"Мурда да катуу сабачу"
Маркумдун жакындары ал буга чейин да катуу таяк жеп ооруканага жатып чыкканын, милицияга кайрылганын, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтып жатышат.
Айкыз Калмурза кызы 2001-жылы Баткендин Кара-Бак айылында туулган. 2017-жылы, 16 жашында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына турмушка чыккан.
Кырчындай кезинде зомбулуктун курмандыгы болгон шордуу келиндин сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Бакка 3-январда коюлду. Анын артында калган үч жашар кызы тайларынын, ал эми алты жашар кызы чоң энесинин колунда калды.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 2-январда болгон. Тергөөдө шектүү жубайы менен уруша кетип аны муунтканы, ал ошол эле жерде каза болгону аныкталган.
Келиндин сөөгүн кароодо анын сол көзү көгөргөнү жана моюнунда колдун издери аныкталган, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Баткен милициясынын кызматкери Акылбек Амираев бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
"122-берене менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары жолдошу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат".
Айкыз бала кезинен укпай жана сүйлөй алчу эмес.
Кылмышка шек саналып кармалган жолдошунун да ушундай эле майыптыгы бар. Жакындары келин буга чейин да үй-бүлөлүк зомбулук көрүп, ур-токмок жеп келгенин билдиришүүдө.
Келиндин чоң энеси Кадыча Мамажанова шектүү аны үч жашар кызынын көзүнчө сабап, муунтканын, денесинде соо жери жок экенин айтып берди:
"Өтө мыкаачылык менен тепкилеп, уруп, соо жерин калтырган эмес. Ушул окуялардын баары кызынын көзүнчө болгон. Бүтүн жери калган эмес. Ушул жашка келип мындай мыкаачылыкты эми көрдүм. Бул окуя бурмаланып, жеңилдик берилип кетпеши керек. Мыйзам чегинде эң оор жазага тартылышы керек. Биз ушуну суранабыз", - деди ал.
Айкыз Калмурза кызы 2023-жылы июнда күйөөсүнүн токмогунан ооруканада он күн дарыланып, окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган экен. Анын бир тууганы Нургазы Пиржанов ошол кезде шектүүгө эч кандай чара көрүлбөгөнүн эске салды:
"Карындашыбыз жолдошунан таяк жеп, облустук ооруканага жатканда милицияга арыз менен кайрылганбыз. Бирок ал арыз каралбай, жыйынтыгы тууралуу жооп да берилбей, калып кеткен. Ошол окуяга чара көрүлгөндө азыркы окуя болбой калат беле?", - деп сыздап отурат бир боорунан айрылган агасы.
"Ой-боюна койбой алып кеткен"
Жакындарынын айтымында, өткөн жылдын июн айында жолдошунан таяк жеп дарыланып чыккан Айкыз ажырашууну чечкен. Бишкекке эжесинин үйүнө барып, тигүү цехтердин биринде иштеп жүргөн. Жаңы жыл алдында жолдошу кайра-кайра барып, "катуу айтпайм, кол көтөрбөйм" деп убада берип, 30-декабрда кайра Кадамжайга алып барган.
Экөө кайра чогуу түтүн булата баштаганынан үч күн өтпөй күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Ал күнү күйөөсүнөн качып баратып кармалып, аеосуз токмоктолгон экен.
Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы Айкыздын былтыр зомбулук көргөнү тууралуу арызы Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, бирок кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын ырастады. Эми анын өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатканын кабарлады.
Маркумдун денесиндеги жаракаттар боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Жетим калган кыздардын абалы, майыптар көргөн зомбулук
Энесинин мыкаачылык менен сабалып, өлтүрүлгөнүнө күбө болгон кичинекей наристе түндө коркуп, ыйлап жатканын маркумдун эжеси билдирди.
Ага тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатабы, жокпу азырынча тиешелүү органдар маалымат бере элек.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселелери талкууланып, утур-утур көтөрүлүп келет. Кыргыз өкмөтү аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгып, кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөө планын жарыялаган.
Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2023-жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түшкөн. Алардын дээрлик 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген.
Буга чейин Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстанда майыптыгы бар кыз-келиндер үй-бүлөдө кабылган зомбулук тууралуу баяндама жарыялаган. Анда укук коргоочулар жакындарынын жаман мамилесине туш болгон, кароосуз калган, зордукталган аялдардын жагдайына көңүл бурушкан.
Баяндамада үй-бүлө мүчөлөрү же өнөктөштөрү майыптыгы бар аялдарга кордук көрсөткөн учурлар көз жаздымда калып жатканы, убактылуу баш калкалоочу жайларда алар үчүн шарттын жоктугу айтылган.
Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды.