Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Реформа: кыргыз медицинасынын өксүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкектеги травматология, ортопедия илим изилдөө борборун Тез жардам клиникалык борборуна айландыруу демилгесинен чыккан чыр тармактагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Адистер реформанын күңгөй-тескейи тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, пикирлери менен бөлүштү.

"Азаттыктын" түз эфирдеги "Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташболот Балтабаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов, медицина илимдеринин кандидаты Нурбек Моңолов катышты.

Адистердин талкууда айтылган айрым пикирлерин сунуштайбыз.

Ташболот Балтабаев: Албетте, эки адамдын чырын саламаттык сактоо системасынын бир көрүнүшү катары коомчулукка таңуулай берген туура эмес. Бул окуя мамлекет үчүн өтө деле маанилүү болбосо керек. Мурда эле оюмду айткам, өкмөттө түзүлгөн компетенттүү комиссия терең анализдеп чыкса иштин ак-карасы аныкталат.

Калдарбек Абдраманов: 30 жылдык реформадан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Чет элдик үй-бүлө медицинасын киргизебиз деди эле, андан да жыйынтык чыкпады. Ошондуктан, президенттин демилгеси туура. Медицинаны реформалоо - он жылдан бери бышып жетилип, кайнап кеткен проблема. Бүгүнкү окуя деле медицинанын акыбалынан кабар берет.

Албетте, жогорку жетекчилер талап коюп жаткан соң министр реформа жүргүзүшү керек. Бүгүнкүнү шаардык деңгээлдеги жергиликтүү реформа деп койсок болот. Системдүү реформа кандай болорун, айта албайм. Бирок, оптималдаштыруу, керектүү түзүмдөрдү кошуп, бириктирүү, тармактар боюнча иш алып баруу, өзгөчө тез жардам боюнча айтылып атат. Бизде андай оорукана жок эле. 17 жыл мурун ал борбор тез жардам ооруканасы болчу. Ошону калыбына келтирип атат. Анын жаңылыгы деле жок. Ошондуктан, буга туура түшүнүү менен мамиле кылыш керек.

Рысбек Абдылдаев: Акыркы эки жумада министр, анын орун басары үй-бүлөлүк дарыгер деген институт жок деп атат. Ал институтту түзө албасак элди ким дарылайт? Канча жылдар, миллиондогон канча акча кетти, канча жыйындарда мактанып келдик. Анда биз элди алдап келген экенбиз да. Эмнегедир министрликтин оюна кошулбай турам. Калыстык үчүн айта турган нерсе мен көп жылдан бери үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндөмүн. Үй-бүлөлүк дарыгерлер системасында иштеген жакшы адистер бар.

Бизди тынчсыздандырганы – реаниматология багытында адистер жок. Билим берүү, кадр, каржылык проблема бар. Демек, реформа жакшы жүргөн жок. Азыркы система менен медициналык камсыздандырууну киргизүү мүмкүн эмес. Себеби, эл төлөгөн жана мамлекет кошкон акча менен дарылоо, диагноз коюу мүмкүн эмес. Бул тармак абдан кымбат. Камсыздоо каражатын (өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй ар бир жаранга милдеттүү түрдө камсыздоо акысы – ред.) төлөй албайт, калктын социалдык абалы ага шайкеш эмес. Айта берсек бизде “эки мүшөк” факты бар.

Ташболот Балтабаев: Бүгүн саламаттык сактоо системасына 16-18 млрд. сом бөлүнүп жаткан болсо, 2-2,5 млрд. сому гана камсыздандыруу мыйзамына ылайык соцфондго түшүп атат. Себеби, бизде аны төлөй турган киши жок. Эл жапырт жакшы айлык алып иштеп, камсыздандырууга көп пайыз төлөгөндө гана ал (камсыздоо акысын ар бир жарандын төлөөсү-ред.) ишке ашат. Бизде аты бар, заты жок, алдамай система иштеп атат.

Реформа деген сөздөн жадагандай да болдук. Бирок, реформада өтө көп компоненттер бар. Мисалы, башкаруу, кадрлар, адистер, атаандаштык, каржы, инфраструктура, жабдуу, географиялык жайгашуу (айыл, шаар, тоолуу аймак), алардын структурасы, менталитет (мисалы, эркек гинекологго аял киши барбайт), илим, инновация. Азыр бизде жаңы багыт пайда болду. Фармация - 100 пайыз менчик. Менчик медборборлор, лабораториялар пайда болду. Буга чейинки реформа жараяндарында булар каралган эмес. Мына ушундай жаңылыктарды реформанын нугуна киргизүү керек.

Расмий маалыматтар боюнча 2021-жылы Саламаттык сактоого жан башына бир жылга бөлүнгөн акча 2461 ($29) сом болуптур. Казакстанда 14 444($170) cом болуптур. Демек, реформа каражатка жана башкарууга көз каранды. Канчалык реформа оптималдуу болсо дагы акча жетишпесе, паракорчулук жана башканын бардыгы чыга берет.

Нурбек Моңолов: Реформа дегенде, мисалы, “Манас таалимин” (2006-2010-жж., улуттук программа-ред.) окусаңар кагазда сонун, идеалдуу. Бирок, ал аткарылбай жатат. Ишке ашыра албай жатабыз. Каражат туура эмес бөлунүп, колдонулуп калды. Мамлекет монополия болуп алган. Анын бардыгы өттү. Эми медицинаны башкарууну Грузиядагыдай мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүнө, менчикке бериш керек. Өнүккөн медицинасы бар бир дагы өлкөдө мамлекеттик медицина жок. Норвегия сыяктуу эле айрым бай өлкөлөрдө акысыз болушу мүмкүн. Медицина такай өнүгүп турган тармак болгондуктан, ага миллиарддаган акча салсаң дагы жетпейт.

Албетте, эл нааразы болот. Ошондуктан, медициналык милдеттүү камсыздандырууну мамлекет эле монополия кылбай, менчиктерге да бериш керек. Эл төлөбөйт, төлөсө да камсыздандыруучу компаниялар аркылуу төлөйт дегенди элге түшүндүрүш керек. Каражаты жокторго мамлекет социалдык камсыздандыруу жасашы керек. Ошондо мамлекеттик жана менчик ооруканаларда жандуу атаандаштык болот. Азыр карасаңыз, менчик клиникалар өнүгүп, алдыга кетип баратат. Мамлекеттиктер акчасын же энергияга, же жабдыгына, же ремонтуна, же билим берүүгө, же айлыкка жеткире албай калды. Ошон үчүн системдүү коррупция болуп жатат. Негизи кардарлар мамлекеттик ооруканага деле, менчикке деле бирдей каражат коротууда.

Калдарбек Абдраманов: Мен он жылдан бери Жалал-Абадда, аймакта иштейм. Ошон үчүн Бишкекте, иш бөлмөдө отуруп алып реформа жасаган кесиптештерден айырмам - бул проблеманы жеринен билем. “Манас таалими” эч качан идеалдуу болгон эмес. Жергиликтүү шартты, өзгөчөлүктү эске алган эмес. Ошондуктан, миллиондогон акча коротулган медиа жабдыктар чирип, жок болуп кетти. Ал аппаратураларды көрдүм. Экинчиден, үй-бүлөлүк медицина жок. Ким бар десе мени менен дискуссияга чыксын, далилдеп берем. Бир эле нерсени айтып коеюн, ошол эле Англияда үй-бүлөлүк дарыгер пункция жасайт, ЭКГ тартып, аны чечмелеп окуй алат. Бизде дарыгердин аппараты да жок. Бир-эки аппараты оңчулуктуу иштебеген райондор бар.

Дагы бир маселе, келечек жеке менчик клиникаларда деген пикирге кошулбайм. Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча көп адамдар мамлекеттик оорукананын кызматынан пайдаланышы керек. Ошондуктан, азыркы система туура эмес кетип атат. Реформа болгон жок. Чынында жадатып жиберген. Реформа отуз жылда эмес, бир жылда, эки жылда болот да.

Акча табыштын жолу бар. Мамлекеттик ооруканаларда шарт жок үчүн жеке менчикке барып, ошол жакка акчасын төгүп атат. Мамлекеттик ооруканалардын ички каржы булагын колдонуу керек. Ал эмне? Бизде мамлекеттик лабораториялар, мамлекеттик дарыканалар барбы? Миллиарддаган акчалар ошол жакка кетип атат. Мамлекет каржылап бергенде бейтаптар ошол менчик дарыканага барбайт эле. Келечектеги реформанын багыты ушул тарапта болуш керек. Ооруканаларга акча табууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Анын жолун экономисттер эсептеш чыгышы керек. Хозрасчет деген бир вариант. Акыркы он жылда ФОМСтун бюджети 16 -18 миллиарддан жогору өскөн жок. Калкыбыздын саны 2 миллионго чыкты. Биз долбоорлор, кредиттер менен өнүгө албайбыз. Медицинанын өзүнө өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Программаны Фейсбукка он жылдан бери чыгарам. Өкмөттө көңүл буруп койгон киши жок. Мамлекеттик ооруканалар ошондо жеке менчикке атаандаша алмак.

Рысбек Абдылдаев: Эң чоң көйгөйлөрдүн бири - кадрлардын сабатсыздыгы. Биз артта калдык. Себеби, билим берүү системасында өзгөрүүлөр болбой жатат. Дүйнөдө 80 пайыз илимий маалыматтар англис тилинде чыгып жатса, сиз ошол тилде таза сүйлөп, таза түшүнүшүңүз керек. Дүйнөдө ар бир үч жылда медицина толугу менен алмашып жатат. Ага биз жете албай атсак, ордубузда эле калдык да. Экинчиси, ыксыз операциялар көп болот. Мисалы, 30 жылда бир миллионго жакын аборт болуптур. Бир миллион бала төрөлбөй калды. Кургак учук, ВИЧ-инфекциясы жайылып атат, бирок, ага бөлүнгөн миллиондогон каражаттын 99 пайызы туура эмес колдонулган. Башкача айтканда, биз реформаны жасай албадык, жыйынтыгы болбоду. Эми жакшылап аракет кылышыбыз керек. Реформа бир күндө бүтпөйт. Медицинанын толук менчикке өткөрүү демилгеси да туура эмес. Социалдык камсыздоо да жакында ишке ашпай турган жомок.

Нурбек Моңолов: Кадрлар сабатсыз деген пикир айтылды. Эгер менин муунум сабатсыз болсо, менден мурдагы муун сабатсыз дарыгер, сабатсыз мугалим болушкан. Эгер мен кийинки муунду сабатсыз десем, демек, мен жаман мугалиммин. Мен реформа жасай алган жокмун, мурас калтыра алган жокмун. Ошондуктан, жаштар сабатсыз дегенге макул эмесмин. Аксакалдарга айтат элем, бизди алсыз деп атсаңар, демек, ошол учурда кызматтарда отурган силер да өз продукцияңарды сабатсыз деп атасыңар.

Негизгиси, азыр реформадан көпчүлүгү коркуп, эрк жетишсиз болгон үчүн орундан жылбай атабыз.

Талкууну толугу менен видеодон көрүңүз:

Медицина тармагын реформалоо аракети өзүн актайбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:47 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG