Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

Президент Жапаров шайлоо таза өтөрүн айтып, элди добуш берүүгө чакырды


Садыр Жапаров. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги 1046 шайлоо участогунда добуш берип, журналисттерге шайлоо жөнүндө комментарий берди. Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган видеодо Жапаров шайлоо системасын автоматташтыруунун аркасында мындан ары добуш берүү таза өтөрүн билдирди.

“Мындан ары шайлоодо “менин добушумду уурдап алды, жасалма болуп калды” деген таптакыр болбойт. Анткени адам катышпайт. Мисалы, азыр бюллетенди алып барып шайладыбы, үкөк өзү санап коет. Кайсы партияныкы экенин санап турат. Кечинде саат сегизде автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшөт”.

Жапаров Кыргызстандагы шайлоо системасы дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдөн алдыда экенин кошумчалады. Ал бүгүнкү билдирүүсүндө дагы жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG