандан бери орус күчтөрү Москва басып алган бардык аймактардан, анын ичинде Крымдан сүрүп чыгарылмайынча, тынчтыкка жетишүү мүмкүн эмес деп кайталап келатат. Ошол эле маалда ал өткөн айда сунуш кылган “тынчтык планында” эл аралык мыйзамдарда таанылган 1991-жылдагы чек араларга кайтуу тууралуу айтылган эмес.

15-ноябрда Германиянын канцлери Олаф Шольц эки жылдан бери биринчи жолу Орусия президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнү маалым болгон. Расмий Берлин канцлер "Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун айыптап, Путинди согушту токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырганын", Украина менен сүйлөшүү жүргүзүүгө үндөгөнүн жана Германия Киевге канча жардам керек болсо, ошончолук колдоосун көрсөтө берерин айтканын билдирди. Немис өкмөтү жарыялаган маалыматта Путин менен сүйлөшөр алдында Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленскийге да чалганы айтылды.

Ал арада 16-ноябрда "Чоң Жети" Москвага каршы санкцияларды күчөтүүнү убада кылды.

Согуштун миң күндүгүн утурлай чыккан билдирүүдө Орусия “адилет жана бекем тынчтыкка жетүүдө жападан-жалгыз тоскоолдук” деп аталган.

Топтун мүчөлөрү “Украинаны канча керек болсоЮ ошончолук убакыт колдоруна” ишендиришти.

Шерине

XS
SM
MD
LG