Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:43

"Батирлер базар баасынан арзан болот". Жаңы социалдык программа муктаждыкты чечеби?


Мамлекеттик ипотека компаниясынын инвестициялык сынак үчүн жарыялаган жарнагынан
Мамлекеттик ипотека компаниясынын инвестициялык сынак үчүн жарыялаган жарнагынан

Президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылууга багытталган жаңы жарлыкка кол койгонун билдирди.

Ага ылайык, мамлекет куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, калктын бардык катмары батир ала алат. Бирок батир алууну каалаган жаран анын жарым баасын алдын ала төлөп, калган акчасынан 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта кутулат.

Үлүш берип, үй алууга болобу?

Президент Садыр Жапаров батирдин жарым баасын төлөгөндөр бир же эки жылда өз үйүнө ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышарын, Мамлекеттик ипотека компаниясына ушундай талапты койгонун жазды.

“Биз азыркы убакта кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылга чейин ипотекалык үйлөрдү берип жатабыз. Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк.Ал кандай шарттар? Мисалы, батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат.
Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир, же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай!Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим. Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК (Мамлекеттик ипотека компаниясы) аркылуу колго алабыз. “Мамлекеттик кызматкерлерге берген эле шарттар менен баштапкы төлөмү жок эле берсе болбойбу” деген суроолор жаралышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө үйлөрдү массалык түрдө курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын ачык айтышым керек. Ошондуктан азырынча үлүштүк катышка мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбызга жогорудагыдай шарттар менен берип туралы”.

Ошондой эле президент айдоо жерлерди сактап, "жер там салып, туурасынан эмес, көп кабаттуу турак үйлөрдү куруп, бийиктикке карай өсүшүбүз абзел" деп белгиледи. Калктын саны жыл санап өсүп, жер тарып баратканын, келечек муунду, азык-түлүк коопсуздугун ойлой турган убакыт келгенине да көңүл бурган.

Кыргызстанда өзгөчө шаар жеринде турак жай алуу өтө чоң көйгөй бойдон келатат. Миңдеген бүлөлөр батир алуу үчүн миграцияга агылууда, жылдап каражат чогулткандар да бар. Соңку үч жылда батир, турак жайлардын баасы дагы кескин өсүп кетти. Ушундай шартта кооперативдерге алданып калгандар болууда. Ал эми мамлекеттик ипотекалык насыяга үй алгандардын саны аз. Акыркы жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алган. Коммерциялык банктарда ипотекалык кредиттин пайызы өтө жогору.

"Алгач 50 пайызы төлөнөт"

Мамлекеттик ипотека компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов президент жарыялаган “Үлүштүк курулуш программасы” жаз айларында иштей баштарын бышыктады. Анын айтымында, Министрлер кабинети жер бөлүп берсе эле курулуш иштери башталмакчы. Жер төлөсүнөн баштап келишим түзгөн кардар батир баасынын 50 пайызын төгүп бериши керек болот. Анын 20 пайызы үй курула баштаганга чейин, дагы 20 пайызы үй курулуп жаткан маалда, калган 10 пайызы курулуш бүткөндөн кийин төлөнөт.

“Батирдин баасы үйдүн долбооруна жараша аныкталат. Мамлекеттик программанын максаты киреше табуу эмес, турак жайдын санын көбөйтүү болгондуктан, үйлөрдүн наркы базар баасынан арзаныраак болору анык. Бирок азырынча канча эсе арзан болорун айта албайбыз. Анткени баалар үй салынган жерге, ага колдонулган материалдарга, канчанчы кабатта жайгашканына жараша эсептелип чыгат. Мисалга алсак, азыркы курулуп жаткан социалдык батирлердин чарчы метри 550 доллар деп бааланууда. Буюрса, бул программа үзгүлтүксүз иштейт. Калктын саны дайыма өсүп тургандыктан, турак жай маселеси да ар дайым актуалдуу. Программа Кыргызстандын бардык аймактарында иштейт. Пилоттук долбоор боюнча Бишкекте курулуш башталат. Кийин кайсы региондун жарандарынан үлүштүк арыздар көбүрөөк түшсө, ошол аймакта үйлөр көбүрөөк курулмакчы. Президенттин бул жарлыгы кечээ эле чыкса, жарандар бүгүн эртең менен бизге кайрыла баштады”, - деди Оморов.

Учурда Мамлекеттик ипотека компаниясында үч багыттагы программа иштеп жатат. Алардын бири “социалдык ипотека” деп аталып, бул категорияга көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой ата-энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, айыл жергесиндеги жаш адистер кирет. Булар үчүн жылдык төрт пайыз менен турак жай алуусу каралган.

Экинчи категорияга мамлекеттик кызматкерлер кирип, алар да жылдык төрт пайыз менен 25 жылга чейин ипотекалык батир алышат.

Жеке тармактарда иштегендерге жылдык сегиз пайыз менен батирлер берилүүдө. Ипотека алуу үчүн МИКтин сайтына электрондук түрдө арыз тапшырылат.

Жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты кандай?

Жогорудагы үч программа боюнча социалдык батирлердин курулушу быйылкы жылдын үчүнчү кварталында жыйынтыкталары кабарланды. “Кыргыз строй сервис” мамлекеттик ишканасы куруп жаткан өлкө аймагындагы үйлөрдүн тизмесин өлкө башчы өз кайрылуусунда жарыялады.

Ага ылайык, аймактарда жер тамдардан баштап тогуз кабаттуу үйлөргө чейин курулуп жатат. Ал эми Бишкекте 28, 24, 18, 15 кабаттуу үйлөр салынууда.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты, сейсмологиялык жактан туруктуулугу, өрт коопсуздугу маселе жаратып коюшу мүмкүндүгүн эскертүүдө:

“Биринчиден, жаңы жарыяланган программаны “социалдык батирлер” деп айтуудан алысмын. Анткени аны алуу үчүн мугалимдер, медиктер алдын ала 50 пайызын төлөп бере алабы? Алардын айлыгы аз экенин билебиз. Ал эми СССРдин маалындагы СНИП боюнча панелдүү көп кабат үйлөр 9 кабаттан, монолит үйлөр 18 кабаттан ашпашы керек эле. Азыр болсо көбүнчө 15 кабаттан жогору үйлөр, болгондо да каркастан салынууда. Каркас сейсмологиялык туруктуулугу төмөн курулуш деп саналат. Ал канчалык бийик болсо, туруктуулугу ошончолук төмөндөйт. Азыркы курулуштагы эсептөөлөрдү ким, кантип жүргүзүп жатканынан кабарым жок. Экинчи маселе - өрт коопсуздугу. Биз убагында 18 кабат үй салабыз деп, бирок өлкөдө ага жеткидей өрт өчүрүүчү унаа жок экенин билгенбиз. Ошондой эле мен дайыма Кыргызстанда курулушту көзөмөлдөө иши начар экенин айтып келем. Бүгүнкү күндө көзөмөлдөөчү органдардын күчү жок”.

Ишенбай Кадырбеков мамлекет өзү салган үйлөрдү өзү көзөмөлдөбөй, мониторинг жүргүзгөн эл аралык компанияларды тартканы оң дейт. Анын айтымында, ошондо гана кызыкчылыктар кагылышы жоюлуп, сапаттуураак курулушка үмут артса болот.

Кыргызстандагы соңку жер титирөөдөн кийин Бишкектеги жаңы курулган жана курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн туруктуулугу, сапаты талкууга түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 23-январда түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагындагы очогунда магнитудасы 8 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 балл сезилди. Расмий маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев өлкө аймагындагы үйлөр 8-9 баллга чейинки жер силкинүүлөргө туруштук бере аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG