Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

25-ноябрь: Президент Жапаров Акылбек Жапаровго сөгүш берди, үч өзбек жараны раввиндин өлүмүнө шектелүүдө


Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. Архив.
Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. Архив.

25-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Садыр Жапаров Акылбек Жапаров баштаган бир катар жетекчилерге сөгүш берди

Президент Жапаров орто мектептердин мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берди. Садыр Жапаров июль айында Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берген. Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздаларын билдирген.

УКМКнын төрагасын коркутуп кат жазган деген шектүү кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана үй-бүлөсүн коркуткан катты жазган шектүү аныкталып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөөдө ал мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар Алмаз Жолчуев экени аныкталган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” беренеси жана адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Камчыбек Ташиев 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына чукул басма сөз жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна “коркунуч келтирерин билдирген” кат алганын билдирген. Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айткан.

Ноокатта милициянын алты кызматкери кармалды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыялады. Андан тышкары райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери (М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т.) жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы (М.Н.) кармалды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып тагылууда. Тергөө иштери уланып жатат. 20-ноябрда социалдык тармактарда Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы көрсөтүлгөн.

Раимкулова Кыргызстан АЭС курууга даяр эмес экенин айтты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Кыргызстан атомдук электр станциясын (АЭС) курууга даяр эмес экенин билдирди. “Атомдук электр станция салууга азырынча даяр эмеспиз. Анткени бизде ченемдик-укуктук актылар жок”, - деди ал. Энергетика министри Таалайбек Ибраев октябрь айында “Росатом” Кыргызстанга курууну пландап жаткан атомдук электр станция (АЭС) боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айткан. Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

Тыныбекова 2028-жылы Олимпиадага бара турганын айтты

Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирди. Бул тууралуу балбан кыз УТРК спорт – Кыргызстан каналындагы маегинде айтты. 31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына төрт жолу катышкан. Токио Олимпиадасында күмүш утса, быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медал алган. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген. Тыныбекова - кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген.

Украинада Орусиянын соккусунан кеминде 23 киши жараат алды

Украинада 25-ноябрда Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын, адамдар жараат алганын, айрым объектилер талкаланганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдун мэри Игорь Тереховдун айтымында, эртең мененки соккудан кеминде 23 адам жараат алды, ондогон үй кыйрады. Бул тууралуу ал Telegram аркылуу кабарлады. Бул калаа соңку апталарда орус аскерлеринин чабуулуна бир нече жолу кабылды. Жергиликтүү тургундары жабыркап, жарандык жана энергетикалык инфраструктурасы кыйрады. Орусиянын дүйшөмбүгө караган түндөгү аткылоосунан Украинанын түштүк аймагындагы Николаев шаарында энергетикалык инфраструктура, түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда өнөр жай объектилери жабыркаганы кабарланды.

Орусия согушка Йемен жарандарын жөнөтүп жатканы кабарланды

Орусия Украинадагы согушуна Йемен өлкөсүнүн жүздөгөн жаранын тартканын "Свобода" радиосу The Financial Times басылмасына таянып жазды. Басылма согушка катышкан айрым йемендиктер менен байланышкан. Алар көп акча жана орус жарандыгы убада кылынганын, бирок хусилер менен байланышы бар компаниялардын бири аркылуу Орусияга барганда аскерлердин катарына мажбурлап кошуп, согуш талаасына жөнөтүп коюшканын айтып беришкен. Согушка Йемен жарандарын тартуу аракети былтыр июль айында башталганы маалымдалды. Украина фронтто йемендиктердин пайда болушун адам аткезчилиги боюнча жашыруун операциянын кесепети деп атоодо.

Өзбекстан: Алламжоновго кол салуу аракетине шектүү жети кишинин бешөө камакта экени кабарланды

Өзбекстандын президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжоновго кол салуу аракетине шектелгендер бүгүнкү күндө жети адам экенин 25-ноябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жети киши аныкталды, алардын бешөө кармалды, калган экөөнө издөө жарыяланды. Тергөө иштери жеринде жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн автомашиналары текшерилип, алардын жашаган жери тинтүүгө алынып, тийиштүү далил буюмдар алынганы маалымдалды. Шектүүлөрдүн бири Казакстанда жашынып жүргөнү аныкталып, аны менен тергөө амалдары жүргүзүлдү. Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, Түштүк Кореядан кармалган Жавлон Юнусов аттуу шектүү Өзбекстанга экстрадицияланды.

БАЭде раввиндин өлүмүнө Өзбекстандын үч жараны шектелүүдө

Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) бейшембиден бери дайыны аныкталбай жаткан раввин, Израилдин жана Молдованын жараны Цви Когандын сөөгү табылып, анын өлүмүнө тиешеси бар деген шектүүлөр арасында Өзбекстандын үч жараны боюнча версия каралууда. Бул тууралуу 25-ноябрда "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды. Полиция Коган киши колдуу болгонун айтууда. Ал 2020-жылдан бери БАЭде жашачу, иудейлердин жергиликтүү диний "Хабад Любавич" ортодокс кыймылынын өкүлү болчу. 21-ноябрда дайынсыз жоголгон раввинди издөө иштерине өзү жашаган жердин полициясы менен катар Израилдин чалгын кызматы да катышты. Аны атайылап уурдап кетишкени, мунун артында Ирандын атайын кызматы турары тууралуу версиялар айтылды. Когандын машинеси Абу-Дабиден 150 чакырым аралыктагы аймактагы шосседен табылганы белгилүү болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG