Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Согуш апааты: Балбүбү атасын кантип тапты?


Казакбаев Өмүш, архивдик сүрөт.
Казакбаев Өмүш, архивдик сүрөт.

Бир үйдүн жалгыз уулу Казакбаев Өмүш 1941-жылы согушка аттанганда оорукта карыган энеси, 27 жаштагы жубайы үч кызы менен калган.

Бир жылдан кийин окко учканын кабарлаган "кара кагаз" келген. Бирок, анын сөөгү кайсы согуш талаасында калганын энеси да, жубайы да биле албай көзү өттү.

Балбүбүнүн апасы Казакбаева Бүайша
Балбүбүнүн апасы Казакбаева Бүайша

Энелеринин аманатын Өмүштүн ортончу кызы Балбүбү 78 жылдан кийин, карылыкка жеткенде аткарды. Атасынын изин издеп Орусияга акыркы жылдары эки ирет каттап, акыры тапты.

"Кызыл чырым" уюмунун жардамы менен издөө салган Балбүбү Өмүрова атасы 1942-жылы октябрда Ершовка айылынын жанындагы согуш талаасында өлгөнүн билди. Муну Москва архиви, Волгоград облусунун Городищенский райондук бийлиги тастыктады.

Сталинград салгылашында курман болгондорго коюлган Мамаев курган эстелигинин жанында
Сталинград салгылашында курман болгондорго коюлган Мамаев курган эстелигинин жанында

Балбүбү Өмүрова атасы катышкан уруш талаасын, жоокерлердин сөөгү көмүлгөн Ершовка айылынын жанындагы күмбөздү өз көзү менен көрүп, ата журттун топурагын салып келди.

Сталинград салгылашында курман болгондордун күмбөзү.
Сталинград салгылашында курман болгондордун күмбөзү.

Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган атасын издеп жүрүп, карылыкка жеткенде тапкан Балбүбү Өмүшова Аксы районунда жашайт.

Балбүбү Өмүшованын азыркы учуру
Балбүбү Өмүшованын азыркы учуру

Кесиби мугалим, советтик, партиялык кызматтарда иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. Азыр 82 жашта. Ал атасын кантип тапканын "Азаттыкка" өзү кайрылып, айтып берди.

Балбүбү Өмүшованын баянын бул жерден уга аласыз:

Согуш апааты: Балбүбү атасын кантип тапты?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:23 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG