Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

"Ормон хан аялын ургандарды айыпка жыккан"


Көчмөндөр оюндарында тартылган сүрөт.
Көчмөндөр оюндарында тартылган сүрөт.

Интеллигенция өкүлдөрү кыргыз элинин каада-салтында, түшүнүгүндө жок жосунсуз жоруктар, зомбулуктун түрлөрү жайылып жатканына көңүл буруп, өкмөткө бир катар сунуштарды беришти.

Бишкекте жума башында өткөн "Каада-салттар: тарыхый жагдайлары менен заманбап укуктук мааниси" аталган форум өтүп, коомдогу үй-бүлө зомбулугуна каршы чогуу-чаран күрөшүүгө чакырык ташталды.

Окумуштуулардын зомбулукка каршы реакциясы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен “Кут билим” медиа борбору биргеликте уюштурган иш-чара "Кереге кеңеш" деп аталып, анда жалпысынан кыргыз салттарындагы үй-бүлөгө, аялга тиешелүү адептик ченемдер талкууланды.

Аны аялдарга карата зомбулук күчөгөнүнө окумуштуу, илимпоз, коомдук ишмерлердин реакциясы катары кабыл алса болот.

Форумга катышкан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тарыхчылар, окумуштуулар улуттук салт, укук, аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелери боюнча баяндамаларды жасашты.

"Каада-салттар: тарыхый жагдайлары менен заманбап укуктук мааниси" атуу форум. 26-июнь, 2024-жыл.
"Каада-салттар: тарыхый жагдайлары менен заманбап укуктук мааниси" атуу форум. 26-июнь, 2024-жыл.

Ормон хандын зомбулукка каршы эрежеси

Президенттин кеңешчиси, жазуучу жана тарыхчы Арслан Койчиев кыргыз коомунда илгертен аялдарга сый-урмат менен мамиле кылынганын, бул тууралуу өткөн доорлордогу тарыхый маалыматтар бар экенин белгиледи.

Ал коом зомбулукту кадимки көрүнүш катары кабыл албаш үчүн ушул жагдайларды эске салып, зомбулукту жектеген көз караштарды бала кезинен калыптандыруу милдети турат дейт.

Койчиевдин айтымында, муну салт-санаага негиздеп, үйдөн ата-эне, мектептен тарбиячылар колго алышы керек.

Арслан Койчиев.
Арслан Койчиев.

“Белек Солтоноев өзүнүн “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинде аялдарга болгон мамиле жөнүндө көп мисалдарды келтирет. Ошонун ичинде аялдарга карата зомбулукка Ормон хан шайлангандан кийин атайын эреже-нормаларды иштеп чыкканы жазылат. Анда эгерде аялдарга зомбулук болсо, канча жылкы айып чегерүү керек деген мисалдарды келтирген. Демек, ошол заманда эле бул чечим байыртадан келаткан адат нормаларына негизделген. Мына, бизде соңку кезде кандай гана терс окуялар болду. Ала качуунун аягы трагедия менен аяктаган учурлар кездешет. Ошондуктан кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү чогулуп, "зордук-зомбулукка жол жок!" деген ураанды чакырып, резолюция кабыл алганы турабыз”.

Койчиев өз сөзүндө азыркы учурдагы коомчулукта күчөп кеткен зордук-зомбулуктар совет доорунда башталып, эгемендик алгандан кийинки доордо кадимки көрүнүш катары кабыл алынып калганы өкүнүчтүү иш болгонун кошумчалады.

"Токтогул, Барпы аялзатын бийик даңазалап ырдашкан"

Иш-чарага катышкан сынчы, адабиятчы Аскар Медетов мурдагы акындардын чыгармачылыгында аялдардын, балдардын коомдогу орду бийик бааланганына токтолуп, учурда өнөр аркылуу коомду тарбиялоо иши колго алынбай калганына көңүл бурду:

Аскар Медетов.
Аскар Медетов.

“Токтогулду, Барпыны, Калыкты мисалга алалы, булар чыгармачылыгында турмушка, сүйүүгө, аялзатына, дегеле адамдарга, анын ичинен аялзатына карата эркин ой жүгүртүп, ыр жаратып, чыгармачылыгын өркүндөтүшкөн. Азыркы төкмө акындарыбыз бул жагынан аксап турат. Себеби, буларда алардай чоң эргүү, талант жок болуп атат. Айтыштарды карасаң, бири-бирине суроо берип, бири-бирин чукуп отурушат. Эркин ой жүгүртүп, жогорудагы темаларда ырдай албай жатышат”.

"Мээрим көрбөгөн балдар - коомдун коркунучу"

Коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова акыркы жылдары балдар жана жаштар маселеси боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Бирок ал балдарды салт-санаа, үрп-адаттар менен тарбиялоо азыркы шартта канчалык натыйжалуу деп суроо салды. Болжурова муну мигранттардын балдарынын мисалында мындайча түшүндүрдү:

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

“Биз азыр салт-адат, тарбия бериш керек деп жатабыз. Бирок Кыргызстандын азыркы чоң көйгөйү - мигранттардын балдары. Анткени алар эне-атанын жакшы мамилесин, сүйүүсүн көрбөй жатат. Буларды көрбөгөн балдар келечекте жакшы болбойт. Ачка, кийими жок, кемсинип чоңойгон балдар - келечекте коомдун коркунучу. Биз 2023-жылы 2 миңден ашык баланын арасында атайын сурамжылоо жүргүздүк. Алардын 10 пайызы окууну бүткөндөн кийин өлкөдөн кетем дешти, 30 пайызы мектепке баргысы келишпегенин айтышты, көпчүлүгү ата-энесинен алыс сагыныч менен жашаарын айтты".

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алып, коомдо кыз ала качуу жана аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулукка каршы бирге күрөш жүргүзүүгө өкмөт менен жарандык коомду чакырышты.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы жасалган мыкаачылык фактылары катталып келет. Ички иштер министрлигинин маалыматында, үстүбүздөгү жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган.

4400дөн ашуун коргоо ордери берилсе, 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган. Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп. Жарандык активисттер бул маселеге коомчулуктун алдыңкы өкулдөрү кайдыгер карап жатканын дагы сындап келишкен.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG