Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Мечитке кол салган террорчу өмүр бою кесилди


Крайсчөрстөгү мечиттердеги кыргын үчүн айыпталган Брентон Таррант. 27-август, 2020-жыл. Жаңы Зеландия.
Крайсчөрстөгү мечиттердеги кыргын үчүн айыпталган Брентон Таррант. 27-август, 2020-жыл. Жаңы Зеландия.

Жаңы Зеландияда былтыр эки мечитке кол салган Брентон Таррант өмүрүнүн аягына чейин кесилди. 2019-жылдын жазында болгон калаба 51 адамдын өмүрүн алган. Прокурор белгилегендей, Таррант кол салуунун планын бир жыл мурда түзүп баштаган.

Жаңы Зеландияда сот биринчи ирет адамды мөөнөтүнөн мурун бошотуу укугунан ажыратуу менен өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кести. Крайсчөрч сотунун судьясы Камерон Мандердин айтымында, Таррант кылган иши үчүн өкүнгөнү байкалган жок.

Судья «Таррант канча жыл отурса да анын кылган иши үчүн жетишсиз» экенин кошумчалады.

29 жаштагы Австралиянын жараны Брентон Таррант киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана террордук акт боюнча коюлган күнөөлөрдүн баарын мойнуна алды.

Ал 2019-жылдын 15-мартында Крайсчөрч шаарындагы «Аль-Нур» мечитине жума намаз маалында кирип барып, туш келди ок жаадырган. Таррант окуяны башындагы каскасына орнотулган камера аркылуу «Фейсбуктагы» баракчасынан түз көрсөткөн. Бул мечитте 44 кишини өлтүргөндөн кийин шаардын башка тарабындагы экинчи мечитке барып, ичиндегилерди аткылаганда жети киши жан берген.

Өкүм чыгарардын алдында судья Таррантка акыркы сөзүн айтып алууга убакыт берди. Түрмөнүн боз кийимин кийип, катуу кайтарууда отурган Таррант үн каткан жок.

Өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынган. Таррантка чейин эң катаал өкүм киши өлтүрүү үчүн айыпталган Уильям Беллге чыгарылган. Ал мөөнөтүнөн мурун бошотуу укугунан ажыратуу менен 30 жылга кесилген.

Жаңы Зеландиядагы мусулмандар сот өкүмүн кубатташты

Сот жараянында мечиттеги калабада тирүү калгандарга жана каза болгондордун жакындарына, баш-аягы 90 кишиге сөз берилди. Алардын баары Таррантты өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылышты.

Өкүм чыгарылар күнү «Биз биргебиз», «Биз бирбиз» деген жазуулары бар кагаздарды көтөргөн мусулмандар сот имаратынын жанына топтолушту.

Мечитте каза болгондордун жакындары сотто. 26-август, 2020-жыл.
Мечитте каза болгондордун жакындары сотто. 26-август, 2020-жыл.

Тарранттын жазасы белгилүү болгондон кийин чогулгандар өкүмгө канааттанганын билдиришти.

«Аль-Нур» мечитинин имамы Гамал Фоуда экстремисттин дини, улуту жок экенин айтты:

«Бир да жаза биздин сүйүктүүлөрүбүздү артка кайтарбайт. Биз сот системасын, Жаңы Зеландиянын мусулман жана мусулман эмес коомчулуктарын сыйлайбыз - биз баарыбыз жек көрүүгө каршы турдук. Бардык экстремисстер бирдей. Кайсы динди жана идеологияны карманбасын, кайсы улуттан болбосун экстремисттер жек көрүүнү жайылтышат».

Сот жараянында прокурорлор Брентон Таррант үчүнчү мечитке да кол салууну жана мечиттердин баарын өрттөп жиберүүнү көздөгөнүн айтышты.

Башкы прокурор Барнаби Хауз билдиргендей, Таррант чабуул планын бир жыл мурда түзгөн, анын максаты «көбүрөөк адамды өлтүрүү» болгон.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн дагы соттун өкүмүн кубаттады:

«Бул Жаңы Зеландияда мурда болуп көрбөгөн кылмыш болуп калды. Эми буга чейин болбогондой сот өкүмүнө күбө болдук. Бирок бул адам мындан ары күн бетин көрбөй турганын билүү мага жеңилдик берет».

Крайсчөрчтөгү кандуу окуядан кийин Жаңы Зеландияда жарым автоматтык куралдардын бардык түрүнө тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG