Бишкектин Биринчи Май райондук соту милициянын кыйноосунан кийин майып болгонун айтып, кенемте талап кылган жарандын өтүнүчүн четке какты. Жабырлануучу жана анын адвокаты жогорку инстанцияга даттанарын билдиришти.
Кыргызстанда күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын билдирип, кенемте талап кылган адамдардын көпчүлүгүнүн өтүнүчү аткарылган эмес.
Суралган кенемте, четке кагылган өтүнүч
29-август күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Курманбек Чыныбековдун даттануусун четке кагып, анын кенемте төлөтүп берүү өтүнүчүн канааттандырган жок.
Сотко жабырлануучу жана адвокаты катыша алган эмес. Жараянга жабырлануучунун атынан Кыйноолорго каршы коалициянын өкүлү катышкан.
Адвокат Уткир Жаббаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алар сот жараянына каржылык маселеден улам бара алышкан эмес:
"Биз жабырлануучу экөөбүз каржылык маселеден улам сотко бара алган жокпуз. Анткени мен Жалал-Абадда, ал Аксыда турат. Бишкекке барып, бир нече күн жашоого каражатыбыз жетишсиз болду. Сотко биздин уюмдун өкүлү катышты. Анын берген маалыматына караганда, сот процессине Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да катышпаптыр. Алардын эмне себептен келбегени тууралуу маалымат да берилбептир. Жоопкер тарап - Каржы министрлиги менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү соттон "бардык тиешелүү тараптардын катышуусунда башка күнү өткөрүүнү" өтүнүшсө да, судья ишти кароону улантып, 15 мүнөттөн ашпаган убакта тараптардын сөзүн угуп, жабырлануучунун өтүнүчүн четке каккан чечим чыгарыптыр".
Жабырлануучу Курманбек Чыныбеков Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурун өтүнүчтү кароону кийинкиге жылдырып, алар катышпаган күнү күтүүсүз чечим чыгарганына нааразылыгын айтты:
"Башында сот жараяны 21-августка белгиленген. Биз адвокатым экөөбүз тең барган элек. Бирок Башкы прокуратуранын өкүлдөрү иш менен таанышып алууга уруксат сурап, сот ошон үчүн эле процессти жылдырып салды. Мен өзүм жарым жан болуп иштебейм, балдарым жаш, улам эле Аксыдан Бишкекке сотко катышканы барууга каражатым жетишсиз. Ошондуктан 29-августтагы сотко бара албай калдым. Биздин өтүнүчүбүз менен сотко катышкан укук коргоочулардын айтуусунда, прокуратура өкүлдөрү ал күнү сотко такыр келбептир. Ошого карабай соттун бизге тескери чечим чыгарганы алар алдын ала сүйлөшүп алгандай таасир калтырып жатат".
Чыныбековдун адвокаты "Азаттыкка" сот процессинин жүрүшүнөн жаздырып алынган аудио тасманы берди. Анда сот жараяны учурунда Каржы министрлиги менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү тараптар толук катышмайынча ишти кароону жылдырууну өтүнгөнүн угууга болот.
Биринчи Май райондук соту 29-август күнү Курманбек Чыныбековдун кенемте төлөп берүү талабы каралган сот жараянында анын өтүнүчү канааттандырбаганын "Азаттыкка" ырастады:
"Биринчи Май райондук сотунун 29-августтагы чечими менен Курманбек Чыныбековдун Каржы министрлигинен ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 3 млн сом кенемте өндүрүп берүү тууралуу өтүнүчү четке кагылды. Сот чечимине нааразы тарап 30 күн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрыла алат", - деп жазылган билдирүүдө.
"Үстүмө чыгып секиргенде омурткам сынып кетиптир"
Курманбек Чыныбеков - Аксы районунун тургуну. 2007-жылы ал мал уурулукка шек саналып камалган. Убактылуу кармоо жайында отурган кезде ал Аксы райондук милициясынын кызматкерлери кылмышты моюнуна алдырыш үчүн мыкаачылык менен кыйнаганын айтып чыккан.
Ал өзүн кыйнаган милиция кызматкерлери эч кандай жазага тартылбаганын, өзү кыйноодон кийин омурткаларын алдырып, майып болуп калганын "Азаттыкка" айтып отурду:
"Мени кылбаган кылмышты кылдым деп моюнума алдыруу үчүн 1 ай 28 күн бою кыйнашкан. Күнүгө сабашчу. Булардын мыкаачылыгына чек жок эле. Желим баштыкты башыма кийгизгенден тартып, таманыма союл менен чапкылап, ачуу калемпирди бөтөлкөдөгү сууга чылап, ичиришчү. Аны атайын башыма желим баштык кийгизип, аба жетпей, катуу тумчугуп аткан мезгилде, оозума куюшчу. Тепкилегенде баш, бет, денемдин эч жерин койбой тепкилешчү. Тепкиден бөйрөктөрүм жанчылып, иштебей калган. Зоңкуйган бирөө мени чөгөлөп отурган абалымда үстүмө чыгып алып, катуу секирип тепкени эсимде. Андан омурткам жанчылып калган экен, кийин ооруканага жатып, төрт омурткамды алдырууга мажбур болдум. Баса албай майып болуп калдым. Кымбат баалуу операция жасатып, омурткаларымдын ордуна пластмасса салдырып, эми бир аз таяк менен ары-бери басып калдым. Менин бир өмүрүмдү алышты, эч кимиси жоопко тартылган жок".
Курманбек Чыныбековго Жалал-Абаддагы "Справедливость" уюмунун юристтери жардам берип, сотто жана башка органдарда кызыкчылыгын коргоп келе жатат. Алардын милицияны жоопко тартуу тууралуу алгачкы өтүнүчүн прокуратура четке кагып, соттор да прокурорду колдошкон.
Жабырлануучу адвокатынын жардамы менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетине кайрылып, кыйноого кабылганын билдирген.
2020-жылдын аягында БУУнун комитети 40 жаштагы Чыныбековго карата кыйноо колдонулганын тааныган. Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдында адам укуктары боюнча алган милдеттенмелерине ылайык, БУУнун чечиминен соң Чыныбеков акталып, кыйноого кабылганы жана күнөөсүз камалып, бир нече жыл түрмөдө отурганы үчүн кенемте төлөнүп берилиши керек болчу. Жабырлануучу адвокаты менен чогуу кыргыз бийлиги БУУнун сунушун эске алат деген үмүт менен ден соолугу жабыркап, майып болуп калганы үчүн 3 млн сом кенемте төлөп берүүсүн жана кыйнаган милиция кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, сотко кайрылышкан.
Жогорку сот милиция кызматкерлеринин кыйноо фактылары боюнча ишти кайрадан тергөөгө жиберүүнү чечим кылып, иш Башкы прокуратурага жиберилген. Аксы райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуудан баш тарткан.
Адвокат Уткир Жаббаров прокуратура Чыныбековдун ишине катышпаган адвокаттын көрсөтмөсүнө таянып, кыйноо фактысы болбогонун белгилеп, кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айтууда:
"Алар таптакыр ишке катышы жок бир адвокатты таап, ага "мен адвокаты болгонмун, эч кандай кыйноо болгон эмес, кылмышын өзү мойнуна алган" деп көрсөтмө бердирип, милиция кызматкерлерин жоопко тартуудан баш тартты".
Курманбек Чыныбеков кыйноодон кийин дарыланган Аксы райондук ооруканасында көптөгөн документтер жок кылынган, бул дагы милиция кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартпоо максатында атайын жасалган деп эсептейт.
"Прокуратура кылмыштын мөөнөтү эскириптир деп, ооруканадагы анализ жана башка мага тиешелүү документтерди болсо "өрттөнүп кеткен" деген негиз менен жок кылышып, айтор мени кыйнаган милиция кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартып койду. Жок дегенде кенемте төлөнүп калса деген үмүтүбүз 29-августтагы соттун чечими менен жокко чыкты. Бирок мен муну менен токтоп калбайм, адвокатым менен кийинки сотко кайрылабыз", - деди Курманбеков.
Адвокат Уткир Жаббаров Биринчи Май райондук сотунун чечими азырынча колуна тийе электигин, чечимди колуна алары менен Бишкек шаар сотуна кайрыларын "Азаттыкка" билдирди:
"Сот неге мындай чечим кабыл алганы азырынча белгисиз, чечим колубузга тийгенде билербиз. Биз, албетте, Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз. Эми билип калдык, сотко өзүбүз сөзсүз барып катышабыз, ансыз болбойт экен. Апелляциялык арызда моралдык гана эмес, материалдык чыгымдарды да төлөп берсин деп кошо жазабыз. Анткени борборго барып келүү, ал жакта бир нече күндөп жүрүү көп каражат талап кылат. Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамасын жокко чыгарууга эч кандай негиз жок болчу, бирок сот баш тартып коюптур. Мындай чечим чыгарган судьянын абийири өзүнчө маселе".
Уткир Жаббаров Кыргызстандын сотторунун чечими сунуштама берген эл аралык уюмдун көзөмөлүндө экенин белгилеп, адам укуктары боюнча эл аралык коомчулук алдындагы милдеттери аткарылбаса, өлкө бийлиги жаманатты болорун айтып кетти.
Кыргызстан БУУнун сунушун жарым-жартылай гана аткарат
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети быйыл апрелде Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынын тургуну он жыл мурда соттолуп, абакта отуруп чыккан Белек Курманбековдун кыйноого кабылганын жана дагы бир кыргызстандык жаран, блогер Адил Турдукуловдун тынч жыйын өткөрүү укугунун бузулганын тааныган.
БУУнун комитети өз чечиминде "арыз берүүчүгө адекваттуу компенсация берилишин, анын ичинде мамлекеттин ага салынган айып пул жана башка соттук чыгымдардын ордун толтурууну" эскертип, Кыргызстан 180 күндүн ичинде БУУ комитетине аталган чечимдин аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат бериши керектигин белгилеген.
Кыргызстандын сотторунан акыйкаттык таппаган жарандар БУУнун Адам укуктары комитетине кайрыла алат.
БУУнун комитети эгер арызда жазылган маселелер анык экенине көзү жетсе, анда адам укугу тебеленгенин таанып, кыргыз бийлигине кайрылуу-сунуш жолдойт. Кыргыз өкмөтү ал сунуштарды аткарып, мурдагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга тийиш. Анткени Кыргызстан - БУУнун Адам укуктары боюнча конвенциясына мүчө.
Тилекке каршы, аталган комитет кыргыз бийлигине калыс кароо сунушу менен жиберилген иштердин баары эле өкмөт тарабынан оң чечиле бербей келет. Юристтердин маалымдашынча, эгемендик тарыхында Кыргызстанга БУУнун комитети ондон ашуун ишти кайрадан кароо сунушу жиберилген. Анын ичинде саясатчы Феликс Куловдун ак жерден камалганы, Аксы окуясындагы алты адамдын өлүмү, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун камакта кыйноого кабылганы жана башка резонанстуу иштер бар.
Мындан тышкары, юристтердин жана укук коргоочулардын жардамы менен берилген кайрылуулардун натыйжасында карапайым адамдарга байланыштуу да иштерди кайрадан кароо сунушу берилген жети учур катталган. Бирок мунун ичинен 3-4 сунуш гана жабырлануучулардын пайдасына чечилген. Адвокаттардын айтуусунда, анда дагы аз өлчөмдөгү кенемте төлөө менен эле чектелген.
Укук коргоочулар белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстандын өзүндөгү сот системасынан адилеттик таба албай, БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылгандар көбөйдү.
Кыргызстанда кыйноо фактыларын 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтейт.
Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Кыйноого каршы улуттук борбор өзүнүн баяндамаларында милиция кызматкерлеринин катышуусунда кыйноолор уланып жатканын, мындай зомбулукка өзгөчө аялдар менен жаш балдар кабыларын билдирип келет.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай окуялар бар экенин мойнуна алып, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.
Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр бир жыл ичинде 207 арыз түшкөн. Алардын 82си кыйноо боюнча: ырайымсыз мамилеге байланыштуу 62, камак шарты боюнча 22 арыз-даттануу болгон.