Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:33

АКШ "Вагнер" менен байланышы бар эки компанияга санкция салды


"Вагнер" тобунун өкүлдөрү.
"Вагнер" тобунун өкүлдөрү.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын «Вагнер» жалданма аскерлер тобу менен байланышы бар болушу ыктымал деген негизде Борбордук Африка Республикасынын эки компаниясына санкция салганын жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллер сөз Mining Industries SARLU жана Logistique Economique Etrangere SARLU компаниялары тууралуу болуп жатканын 30-майда билдирди. Анын айтымында, аталган ишканалар “Вагнердин” коопсуздугун камсыз кылуу операцияларында жана CAR Mining Industries ишканасынын кенди мыйзамсыз казуу ишмердүүлүгүн камсыздоодо өтө маанилүү роль ойноодо.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, SARLU “Вагнердин” учактарын ижарага алууда, ал эми Logistique Economique Etrangere аны менен кен казуу жабдыктары боюнча кызматташууда.

Буга чейин АКШ “Вагнерге” байланышы бар деген шек менен бул өлкөнүн үч компаниясына санкция салган.

“Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин былтыр 23-августта Твер облусунда учак кулаганда каза болгону кабарланган. 18-июнда Пригожин 32 миң жалданмачы Украинадан үйүнө кайтканын, согушта 20 миңдей жалданмачысы өлгөнүн, анын тең жарымы абактан баргандар экенин айткан.

Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG