Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:50

Чувашияда 198 бала мектеп ашканасында ууланды


Орусиядагы тез жардам кызматынын унаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы тез жардам кызматынын унаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын субъектиси - Чувашия Республикасында 205 адам, анын ичинде жети киши жана 198 бала мектеп ашканасынан тамак жеген соң ууланды. Бул тууралуу жумурияттын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, балдардын алтоо ооруканада, калганы үйлөрүндө дарыланууда.

Уулануу республиканын түндүк тарабындагы Новочебоксарск шаарында 14-ноябрда катталган. Жабырлануучулардын ичегисинен норовирустик инфекция табылган.

“Азаттыктын” орус кызматы жергиликтүү cheb.ru деп аталган басылмага таянып билдиргендей, уулануудан соң мектептерден мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү жашыруун чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.

Республиканын прокуратурасы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Анын жазасы эки жылга чейин камакка алуу. Шектүүлөр тууралуу айтыла элек. Тергөө иштери уланууда.

2024-жылдын башындагы эсепке ылайык, Чувашия Республикасында 1,1 миллиондон ашык калк бар. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG