АКШдагы көзкарандысыз комиссия 28 мамлекеттеги абалды талдоого алды. Андагы негизги ой – дүйнөдө диний эркиндик “кыскарып, басмырланып” жатат.
Тизмеде “тынчсызданууларды” жаратып жаткан делген 13 мамлекет да бар. Кытай, Иран, Түндүк Корея, Судан, Өзбекстан өңдүү кооптуу абалдагы мамлекеттер буга чейин деле тизмеде болушчу. Комиссиянын бүтүмү АКШнын президентине, мамлекеттик катчысына, Конгресске “тышкы саясатты жүргүзүүдө эске алчу жагдай” катары жиберилет.
Комиссиянын башкы аналитиктеринин бири Кэти Космандын айтыманда, бул баяндама дүйнөдөгү репрессивдүү өкмөттөр үчүн динге көзөмөл “эптеп бийликте калуунун куралы катары колдонулуп жатканын” айгиниледи.
Маселен, Вьетнамда адамдар динге ишенимди коргошкону үчүн түрмөгө кесилишти, Египетте өкмөт бахаилер менен ал жактагы копт христиандарынын жана бир топ башка диний азчылыктардын укугун бузду. Түндүк Кореяда кандай гана дин болбосун, аны тутунгандардын неберелерине чейин урук-тууганын иш лагерлерине камады. Кытай диний уюмдардын иш-аракеттерине чектөөлөрдү киргизип, чиркөөлөр менен башка ибадатканаларга көзөмөлдү күчөттү.
Быйыл биринчи жолу комиссия АКШнын өкмөтүнө дүйнөдөгү бир адам боюнча сунушун айтты. Укук коргоочулар Вашингтонду Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун АКШга киришине такыр тыйуу салууга, виза бербөөгө чакырышты. Мындай сунушту бул комиссия 11 жылдан берки ишинде бир жолу да киргизе элек болчу. Муну комиссия Рамзан Кадыровдун жетекчилигиндеги чечен армиясынын адамдарды эзип, укуктарын тебелеп жатканы менен түшүндүрдү.
Аналитик Кэти Космандын айтымында, посткоммунисттик Европа менен Борбор Азияда өкмөттөр адамдардын ишеними эле эмес, эмнени ойлоп жатышканын да көзөмөлдөп тургулары бар.
"Менимче, бул постсоветтик аймактагы өкмөттөрдүн каалоо-мүдөөсүн көрсөтөт. Дүйнөнүн бул бөлүгүндө өкмөттөр адамдар эмнени, кандайча ойлонуп жатышканын да башкарып турганга далалат жасап жатышат", - деди аналитик Косман.
Анын айтымында, Орусия менен кошо Борбор Азиядагы мамлекеттер адамдардын диний аракеттерин экстремисттик мүнөздө кабыл алган практикасын күчөтүштү.
"Өзбектер “диний экстремизмге” карата аныктамасын улам өзгөртүп, экстремизм катары таанылган аракеттердин тизмесин да кеңейтип жатышат. Бир эле мисал, түрк дин таануучусу Саид Нурсинин эмгектерин окугандарды азыр экстремист деп атай башташты. Бул өңдүү аракеттер Тажикстан менен Орусияда да байкалууда", - деди Косман.
Эмнегедир, АКШдагы өкмөттүк комиссиянын бул баяндамасында Кыргызстандагы абал талдоого алынган эмес. 2008-жылдын 1-октябрында Ноокатта Орозо айт учурунда тополоң болуп, ал үчүн 32 адам “Хизбут-Тахрир” партиясынын мүчөсү делинип, узак мөөнөткө түрмөгө кесилген эле.
Укук коргоочулар алардын укугу орой бузулганын айтышкан. Ушул аптада Кыргызстандагы утурумдук өкмөт Ноокаттагы окуялар үчүн камалгандарга мунапыс жарыялана турганын билдирди. Бирок ал качан жарыяланып, адамдар качан түрмөдөн бошотулаары белгисиз.