Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Жаңы Зеландия куралды көзөмөлдөмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Зеландиянын өкмөтү 50 кишинин өмүрүн алган теракттан кийин курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүүгө киришти. Крайстчерч шаарындагы эки мечитте кыргын уюштурган киши адвокаттан баш тартып, өз укугун өзү коргой турганын билдирди.

Крайстчерч шаарынын тургундары аза күтүп, 15-мартта болгон терактты бир ооздон айыптап жатышат. Дүйшөмбү күнү ондогон мектеп окуучулары чогулуп, ыр ырдап, жергиликтүү мусулман коомчулугуна көңүл айтышты.

50 кишинин өмүрүн алып, 40ка чукул кишини жарадар кылган эки мечиттеги кыргындан кийин Жаңы Зеландиянын өкмөтү курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүүгө киришип, жаңы мыйзам он күндүн ичинде жарыяланарын билдирди:

«Жума күнү Крайстчерчте болгон теракт биздин өлкөдө болгон террорчулуктун эң жаман көрүнүшү болуп калды. Бул окуя Жаңы Зеландиянын курал-жарак мыйзамдарындагы маселелерди ачыкка чыгарды. Коомубуздун коопсуздугун сакташ үчүн азыр чара көрүшүбүз керек», - деп билдирди Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

Мечиттерде теракт уюштурду деп шек саналган Брентон Таррант сот залында. 16-март, 2019-жыл.
Мечиттерде теракт уюштурду деп шек саналган Брентон Таррант сот залында. 16-март, 2019-жыл.

Бийлик 15-мартта Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде кыргын салып, адамдарга туш келди ок жаадырган кишини 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант деп атаган. Полициянын маалыматына ылайык, шектүү курал-жарактарды атайын сертификаттын негизинде, мыйзамдуу жол менен сатып алып турган.

Ага ишемби күнкү баштапкы соттук териштирүүдө «Киши өлтүрүү» беренеси менен айып коюлду. Бирок сот экстремисттик көз караштагы бул шектүүгө дагы кошумча айыптар коюларын маалымдады. Шектүү мамлекет тарабынан дайындалган адвокаттан баш тартып, өз укугун өзү коргой турганын билдирди.

Таррант мечиттеги кыргынды «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде көрсөткөн. «Фейсбук» компаниясы бул видеонун 1,5 миллионго чукул көчүрмөсүн социалдык тармактан өчүрдү.

Жаңы Зеландиянын өзүндө бул тасманы таратканы үчүн 18 жаштагы дагы бир жигитке айып коюлду. Аты ачык айтылбаган бул шектүү теракт болгон мечиттин «бута аныкталды» деген жазуу менен коштолгон сүрөтүн таратканы үчүн да айыпталууда.

Терактта каза тапкан пакистандык Найеем Рашиддин туугандары анын сүрөттөрүн телефондон карап жатышат. Пакистандын Абботтабад шаары. 17-март, 2019-жыл.
Терактта каза тапкан пакистандык Найеем Рашиддин туугандары анын сүрөттөрүн телефондон карап жатышат. Пакистандын Абботтабад шаары. 17-март, 2019-жыл.

Жума намаз маалындагы теракттан каза тапкандардын эң кичүүсү үч жашта, эң улуусу 77 жашта болгон. Кыргында кеминде төрт аял мерт болгон. Алардын сөөктөрү 17-марттан тартып үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилери кабарланган.

Каза тапкандардын ичинде теги пакистандык Найеем Рашид жана анын 21 жаштагы уулу Талха да бар. Найеем өзүнө ок тийгенге чейин кол салган адамдын жолун тороп, аны токтотуп калууга аракет кылган.

«Менин байкем жана Талха дүйнөдөгү бүткүл адамзатка маанилүү насаат калтырып кетишти. Алар адамзаттын табиятына каршы келген жана элге зыян келтирген көрүнүшкө күбө болуп, өз өмүрүнөн айрылса да, башкаларды аман сактап калышты», - деп билдирди Найеем Рашиддин тууганы Сафи Ризван.

Крайстчерчтеги кыргындын курмандыктарын эскерүү, Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.
Крайстчерчтеги кыргындын курмандыктарын эскерүү, Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын тарыхындагы эң кандуу теракт дүйнө өлкөлөрүнүн, өзгөчө мусулмандар басымдуулук кылган мамлекеттердин кескин айыптоосуна кабылды.

Дем алыш күндөрү Грекия, Түркия, Индия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жек көрүүнү жана расизмди айыптаган, элди сабырдуулукка чакырган акциялар өттү.

Крайстчерчтеги кыргында 9 жаранынан айрылган Пакистанда 18-март улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG