Анткен менен саясий серепчилердин эсебинде, коалициялык өкмөт түзүү маселеси көпкө созулуп, француз саясаты туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Себебин алдыда чечмелейбиз.
Бийликти өз колуна алары боолголонуп жаткан ашынган улутчулдардын штабында шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир нече секундага тунжуроо боло түштү. Буга “Улуттук биримдик” партиясынын мүчөлөрү да, тарапташтары да даяр эмес эле. Анткени шайлоонун 1-июлда өткөн биринчи айлампасында алар алдыга чыгып, алтургай лидери, 28 жаштагы Жордан Барделла абсолюттук көпчүлүккө ээ болсо өкмөт башчы болуу дымагын да жарыялап жиберген.
7-июлдун кечинде Париждин Республика аянтында чогулгандар арасында да жыйынтык жарыяланар алдында бир нече секундалык тунжуроо болду. Көп өтпөй ал кубаныч кол чабуу жана сүйүнүчтүн көз жаштары менен коштолду.
Чогулгандар “Жаңы элдик фронттун” жеңишине кубанып жатышты.
“Дагы эле өзүмө келе албай турам. Сонун эле нерсе болду. Бир аз жеңилдей түштүк, Франциянын келечегине, солчулдарга үмүтүбүз бар. Бул тарыхый окуя, бул эркиндик”, - дейт Париждин тургуну Далил Диаб.
7-июлда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын расмий жыйынтыгына ылайык, солчулдардын “Жаңы элдик фронту” Улуттук кеңештеги 577 орундун 182сине ээ болду. Президент Эммануэл Макрондун “Бирге” деп аталган борборчул коалициясына 168 орун тийди. Ал эми ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдиги” 143 орунду ээлемей болду.
"Мен эскертип келаткан сормо сазга жеттик... Биз дагы бир жылыбызды жоготтук. Дагы бир жыл иммиграция жөнгө салынбайт, жашоо деңгээли жакшырбайт, дагы бир жыл туруксуздук курчуйт", - деди "Улуттук биримдиктин" лидерлеринин бири Марин Ле Пен. Ал 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого “күч топтоп жатканын” билдирди. Ушуну менен Ле Пен төртүнчү ирет өлкөдөгү жогорку кызмат үчүн ат салышууга ниеттенип турат.
Бул жолку добуш берүүгө шайлоочулардын 66% көбү катышты. Бул соңку жүз жылдагы рекорддук көрсөткүч экени белгиленип жатат.
“Мындай болорун эч ким күткөн эмес”
“Чынын айтканда, мындай болорун эч ким күткөн эмес”, - дейт “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Европа боюнча редактору Рикард Йозвяк.
“Улуттук биримдик” шайлоонун биринчи айлампасында алдыга чыккан соң, борборчул жана солчул партиялар шайлоочулардын добушун бөлбөш үчүн 221 талапкерин шайлоодон четтеткен.
Париждеги CERI Эл аралык иликтөөлөр борборунун директору Жак Рупниктин айтымында, француз шайлоосундагы эки айлампанын максаты эки башка каралат.
“Биринчи айлампада сизге көбүрөөк жаккан талапкерге добуш бересиз. Ал эми экинчи айлампада кимдин парламентке барышын каалабасаңыз, ошого каршы чыккан бирөөгө добуш бересиз”, - деп түшүндүрдү Рупник.
Ким өкмөт башчы болот?
“Жаңы элдик фронттун” лидери Жан-Люк Меланшон президенттен өкмөттү куроону солчулдарга тапшырууну талап кылды. Азыркы премьер-министр, 34 жаштагы Габриэл Аттал кызматтан кетүүгө арыз жазарын, бирок 26-июлда баштала турган Олимпиада оюндары маалында убактылуу өкмөттү жетектеп туруу мүдөөсү бар экенин жашырган жок.
"Менимче, бул узакка созулган туруксуздукка, саясий туруксуздукка туш болгонубузду билдирет. Бул жакынкы айларда, керек болсо эмдиги жылы да саясатта сенектик болорун айгинелеши мүмкүн. Баш мыйзамга ылайык, президент шайлоодон кийин 12 айдын ичинде парламентти тарката албайт. Эгер сүйлөшүүлөрдө саясий туңгуюк жаралса, парламентте туңгуюк болот", - дейт Рейтер агенттигинин Париж бюросунун башчысы Ричард Ло.
Серепчилер белгилегендей, Макрон солчул коалициянын өкүлүн өкмөт башчы кылып дайындоодон мурда бардык варианттарды карап көрөт. Алардын бири - солчулдардын альянсын чачыратуу аракетин көрүү. Бул кыймыл Макрон 10-июнда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялагандан кийин гана түзүлгөн.
Ага бири-биринен көз караштары айырмаланган социалисттер, жашылдар, коммунисттер жана “Багынбас Франция” партиясынын ашынган солчулдары кирген.
Ошондой эле саясат талдоочулар арасында талкууланып жаткан дагы бир вариант - бул саясий партияларга байланышы жок “эксперттердин өкмөтү”. Анткен менен аны деле Улуттук кеңештин көпчүлүгү жактырышы керек.
Рупниктин айтымында, солчулдар бул вариантты колдобошу мүмкүн.
Ашынган оңчулдардын утулушу инвесторлорду кубантканы менен, алар солчулдардын деле өкмөткө келишине анча сүйүнбөй турушат. Анткени алар Макрондун реформаларын артка кайтарышы мүмкүн.
“Макрон кетпегени менен, алсырай түштү”
"Макрон кетпегени менен, алсырап калды дээр элем”, - деген Рупник ички турукусуздукка карабастан, тышкы саясат бир калыпта болушу керек деген пикирин кошумчалады.
Эксперттердин пикиринде, Макрон НАТОнун Вашингтондогу саммитине бир аз алсыраган абалда барат.
Франция Олимпада оюндары башталганына үч жума калганда саясий туруксуздукка кептелип отурат.
Макрон 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша албайт. Ал өзүнүн мураскерин да жарыялай элек. Азырынча ал шайлоодо Марин Ле Пенге ким туруштук бере алары белгисиз.
“Азырынча жеңилдей түштүк. Бирок көйгөй жоюлган жок”, - дейт Рупник.