Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:29

Абактагы саясатчылар жана акыйкатчынын ролу


Акыйкатчы Токон Мамытов жана Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлү Зульфия Марат.
Акыйкатчы Токон Мамытов жана Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлү Зульфия Марат.

Жаңы шайланган акыйкатчы Токон Мамытов Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлү менен жолугуп, мыйзамдар бузулган учурлар боюнча чогуу иштешүү ниетин билдирди.

Саясий туткундарды коргоо комитети Акыйкатчы институтун "кылмыш иши козголгон саясатчылардын соттук териштирүүлөрүндө өз милдетин аткара алган жок" деп сындап келген.

Коомчулук парламент тандаган жаңы акыйкатчынын камакта отурган саясатчылар боюнча пикирине, кадамдарына кызыгып турат.

2-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлү Зульфия Марат менен жолукту.

Укук коргоочу жолугушууда Мамытовду мурдагы акыйкатчылар кетирген каталарды кайталабастан, акыйкатчыга берилген ыйгарым укуктарын толук пайдаланууга чакырды.

Зульфия Марат айрыкча саясатчыларга козголгон кылмыш иштериндеги териштирүүдө акыйкатчынын ролу маанилүү болорун белгилеп, акыркы жылдары бул институт өз милдетин аткара албай калганын айтканын билдирди:

- Акыйкатчы өзү мыйзамдагы укуктарын пайдаланып, жабык өтүп жаткан соттук териштирүүлөргө кириши керек. Бул негизги маселе болуп саналат. Ошондой эле мен кылмыш иштеринде жасалма далилдерди келтирип, саясий негиз менен соттогонго тиешелүү бардык органдардын жоопкерчилигин кароо боюнча сурандым.

Зульфия Марат саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматов боюнча маселе көтөрүп, алардын учурда камакта жатканына атайын кызматтарды айыптады. “УКМКнын мурдагы жетекчиси жана мурдагы башкы прокурор коомчулукту гана эмес, мамлекет жетекчилерин да адаштырган”, - деди Марат.

Акыйкатчынын басма сөз катчысы тараткан маалыматта Токон Мамытов мындан кийин аты аталган жана башка камакта отурган саясатчылар боюнча акыйкатчынын калыс пикири айтылып, Саясий туткундарды коргоо комитетинин сунуштарын эске алып, мыйзам чегинде иш алып барууга убада бергени белгиленген.

Токон Мамытов азырынча ушул гана маалымат менен чектелип турарын "Азаттыкка" билдирди:

- Мен азыр эч нерсе деп жооп бере албайм. Мен алар менен сүйлөштүм, айта турган да, айтпай турган да пикир алмашуу болду. Азыр сүйлөшүүлөр бүтмөйүнчө маалымат бербейли деп сүйлөштүк. Жумуш жаңы башталды. Анан мен чыга калып айтсам болбойт. Ошол тараткан маалымат менен чектелип туралы.

Анткен менен кыйла укук коргоочулар жаңы акыйкатчы камактагы саясатчылардын укуктарын коргоо жаатында чечкиндүү аракет көрбөйт деген ишенимде.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү Адил Турдукулов мындай деди:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

- Мен "Зульфия Марат менен жолукту" дегенди окудум. Ал жерде деле жарым-жартылай, "бардыгы мыйзам чегинде болушу керек" дептир. Акыйкатчы адам укуктары боюнча негизги орган болгондуктан кыйыр сөздөрдү айтпай, баса белгилеп, "саясий туткун" деп эле айтыш керек болчу. Анын саясий туткундарга карата кадамдарын алдын-ала айтуу кыйын. Бирок анын саясаттагы тажрыйбасына карап көрсөк, ачык аренада жигердүү саясатчы болгон эмес.

Буга чейин жарандык коом өкүлдөрү, укук коргоочулар жана бир катар саясатчылар мурдагы бийликтин тушунда соттолгон саясатчыларды, депутаттарды боштондукка чыгаруу, алардын кылмыш иштеринин кайра тергелиши боюнча президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылып келишкен.

Саясат талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, азыркы бийлик "саясий куугунтукту токтотуп, сөз эркиндигин сактайт" деген аброюн көтөрүш үчүн жаңы шайланган акыйкатчы Токон Мамытовду колдонот. Андыктан "саясий өңүтү бар" деп камалган айрым саясатчылар абактан чыгышы да мүмкүн.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

​- Өзбек президенти Шафкат Мирзиёев мурдагы бийликтен запкы жегендерди бошотуп жатпайбы. Ошондой тренд менен бул бийлик эки-үч саясатчыны чыгарат. Ага акыйкатчы себепчи болушу керек. Чыга турган адамдар бийлик менен соодалашкан, болгону акыйкатчы массалык маалымат каражаттарына көбүрөөк чыгып, бошотууга таасир калтырат. Баарын чыгарбайт, эки-үчөөнү чыгарышы мүмкүн, - деди серепчи.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин маалыматына ылайык, бир катар күчтөр "саясий негизде куугунтукталган" деп эсептеген адамдардын саны 30дан ашык.

Көпчүлүгү “бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгон, ал эми айрымдары ири коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталышкан.

Алардын арасында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да бар. Алардын жактоочулары Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылышкан.

Токон Мамытовду акыйкатчы кылып Жогорку Кеңеш өткөн аптада шайлаган. Буга чейинки акыйкатчы Кубат Оторбаев "саясий негизде камалды" деп сөз болгон Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаков өңдүү саясатчылардын соттолушун адилетсиздик катары баалап, алардын акталышын жактаган билдирүү менен чыккан. Бирок бийликтен акыйкатчыга бул боюнча жооп болгон эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG