Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Атайын кызмат "фарммафиянын" сары изине түштү


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Атайын кызмат мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектүү катары кармалганын кабарлады. Дары-дармек базарындагы абал боюнча маселе 13-октябрда парламентте да көтөрүлгөн.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикадагы мафияга мамлекеттик кызматта иштегендер дагы аралашып кеткенин белгилеп, “мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алган” деп айткан.

Атайын кызмат 15-октябрда мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектүү катары кармалганын кабарлады.

“Сотко чейинки териштирүү алкагында мурунку саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири С.Ж.К. дары-дармек менен камсыздоо департаментинде каттоону жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогону жөнүндө далилдер алынды”, - деди УКМКнын басма сөз борборунун кызматкери Күмүшбек Шабданов.

Коопсуздук комитети кармаган жаран мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин тууганы экени айтылууда.

Космосбек Чолпонбаев министр болуп 2018-2020-жылдары иштеген. Ал былтыр пандемия учурунда кызматтан алынган.

Кызматтан түшкөндөн кийин ага карата “шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы тагылып, үй камагына алынган.

Чолпонбаевдин жакындары бул иш боюнча "эл аралык эксперттердин иликтөөсү зарыл" экенин айтышкан. Өзү жана жакындары айыптоолор боюнча мындан башка комментарий бере элек.

"Дары-дармек арзандайт"

Өткөн айдан бери атайын кызмат саламаттык сактоо тармагындагы системалык коррупцияны аныктаганын жарыялап келет. Камчыбек Ташиев парламент отурумунда фармацевтикадагы мафия тууралуу козголгон кылмыш иштери жөнүндө айрым маалыматтарды ачыкка чыгарган.

“Департамент өкүлдөрү мамлекет өз функциясын аткарып, дары-дармектин арзандыгын камсыз кылгандын ордуна, тескерисинче, кымбаттыгын камсыз кылып, пара алып, уюшкан финансылык мафия түзүшкөн. УКМК фарммафияны толук көзөмөлгө ала баштады. Департаменттин үч-төрт адисин, фармкомпаниялардын чоң мафияларынын бир-экөөнү тергөө абагына отургуздук”.

Атайын кызматтын башчысы мамлекеттик кызматкерлер аралашкан фармацевтика тармагындагы көмүскө схемаларды ачыкка чыгаруу менен октябрь айында дары-дармектин баасы кескин түшөт деп убадалады.

Медицина жаатындагы адис, фармаколог Бермет Барктабасова дары-дармектин баасын түшүрүү реалдуу экенин айтат.

Бермет Барктабасова
Бермет Барктабасова

“Баасын көтөрүп салган дарыларды арзандатса болот. Мамлекет бааны көзөмөлдөөнү эбак эле башташ керек эле. Айрыкча абдан маанилүү болгон дарылардыкын. Ал дарылар мамлекеттин реестринде 340 дары деп көрсөтүлгөн. Бул дарылар элге жеткиликтүү баада болуш керек. Бирок айрымдарын баасын 10-20 эсе кымбаттатып коюшкан. Ошондуктан бааны түшүрүү реалдуу”.

Бейтаптар муктаж болгон дарылардын 3% гана Кыргызстанда жасалып, калганы Орусия, Индия, Германия жана Түркиядан келет. Кыргызстанга 2020-жылы 20 миллард 839 миллион сомдун дарысы келген. Быйылкы жылдын алты айында 6 миллард 855 миллион сомго дары импорттолду.

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Кыргызстанга аткезчилик жол менен кирген дары-дармек расмий сандан бир канча эсе айырмаланарын белгиледи.

Анын айтуусунда, 2012-жылы Дүйнөлүк банктын эксперти Кыргызстанга кирген дары-дармектин көлөмү реэкспортту кошпогондо 80-100 млрд. сомдун айланасында экенин билдирген.

Баатыралиев дары-дармектин баасын түшүрүү кыйын болорун, бирок мүмкүн экенин белгиледи.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

“Пандемия убагында сыркоологондордун чөнтөгүнө укмуш сокку урулду. Мамлекеттик ооруканага жатса деле дары-дармектин көбүн ооругандар өзү сатып алып жатат. Ошондуктан чет мамлекетке чыгып дарыланып келгендер, мисалы, Түркияда бизге салыштырмалуу кээ-бир дарылар эки-үч эсе арзан экенин бүт баары айтат. Бирок дары-дармектин баасын түшүрүү оңой болбойт. Анткени 30 жыл мурун эле өлкөнү дары-дармек менен 100% камсыздоо толугу менен жеке тараптарга берилип, ал мыйзамдар менен бекитилген. Аларды күч менен азайткыла деген болбойт, бирок системаны өзгөртүш керек. Маселени чечүүнү эң кыска айтканда, дары-дармек чыккан жерден баштап сырккоонун колуна түшкөнгө чейин мамлекеттик көзөмөл көрүп туруш керек”.

Коронавирус күчөгөн учурду ким эстейт?

Кыргызстандагы фармацевтикадагы мафия тууралуу сын-пикир былтыр пандемия учурунда дары-дармек тартыштыгы жаралып, өтө зарыл дарыларга баа асмандап кеткен учурда кескин күчөгөн.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин коронавирус пандемиясынын жоготуулары жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссия түзүлүп, январда жыйынтыгын чыгарган.

Мекеме аралык комиссияны жетектеген мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Улуттук коопсуздук комитетин мекеме аралык комиссиянын протоколуна көңүл бурууга чакырды.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

“2021-жылы январдын аягында мекемелер аралык комиссия жыйынтыгын чыгарган. Кол коюлган протоколдун бардыгын премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиковго, финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевге тапшырылган. Бирок мен бир жумадан кийин кызматтан кетип, президент менен жолукканда Коопсуздук кеңешине даярдаш керек, ошол жерден презентация кыласың деп айткан. Бирок ал кандайдыр бир себептер менен болбой калган. Фармацевтикадагы мафия өтө таасирдүү. Биздин мекемелер аралык комиссияга 30дай мүчө кирип жарымынан көбү чыгып кеткен. Бир жумадай мурун УКМК кылмыш иштерин козгой баштаганын окудум. Мен пандемия учурундагы чиновниктердин шалаакылыгы, баалардын кымбат болушу, гумжардамдын бөлүштүрүлүшү тууралуу дагы кылмыш иштерин козгош керек деп эсептейм. Мекемелер аралык комиссиянын отчетунда баары жазылган”.

Сурабалдиева жетектеген мекеме аралык комиссия пандемия учурундагы тиешелүү мекемелердин аракеттери боюнча 14 кылмыш иши козголгонун билдирген. Ал иштерди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тергеп жатканы айтылган. Бирок февралда бул кызмат жоюлуп кеткен. Аталган кылмыш иштер эмне болгону тууралуу маалымат айтыла элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG