Жогорку сот «Ачык саясат плюс» гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды.
Гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова кабарлагандай, сот мындай чечимди 17-декабрда чыгарды.
- Гезит бул сумманы көтөрө албайт. Анткени биздин бюджетте мынча акча жок. Ошондуктан Рыспаевге 300 миң сомду төлөп бериш үчүн «Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акцияны уюштуруп жатабыз, - деди Мамытова.
Депутат Рыспаев басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал материалда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.
Райондук сот 24-майда депутаттын доосун канааттандырып, басылманы 300 миң сом айыпка жыккан. Шаардык сот бул чечимди 5-сентябрда күчүндө калтырган. Гезит 2011-жылдан бери чыгып келет.
Кыргызстанда саясатчылар массалык маалымат каражаттары менен соттошкон учурлар көп. (BTo)