Согуштан кайткан соң майданда алган жараатынан каза болгон атасы Кайнаны эскерип, Бишкектин тургуну Түрк Кайнаев жыл сайын 9-май күнү Жеңиш аянтына келет. Быйыл да неберелерин ээрчитип, атасынын сүрөтүн көтөрүп алган экен. Ардагердин баласы 1945-жылдан бери доор, дүйнөлүк геосаясат жана идеологиялар өзгөргөнү менен бул күн жарандарга тынчтыктын баасын, апааттын залакасын эскертип тураарын айтты:
- "Өчпөс оттун" жакшы жагы - жаштарга согуштун жаман экенин эстетип турат. Ушундай тынчтык болуп атканы кандай жакшы! Мына, быйыл 73 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биринчиден, атамдын арбагы ыраазы болсун, экинчиден, жаштарга үлгү бололу деп дайыма келем.
Жашы токсондон ашып калган согуш катышуучусу Макен Накеев да ушул күндү көрүп жатканына жетине албай турду.
- Убагында бул күндөрдү көрөбүзбү-жокпу, билген эмеспиз. Азыр күбө болуп отурам. Ызаат кылып жаткандарга рахмат. Мен Сталинградда болдум. Шаарды бошотууга катышкам. Согуш болбосун!
Бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков да согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп, Бишкекте өткөн “Өлбөс полк” акциясында эл менен кошо басты. “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң ата, чоң апаларынын, туугандарынын сүрөтүн кармап алып борбор шаардын көчөлөрүндө алты чакырымдай жол жүрүштү. Уюштуруучулардын айтымында, жөө жүрүшкө отуз миңден ашуун адам катышты.
Ал эми Жеңиш аянтында бул күндүн урматына согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына материалдык колдоо жана сый-урмат көрсөтүлдү. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн чакан парады дагы өттү.
Эскерүү митингине катышкан президент Сооронбай Жээнбеков ардагерлерди, кыргызстандыктарды Куралдуу күчтөрдүн колбашчысы катары алгачкы жолу куттуктап жатат. Ал өз сөзүндө “ардагерлердин жолун улантып жаткан, тынчтыкты сактоодо өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө ишенем” деди. Ошондой эле дүйнө жүзүн тооруп турган терроризмге каршы чогуу күрөшүү зарыл экенин белгилеп, бул багытта Кыргызстан эл аралык коомчулук жана Орусия менен кызматташаарын айтты.
- Азыркы убакта бүт дүйнө терроризм деген глобалдык коркунучка туш болду. Буга чогуу гана каршы турууга болот. Биз бул коркунучка каршы эл аралык коомчулук, ошондой эле көптөн берки өнөктөшүбүз Орусия жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму менен бирге күрөшөбүз. Бүгүн армиянын жоокерлери, Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин урпактары бизди кайтарып жатат.
Минтип жеңиштин 73-жазын көрүп жаткан көпчүлүк ардагерлердин жашы токсондон ашып калды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери бар. Алардын пенсиясынын орточо өлчөмү 7 миң сом.
Акыркы беш жыл ичинде 9-май күнү социалдык тармактарда "Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишин Орусия геосаясий максатта пайдаланып жатат" деген пикирлер, Георгий лентасы, “Өлбөс полк” боюнча кызуу талкуулар күчөп келатканы байкалат.
Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым.
Улуу Ата Мекендик согуш - Экинчи дүйнөлүк согуштун (1941–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Анда 160 миңден ашуун кыргызстандык жоокер курман болгон. Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейин берилген маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражаты, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет.