Соңку бир айда эле тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болуп, алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атаса, үчөө курбуларынын ур-токмогунан көз жумганы айтылды. Бул ирет "Азаттыктын" "Эже-сиңдилер" программасында өспүрүмдөр арасындагы зомбулук себептерин, алдын алуу жолдорун талкуулайбыз.
Кылмыш
дүйшөмбү 31 Март 2025
Украинада согуш башталгандан бери кыргыз паспортун алууну жарнама кылган орусиялык ортомчулар көбөйдү. Алар эл аралык чектөөлөрдөн качкан орусиялыктарга Кыргызстандын паспортун сунуштап, акысына 5 миңден 20 миң долларга чейин сурашат. Кыргыз паспортуна кызыккандардын арасында аттуу-баштуу орусиялыктар бар. Кыргызстандын жарандыгын соодалагандар кимдер? Алар анча акчаны кайда сарптайт? Кыргызстандын бийлиги соодагерлерге кандай чара көрө алат? Орусиялыктар кыргыз паспортун кыска мөөнөттө алып жатканда коңшу өлкөлөрдөн көчүп келген айрым кайрылмандар эмне себептен жарандыкка жетпей жүрөт? “Азаттык” кыргыз паспортунан киреше тапкандардын изин иликтеп көрдү.