Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Пакистан: «Таблиги жамааттын» жыйынына катышкан 20 миң киши карантинге алынды


“Таблиги жамаат” уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан кетип жаткандар. 13-март, 2020-жыл.
“Таблиги жамаат” уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан кетип жаткандар. 13-март, 2020-жыл.

Пакистанда өткөн айда коронавирус пандемиясына карабай Лахор шаарындагы диний жыйынга чогулган 20 миң адам карантинге алынды. Дагы оң миңдеген адамдар изделип жатканын бийлик кабарлады.

Жыйындын уюштуруучуларынын айтымында, “Таблиги жамаат» кыймылынын иш-чарасына 100 миңден ашуун адам катышкан. 10-12-март күндөрү өткөн жыйынга катышкандар Пакистандын ичине жана чет жактарга коронавирусту жайылтышы мүмкүн деген кооптонуудан улам бийлик алардын баарын обсервацияга алууну чечти.

11 миллион калкы бар Лахор шаарында жети миңдей киши, Синд провинциясында сегиз миңдей, ал эми Хайбер-Пахтунхвада 5300 киши карантинге алынды. Алардын баардыгы сөз болуп жаткан жыйынга катышкан.

Пакистанда төрт айлык дааватта жүрүп мекенине кайткан кыргызстандыктан да СOVID-19 вирусу табылган. Ага чейин Исламабаддын мечитинен бир кыргызстандык дааватчыдан коронавирус табылып,13 жердеши менен Пакистандын борборунда карантинге алынганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG