Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:57

"Мөөнөтүнөн мурда бошоп чыккан". Үч кишинин өлүмү, пробациянын оош-кыйышы


Иллюстрация
Иллюстрация

Таласта үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүүнүн абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп чыкканы белгилүү болгондон кийин пробациялык көзөмөл тууралуу талкуулар күчөдү.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева буга байланыштуу билдирүү жасап, абактан шарттуу бошогондор өч алуу максатында дагы кылмышка барган учур биринчи жолку эместигин эскертти.

Кыргызстанда пробация институту сот реформасынын бир бөлүгү катары 2019-жылдан тартып киргизилген.

Бошоп чыккандан кийинки кылмыш

Пробация департаментинин басма сөз катчысы Мээрим Алтынбекова үч адамдын өлүмүнө шектүүгө байланыштуу комментарий берип жатып, ал жаранга мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер менен мөөнөтүнөн мурда шартуу бошогонун билдирди:

"Ал мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Ал өзүнүн негизги жаза мөөнөтүн өтөгөн да. Үч-төрт жыл абакта отургандан кийин мөөнөтүнөн мурда шартуу бошой алат. Мыйзам боюнча ал өзү кайрылса болот, же түрмөнүн жетекчилиги сунуш бере алат. Мөөнөтүнөн мурда бошогондор дагы бизге - Пробация департаментине келет".

Таласта 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүрүүгө шек саналган 48 жаштагы К.Н. ушул жылдын 14-майында пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү аяктаганына байланыштуу каттоодон чыгарылганы белгилүү болгон. Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти шектүүнү 2023-жылы 10-мартта Талас облусунун Бакай-Ата райондук соту пробациялык көзөмөл менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотконун, андан бери эч кандай эскертүү албаганын билдирген.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үрөй учурган окуядан улам сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен пробациялык көзөмөлдү колдонуу маселесине чукул арада көңүл бурууну талап кылды. Ал 25-майда жарыялаган кайрылууда оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу тажрыйбасын кылдат иликтеп, кайра текшерүү керектигин билдирди:

Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

"Бул окуя кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин өч алуу максатында зордук-зомбулукка кабылган адамга келип, кайрадан оор кылмыш жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес. Мамлекеттик органдар коомду жана зомбулуктун курмандыктарын пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш".

Токтобогон зомбулук, кыйылган өмүрлөр

Пробацияга байланыштуу маселе мунун алдында 2022-жылы эки жаштагы Егор аттуу баланы сабоого айыпталып соттолгон, бир жылдан кийин эле Жогорку Соттун чеими менен пробацияга бошоп кеткен Александр Самаркинге байланыштуу көтөрүлгөн.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков буга байланыштуу "Азаттыкка" төмөнкүчө комментарий берген:

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде оорлотуучу жана жеңилдетүүчү жагдай деген бар. Соттор ушул эки тарабын тең эске алып, таразага салып, анан жаза чектейт. Бул иште Александр Самаркин мурда соттолбогону, кылган иши үчүн өкүнүп жатканы эске алынган экен. Ал эми оорлотуучу жагдай катары ал алсыз балага күч колдонгону деп табылса керек. Мен судьялардын ишине кийлигише албайм. Бирок мен Жогорку Соттун төрагасы катары коомчулуктагы, анын ичинде мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн пикирине көңүл бурушум керек”,


Өткөн жылы сентябрдын соңунда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын тагдыры коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел ага чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы белгилүү болгон. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот шектүүнү пробация менен бошоткону белгилүү болгон. Сокулук райондук сотунун судьясы аны “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

Маселе кантип чечилет?

Былтыр сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Жанарбек Акаев 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга элек балдарды, өспүрүмдөрдү зордуктаган деген айып менен соттолгон 88 адам сот чечими менен абактан пробация аркылуу чыгып кеткенин айтып чыккан. Мындан улам парламентте пробациялык көзөмөлгө алуу беренесин камтыган Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси көтөрүлгөн. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Гүлшаркан Култаева "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул демилгени колдой турганын билдирди:

Гүлшаркан Култаева.
Гүлшаркан Култаева.

"Буга чейин ушундай окуялардын канчасы катталды. Сот аркылуу оор кылмышка баргандар пробация менен чыгып кеткен учурлар азайбай жатат. Азыр пробация институту иштеп жатат. Бул жаатта жазылган мыйзамдардын баарын кайра башынан карашыбыз керек. Анткени оор кылмыш кылгандарга деле пробация колдонулуп кетип жатпайбы. Ошондуктан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек".

Ал арада "Сезим" кризисттик борборунун жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова Пробация кызматына колдоо керек деп эсептейт. Анын пикиринде, милиция, прокуратура, сот органдарындагы кемчиликтерден улам бул кызмат аксабашы зарыл:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

"Кыргызстанда пробация кызматы жаш, 2019-жылдан кийин гана түптөлө баштаган. Бул кызмат ким күнөлүү же күнөөсүз, канча мөөнөткө жоопко тартылышы керек дегенде суроолорду чечпейт. Пробация - жарандык кызмат, Юстиция министрлигинин алдында иштейт. Бул өтө маанилүү. Мен 2022-жылы акыйкатчы болуп турганда Пробация кызматы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин эске алып, бул кызматка мониторинг жүргүзгөнбүз. Ошондо жаңы түптөлгөн институт болгонуна карабай өлкөнүн бардык региондоруна тараган, бирок бюджеттин тартыштыгынан, жаңы түптөлгөндүктөн айрым кемчиликтер аныкталган. Бул кызматты негизи күчтөндүрүү зарыл. Юстиция министрлигинин алдында эле болгону туура. Анткени дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды карасак, бул кызматты күчтөндүрүү менен кылмыштуулукту азайтуу, кылмышка барган адамдарды коомго аралаштырууга абдан пайдалуу болот. Азыр эми материалдык-методикалык кемчиликтерден улам бул институтту каралоо туура эмес. Биз ириде сот, прокуратура тармактарында реформа жүргүзүшүбүз керек. Анткени кылмышкерди, балдарга, аялдарга карата катаал кылмыш жасагандардын пробацияга чыгып калганы - ошол милициянын, прокуратуранын жана соттун ишинин жыйынтыгы".

Кыргызстанда "Пробация жөнүндөгү" мыйзам 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан башынан бери иштей баштаган. Анда пробация - кайсы бир оор эмес кылмыштарды жасаган, кылмышка аргасыздан барган, жаза мөөнөтү беш жылга чейин чегерилген айыпталуучулардын социалдык көмөк алуусуна, түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуп, мыйзамсыз иштерге барбоосуна шарт түзүүчү комплекстүү чаралар экени айтылган.

Мыйзам ишке киргенден кийин Юстиция министрлигинин алдында атайын департамент түзүлгөн. Аталган департамент сот чечими аркылуу пробацияга чыгарылган айыпталуучулар менен иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG