Кыргызстандыктар быйыл баалардын өсүшүн өлкөнүн баш оорусу деп аташты. Буга чейин жумушсуздукту орчундуу көйгөй катары сыпатташчу. Учурда баары кымбаттап жатат, айрыкча тамак-аштын баасы өсүп кетти. Бирок бул коркунучтун чети гана. Кышында өлкөдө тамак-аш тартыш болушу ыктымал.
Расмий маалыматта Кыргызстанда жарым жыл ичинде тамак-аш жана суусундуктар 11% кымбаттаган. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эң жогорку баа. Айрым товарлардын баасы бир жарым, эки эсеге чейин көтөрүлдү.
Быйыл кургакчылыктын айынан түшүм жакшы болгон жок. Мына ушундай учурда тооруган кымбатчылык, кышында тамак-аш тартыштыгын кантип болтурбай коюу керек жана анын баасы сатып алуучунун чөнтөгүнө чак келеби деген суроо жаратат. Учурда кыргызстандыктардын маянасы инфляцияны эске алганда бир жыл ичинде 2,6% түштү.
Улуттук статистика комитетинин биринчи жарым жылдыктагы отчету июндун аягында тамак-аш тартыштыгы болбогонун, керектөө кадимки режимде калганын көргөзүп турат. Бирок азык-түлүк кескин кымбаттап кеткен.
Азык-түлүк коопсуздугу тамак-аш жетиштүү көлөмдө жана баасы аша чаппаган учурда болот. Биринчи жарым жылдыкта айыл чарба өндүрүшү малдын башынын көбөйүшү менен бир аз жогорулаган.
Фермерлер 185 миң тонна мал жана канаттууну этке төккөн, 785 миң тонна чийки сүт, 292 млн. даана жумуртка, 13 миң тонна жүн өндүргөн. Өлкөнүн мал чарбачылыгында тартыштык жок.
Бирок мал багуучуларды кыйнаган башка көйгөй жаралды – кургакчылыктын айынан тоют тартыш болууда. Бул бодо малды жана кой-эчкини экспорттоого салынган чектөөнү алып салууга себеп болду.
“Ошол эле маалда чөптү, комбикорм, жүгөрү менен арпаны тышка чыгарууга мораторий кирди”, - деп билдирди Айыл чарба министрлигинин өкүлү Рахатбек Ибраев.
Ал эми дыйканчылыкта такыр башкача кырдаал түзүлдү. Айдоо аянттары кыскарган жок, бирок түшүмдүүлүк азайып кетти. Жайындагы өтө ысык аба ырайы, сугат суунун тартыштыгы кышында баанын ого бетер өсүшүнө алып келиши ыктымал. Учурда аткаминерлер күтүлшөн дефицитке даярданып атышат.
23-августка карата республикада 536 тонна үрөн жыйналган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 47% төмөн. Түшүмдүүлүк 1 гектардан 27ден 14 центнерге чейин түшкөн. Буудай жана арпа жыйноо кыскарган.
БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) өзүнүн жылдык баяндамасында Борбор Азиянын азык-түлүк коопсуздугуна климаттын өзгөрүшү тобокелдик жаратарын белгилеген. Кыргызстан жаратылыш ресурстарына жана айыл чарба экономикасына көз каранды болгондуктан бул тобокелдиктен четте калбайт.
"Кыргызстан татаал, климаты бат өзгөргөн тоолуу аймак. Кургакчылык, сел, жер көчкүдөн көп жабыр тартып келет. Айыл чарбасы буудай, картөшеө жана жашылча өндүрүүгө терс таасир эткен үшүккө, жаан-чачынга сезимтал. Мындайча айтканда, климаттын өзгөрүшү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн коркунучтуу”, - деп айтылат изилдөөдө.
Июнь айында эле экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров эки-үч айда чек ара жабылып кала турган болсо, Кыргызстан тамак-ашсыз каларын айтып чыккан.
“Ишти азыртадан баштоо зарыл. Учактар менен же эшелондоп керектүү азык-түлүктү ташып келүү керек. Эгер биз эки-үч айга кечиксек, чек аралар жабылат”, - деди ал.
Министрлер кабинети буудай, ун, кант, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртканы экспорттоого тыюу салууга аргасыз болду. Ошол эле маалда кант, өсүмдүк майы жана эт импорту кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулду.
“Биз бюджетке 200 миллон сом түшпөй каларын түшүнүп турабыз. Бирок жарандарды тамак-аш менен камсыз кылышыбыз керек. Бул чечим жакшы өзгөрүүлөргө жол ачат”, - деп түшүндүрдү Министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов.
Азык-түлүк корун түзүү үчүн жазында 1 миллион литр өсүмдүк майын жана 3 миң тонна кумшекер алууга бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары Орусиядан 70 миң тонна ун алуу үчүн 1 миллиард сом каралган.
Министрлер кабинети бул аракет республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздап кыштан чыгууга жардам берет деп ишенип турат. Мындан тышкары Казакстандын бийлиги Кыргызстанга 1000 тонна буудайды грант түрүндө бермей болду, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык району 1500 тонна буудайды гуманитардык жардам иретинде бөлдү.