Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: “Социал-демократтар” бюллетенден чийилди


Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу протокол. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу протокол. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо Социал-демократтар партиясы бюллетендерден чийилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” ырастады.

“Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоодон четтетилген. Кечээ бюллетенден чийип салуу чечими кабыл алынган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылган жок. Ошондуктан ошол чечим күчүндө”, - деди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-ноябрдагы жыйында Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтеткен чечим боюнча маалымат уккан. Жыйында Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө 30дай адам суралган, Социал-демократтар партиясынын 69 үгүтчүсүнүн тизмеси текшерилгенде, алардын 25инин расмий келишими болгону аныкталган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова социалдык медиада тараган видео добуш сатып алууга далил боло албай турганын белгилеген.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 14-ноябрдагы жыйынында аталган партиянын каттоосун жокко чыгарган чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.

Бул иш боюнча партиянын лидери Темирлан Султанбеков, Бишкек шаарындагы штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер кармалган. 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алууга чечим чыгарды.

Сөз болгон партия Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Борбордук шайлоо комиссиясына 17-ноябрда даттана турганын билдирген.

Кыргызстанда азыр шаардык жана айылдык кеңештерде шайлоо өтүп жатат. Эртең менен 8де ачылган добушканалар кечки саат 8ге чейин иштейт. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG