2016-жылдын март айынан бери камакта жаткан “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков 7-март күнү кечинде абактан бошотулду.
Ал жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.
Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова мындай нормага Талгарбековдун иши туура келгенинин “Азаттык” радиосуна билдирди:
- Бекболот Талгарбековду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө чыгаруу боюнча соттун чечими чыккан. Анын негизинде ал 7-мартта түнкү саат 10дордо абактан бошотулду. Буга чейин жаңы кодекстерге ылайык, иши кайра каралып, бир берене боюнча жаза мөөнөтү кыскартылган. Эми калган бөлүгүн шарттуу түрдө өтөшү керек болот.
Мындан соң эркиндикке чыккан Бекболот Талгарбеков “Азаттыктын” студиясына келип, маек курду.
Талгарбековдун айтымында, өзүнө тагылган мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айыпты Жогорку сот жокко чыгаргандан кийин эркиндикке чыгарууга мүмкүнчүлүк ачылган:
- “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрү Марат Султанов, Төрөбай Колубаев жана мен Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүбүздү өтөп жатканбыз. Мурдагы бийлик учурунда Жогорку сотко кайрылган эмеспиз. Себеби, ишеним жок болчу. Ошондуктан, быйыл кайрылганбыз. Жогорку сот мага тагылган эң негизги оор айып Кылмыш кодексиндеги 295-беренени (бийликти күч менен басып алуу) алып салышты. Бирок 299-беренени ( аймак аралык кастыкты козутуу) калтырышты. Бул УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин мени абакка камоо боюнча кошумча варианты болчу. Ал айып калды. Бирок бул жерден сот негизги айыпты алуу менен кайсы бир мааниде эрдик көрсөттү деп айтсак болот. Бирок экинчи берене боюнча деле күнөө жок болгонуна карабай толук актай алган жок. Бул компромистик чечим болду окшойт.
Бекболот Талгарбеков эркиндикке чыгууга “саясий туткундарды” бошотуу боюнча коомдук пикирдин жана президент Сооронбай Жээнбековдун сот бийлигине талабынын мааниси чоң болду дейт эсептейт.
Бирок аны эркиндикке чыгаруу боюнча бийлик кайндайдыр бир шарт койбогонун кошумчалады.
Эми Талгарбеков шарттуу камактын талаптарын аткарган соң быйылкы жылдын ноябрь айында толугу менен абактан бошотулат.
Мурдагы министр жазадан толугу менен бошотулган соң укуктук негизде өзүн актоо боюнча аракет көрө турганын билдирүүдө.
Анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сотко кайрылууну ойлонуп жатат:
- Атамбаев ошол учурда да, жакында да айтты, булар ФСБнын генералдарын колдонуп, төңкөрүш жасаганы жатат деп. Бул карандай калп. Бул боюнча мен далилдеп берсин деп сөзсүз сотко кайрылам. Бул өзүнүн оюнан чыгарылган нерсе, - деди Талгарбеков.
Бекболот Талгарбеков баштаган “Элдик парламент” деп аталган кыймылдын мүчөлөрү 2016-жылдын май айында камакка алышкан. Аларга карата уюшуп алып, мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн деген айып тагылган.
2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан, Александр Гусевге алты, Тойгонбек Калматовго беш жыл шарттуу түрдө, Марат Султановго 10 жыл жаза мөөнөтүн берген. 2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаардык соту ушул эле чечимди күчүндө калтырган.
Ал эми быйыл 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун абактагы мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган.
Учурда “Элдик парламенттин” мүчөлөрүнөн Төрөбай Колубаев гана абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Аны менен кошо айыпталган Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Марат Султанов эки апта мурда шарттуу түрдө абактан бошотулганы белгилүү болду.
Акыркы күндөрү мурдагы бийлик учурунда абакка кесилген бир катар саясатчылар мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгууда.
Атап айтсак, бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолгон саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров да 12-февралда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.
Ошол эле кезде саясий негизде кесилген деген Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдун иши азырынча арабөк абалда. Бул эки саясатчынын иши күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык апрель айында кайра карала турганы белгилүү болду.
Байкоочулар мындай кырдаалды учурдагы жетекчилердин мурдагы бийликтин осол иштери үчүн жоопкерчиликти албоо аракети менен түшүндүрүүдө.
Ошол эле кезде буга чейинки талаштуу чечимдердин фонунда саясий упай топтоо аракети менен түшүндүргөндөр бар.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “саясий туткун” катары сыпатталып жүргөн адамдардын абактан бошотулу саясий абалга таасирин тийгизерин айтууда:
- Негизинен акыркы чечимдер саясий абалга таасирин тийгизет. Бул коомдогу ички чыңалууну басаңдатат. Кызып турган, кызыл чеке болуп турган абалды жумшартат. Бирок соттор айрым гана маселелер боюнча адилет чечим кабыл албай, жалпы сот реформасы болушу принципиалдуу маселе.
Ал ортодо Кыргызстандагы айрым коомдук уюмдар буга чейин абактан чыккан адамдарды актоо же реабилитациялоо талаптарын көтөрө баштады.
64 жаштагы Бекболот Талгарбеков 2005-жылдагы март ыңкылабына чейин өлкөдөгү эң жогорку кызматтарды ээлеген. Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин жакын шакирти катары таанылган Талгарбеков айыл чарба министри, вице-премьер-министр, Жалал-Абад облусунун губернатору катары эмгектенген.