Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Беларус "Өлбөс полк" менен коштошту


Минск, 9-май, 2017-жыл
Минск, 9-май, 2017-жыл

Минск менен Душанбе 9-майда "Өлбөс полк" акциясын уюштуруудан баш тартты.

Беларустун баш калаасынын бийлиги 9-майга карата Минскте "Өлбөс полк" акциясынын өтүшүнө уруксат берген жок. Шаардын жетекчилиги бир убакта бир жерде бир нече акция өткөрүүгө мыйзам жол бербестигин негиз кылган. Бул күнү борбордо "Беларус эстен чыгарбайт" деген акция өтөөрүн кабарлап, ага бардык каалоочулар Улуу Ата Мекендик согушка катышкан тууганынын сүрөтү менен келип, эстеликке гүл коюуга катышууга чакырылган.

Минскте "Өлбөс полк" жүрүшүнүн алмаштырылышын саясий баяндамачы Александр Класковский беларус бийлигинин орус дүйнөсүнүн символикасынан алыстоо аракети катары баалайт.

- Лукашенко өзү Улуу Ата Мекендик согуш темасын ой келди колдонот. Мисалы, Европа менен каршылашып турганда дайыма пропагандалык максатта колдончу. Ички саясатта өзүнүн бийлигин актоо үчүн, ошол эле экономикалык кысталышта патриоттуулук, ата-бабалардын эрдиги, сыймыктануу сыяктуу сезимдер менен элди далай алаксытып келген. Бирок Крым менен Украинадагы окуялардан кийин беларус бийлиги орус дүйнөсүнүн экспансиясынан чочулап калды. Москванын агрессивдүү саясаты да кооптондурбай койгон жок. Азыр беларус бийлиги акырындап орус дүйнөсүнөн, орус символикасынан алыстоого аракеттенүүдө. Ошол эле Георгий лентасын Беларустун желегинин түсүнө алмаштырды. Эми медиа айдыңда Орусиянын маалымат каражаттардын таасирин азайтуу жөнүндө ойлонуп жатышат. Бирок мунун баары этияттык менен жасалууда. Беларус бийлиги бир маалда эки үстөлдө отуруп калууга аракет жасагандай.

Беларустагы орусиялык мекендештердин бирикмесинин жетекчиси Андрей Геращенко шаар бийлиги уруксат бербесе да "Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары Минсктин көчөлөрүнө чыгарын билдирген.

Класковскийдин баамында, бийлик акырындык менен орус символикасынын альтернативалык түрүп ойлоп табууда. Андыктан, "Өлбөс полк" акциясынын Беларуста токтотулушун беларустар эч каршылыксыз кабыл алат.

- Бул акциянын уюштуручулары Кремлдин саясатын колдогон активисттердин кичинекей бир тобу көрүнөт. Беларустар массалык иш-чараларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетектөөсү менен чыгат. Беларуста бийлик вертикалдуу. Жогору жактан көрсөтмө түшсө, эч ким ага каршы чыкпайт. Андан тышкары бийлик орусиялык демилгелердин аналогдорун түзүп жатышпайбы. Орус символикасына тыюу салбастан, аларды альтернативасы менен алмаштырышууда.

Былтыр "Өлбөс полк" эскерүү жүрүшүнө Өзбекстан менен Тажикстанда да уруксат берилген эмес. Өткөн жылы Душанбеде акция техникалык катачылыктардан улам өткөрүлбөгөнү айтылса, быйыл акцияга коопсуздукту сактоо максатында уруксат берилбегени айтылды.

Тажик өкмөттүк "Ховар" маалымат агенттиги "тажик-ооган чек ара аймактарындагы согуштар кошумча акцияларды өткөрүүгө жол бербейт" деген билдирүү таркаткан. Ошондой эле билдирүүдө "ислам салттары боюнча көчөгө каза болгон адамдардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгууга болбойт, бул акция исламга жана мазхаб баалуулуктарына каршы" деп жазылган.

Тажикстандын интернационал аскерлеринин союзунун жетекчиси Шавкат Мирзоев жергиликтүү бийлик акцияга тыюу салбаганын, иш-чараны өткөрбөө сунуш катары айтылганын билдирген.

Журналист Марат Мамадшоев "тажик бийлиги антриорусиялык маанайын ачык көрсөтпөйт, бул өлкөдө массалык иш-чараларды тизгиндөө аракети" дейт.

- Бийлик көпчүлүктүн көчөлөргө чыгышынан эле чочулап жатат. Коопсуздукту камсыздоо керек, көзөмөл салуу керек дегендей. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш, 9-май эл арасында кеңири майрамдалат. Бийлик антиорусиялык маанайын ачык көргөзө албайт, көргөзгүсү келсе, башка жолун тапмак.

Анткен менен былтыр тажик бийлик уруксат бербегенине карабай жүздөгөн адамдар Душанбеде аскерий парад менен расмий салтанат аяктаган соң көчөгө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан болчу. Быйыл да Ардагерлер союзу 9-майда ретро унаалар менен ардагерлердин парадын уюштурушаарын билдирген. Ал эми орус дүйнөсүн таркатуу менен алектенген орусиялык "Россотрудничество" жүрүш өтсө, согуштун ардагерлеринин портреттерин жана транспаранттарды даярдап берээрин кабарлаган.

Тажикстанда 300дөй согуш ардагери калганы айтылат. Былтыр майда 447 ардагерге тажик бийлиги 3 миң сомони (350 доллар) өлчөмүндө жардам көрсөткөн.

Өзбекстанда 9-майды Эскерүү күнү катары белгилешет. Ислам Каримовдун башкаруусунда Улуу Ата мекендик согуш делбестен, расмий Экинчи дүйнөлүк согуш деп айтылып калган. Ошондой эле "Өлбөс полк" жүрүшүн уюштурууга уруксат берилген эмес. Азыр өлкөдө 1 173 согуш ардагери жашайт.

Кыргызстанда, Түркмөнстанда жана Казакстанда "Өлбөс полк" акциясына расмий тыюу салынган эмес. Бирок акыркы эки жылдан бери Түркмөнстанда акция чектелген мүнөздө өткөрүлөт.

"Өлбөс полк" акциясынын идеясы Томсктогу ТВ2 телеканалынын журналисттерине таандык. 2015-жылдан бери акцияны Жалпы орусиялык улуттук фронт уюштуруп келет. Эскерүү жүрүшү Орусиядан тышкары басымдуулугу мурунку Совет өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG